Мигранттарга ыкчам жардам: Россия Федерациясына кирүү маселелери боюнча ыкчам байланыш

Новости
04-Июль 2025-ж.
116

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча, ошондой эле 2025-жылдын 30-июнунан тартып Россия Федерациясынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүдө кыйынчылыктар пайда болгон учурда өз убагында маалыматтык жана уюштуруучулук колдоону камсыз кылуу максатында бирдиктүү адистештирилген Ыкчам линиясы иштейт.

Ыкчам линия кайрылууларды каттап, аталган күндөн тартып Россия Федерациясынын аймагында күчүнө кирген чараларга байланыштуу жарандарыбыз туш болушу мүмкүн болгон кыйынчылыктарга ыкчам жооп берүүгө арналган. 

Россия Федерациясынын мамлекеттик чек арасынан өтүү жол-жоболорун модернизациялоого жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган пилоттук долбоорду ишке ашыруунун алкагында чет өлкөлүк жарандар үчүн жаңылык киргизилди. Белгиленген тартипке ылайык, Россия Федерациясынын аймагына кирүүнү пландаштырган чет өлкөлүк жарандар "Госуслуги RuID" мобилдик тиркемеси аркылуу катталып, чек арадан өтүү болжолдонгон күнгө чейин 72 сааттан кечиктирбестен электрондук арыз толтурууга милдеттүү.

Россия Федерациясы жогоруда көрсөтүлгөн экспериментке катышуу толугу менен ыктыярдуу негизде жүргүзүлөрүн жана Россия Федерациясынын аймагына кирүүдөн баш тартууга негиз катары каралбасын расмий түрдө тастыктады. Буга байланыштуу, чек арадан өтүүдөгү ар кандай баш тартуу учурлары, ошондой эле келип чыккан кыйынчылыктар тууралуу атайын ишеним телефону аркылуу токтоосуз кабарлоону өтүнөбүз. Мындай окуяларды өз убагында каттоого жана тиешелүү чараларды ыкчам көрүүгө мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия Федерациясына сапарларды пландаштырууда кирүү тартибине тиешелүү актуалдуу талаптарды кылдаттык менен көзөмөлдөөгө жана "Госуслуги RuID" мобилдик тиркемесинде алдын ала каттоодон өтүүгө чакырабыз.

RuID тиркемеси төмөнкү платформалардан жүктөп алууга болот: 

App Store: https://apps.apple.com/kg/app/ruid/id6745255593 

Google Play: https://play.google.com/store/apps/details?id=ru.gosuslugi.migrant

Россия Федерациясына кирүүнүн жаңы эрежелери тууралуу маалымат ролигин төмөнкү шилтемеден окууга болот:

https://www.youtube.com/watch?v=eNCLxlFKyhM 

Чек арадан өтүүдө кыйынчылыктар жаралса, төмөнкү байланыштарга токтоосуз кайрылууңузду суранабыз: 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору:

Ишеним телефондору (Кыргызстан): 0224550332, 0227550332

Ыкчам байланыш: 1899 

Сайт: https://migrant.kg 


Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү (Москва шаары):

Ишеним телефондору: +7 925 030 26 27

Ыкчам байланыш: +7 996 968 98 971899 

Электрондук почта: pred.mtsom@mail.ru 


Чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын жарандарына консультациялык колдоо борбору анын ичинде Россия Федерациясына кирүүгө тыюу салуу, укук коргоо органдары тарабынан кармоо жана башка консулдук-укуктук маселелер сыяктуу чукул кырдаалдарда онлайн-консультацияларды көрсөтөт.

Консультацияларды +996 999 312 002 (WhatsApp/Telegram) номуру аркылуу алууга болот.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта жарандарга Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелерине же ыкчам байланыш номерине түздөн-түз онлайн-суроо-талаптарды жөнөтүүгө мүмкүндүк берген «Электрондук консул» порталы (e-consul.gov.kg.) иштеп жатат.

Онлайн кайрылуу