Укуктук ченемдик актыны иштеп чыгуу жөнүндө кабарлама

Новости
30-Апрель 2025-ж.
239

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзамдолбоор) иштеп чыгуу башталгандыгы жөнүндө жана кызыкдар тараптардан сунуштарды чогултуу жана аларды талкулоо жөнүндө кабарлайт


       1. Чечилишине сунушталган жөнгө салуу багытталган проблемалардын сыпаттамасы: 

1) Укук колдонуу практикасы көрсөткөндөй, «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын (мындан ары - Мыйзам) бузуулар көбүнчө чарбакер субъекттер тарабынан да, мамлекеттик органдар тарабынан да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан да Мыйзамдын нормаларынын талаптарын билбегендиктен келип чыгат, бул туура эмес аракеттерди жана чечимдерди кабыл алууга алып келет.

Ушуга байланыштуу, мамлекеттик органдар тарабынан өз компетенциясынын чегинде атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча чараларды кабыл алуу приоритеттүү багыттардын бири болууга тийиш, анткени таза атаандаштык экономиканын түрдүү тармактарында маанилүү роль ойнойт. Мындан тышкары, бизнес да атаандаштыкты өнүктүрүүгө кызыкдар болушу керек, анткени атаандаштык инновациялык өнүгүүгө жана өндүрүштүн наркын төмөндөтүүгө өбөлгө түзөт.

Мыйзамга ылайык, атаандаштык чөйрөнүн абалына баа берүүнүн натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк  абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестри түзүлөт жана жүргүзүлөт.

Бирок иш жүзүндө монополияга каршы орган Реестрде өзүнүн бар же жок экендигин рынокто анын үстөмдүк абалын таануунун же четке кагуунун чечүүчү фактору катары кабыл алган чарбакер субъекттердин пикирине дуушар болгон, бул бузууларды четтетүү жана ак ниет атаандаштык үчүн шарттарды түзүү боюнча чараларды өз убагында көрүүнү кыйындатат.  

Кыргыз Республикасынын товардык рыногундагы атаандаштыктын абалын талдоонун натыйжалары менен макул болбогон, чарбакер субъекттин (жактардын тобунун) үстөмдүк абалынын эсебин талашкан, анын монополиялык абалын, рыноктук күчүн аныктоо, ошондой эле рынокто үстөмдүк кылуучу чарбакер субъекттерге кошуу менен макул болбогон чарбакер субъекттер, көп учурда ошол чарба субъекти аталган реестрде болгон эмес, демек айып пул салынган ошол мезгилде үстөмдүк кылган эмес деген бир эле себеп боюнча сот органдарында улантылган узак мөөнөттүү монополияга каршы териштирүүлөргө алып келет.

Бирок, чарба жүргүзүүчү субъект  көрсөтүлгөн мезгилде  үстөмдүк кылуучу субъект катары рыноктун үлүшүнө жетишсе, аны үстөмдүк абалды ээлеген субъект катары таануу үчүн Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк   абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизүү, зарыл шарт болуп эсептелбейт.

Ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъекттин үстөмдүк абалы арыздарды, материалдарды, монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө иштерди кароодо жана экономикалык концентрацияга мамлекеттик контролду жүзөгө ашырууда белгилениши мүмкүн.


2. Сунушталган жөнгө салуунун максатын жана проблеманы чечүүнүн ыкмасын сыпаттоо

Сунушталган ченемдик укуктук актыны кабыл алуу аркылуу мамлекеттик жөнгө салуунун максаты: 

 - монополияга каршы мыйзамдарды сактоого жана бузуулардын алдын алууга багытталган укуктук жана уюштуруу чаралардын жыйындысын камтыган, маңызы боюнча атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүүнүн куралы болуп саналган монополияга каршы комплаенсти киргизүү зарылчылыгы. Демек, бул атаандаштык эрежелеринин сакталышы үчүн жооп бере турган ишкердик субъекттер үчүн гана эмес, ошондой эле мамлекеттик органдар үчүн да абдан маанилүү, ошону менен монополияга каршы мыйзамдарды бузуу тобокелдигин азайтат;

  • Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк   абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрин түзүүнү жокко чыгаруу. Ал эми чарба жүргүзүүчү субъекттин товар рыногунда үстөмдүк абалын белгилөө убакыт аралыгында жана белгилүү товар рынокто монополисттик иштин белгилери боюнча товар рыногундагы атаандаштыктын абалына талдоо жүргүзүүнүн негизинде   ишке ашырылат.


3. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлүүчү пайдасын жана артыкчылыктарын баалоо (мүмкүн болгон учурда тийиштүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү): 

Монополияга каршы комплаенсти киргизүү чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн гана эмес, мамлекет үчүн да пайдалуу, анткени ал төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

- чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин алдын алууга; 

- өзүнүн ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу монополияга каршы мыйзамдарды бузуу тобокелдиктерин, анын ичинде атаандаштыкка каршы аракеттерин азайтат;

- чарба жүргүзүүчү субъекттер өздөрүнүн тармактарын өз алдынча жөнгө салууну ишке ашырууга жана корпоративдик этиканы өнүктүрүүгө;

 - монополияга каршы органдын жүгүн азайтат.

Чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан монополияга каршы комплаенсти уюштурууга төмөнкүлөр шыктандырат: 

-монополияга каршы мыйзамдарды бузуу тобокелдиктерин жана анын натыйжасында чарба жүргүзүүчү субъект үчүн терс кесепеттерге алып келүү тобокелдиги (айыппулдарды өндүрүү, жоопкерчиликке тартуу ж.б.) азаят;

-чарба жүргүзүүчү субъекттин монополияга каршы мыйзамдарга ылайык жол берилбеген макулдашууларды түзүү же макулдашылган аракеттерди жасоо жөнүндө монополияга каршы органга ыктыярдуу билдирсе, чарба жүргүзүүчү субъектти жоопкерчиликтен бошотууга же Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жүгүртүүдөн эң аз айып салууга негиз болот.

Чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан монополияга каршы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотуунун жана жеңилдетүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен белгиленет.


4. Мүмкүн болуучу жагымсыз кесепеттерди баалоо 

Терс таасирлер болбошу керек.


5. Сунушталган жөнгө салуунун ишкердик субъекттерин - адресаттарын мүнөздөө жана санын баалоо:

Сунушталган жөнгө салуу рыногунда үстөмдүк кылышы мүмкүн болгон ири бизнеске таасирин тийгизет.


6. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо:

Монополияга каршы комплаенсти киргизүү юридикалык жактардын бюджетинен кошумча чыгымдарды талап кылбайт, көрсөтүлгөн функциялар юридикалык жактын маркетинг кызматынын адистерине тапшырылышы мүмкүн. Мында монополияга каршы мыйзамдардын талаптарын сактоо боюнча бардык зарыл жана мүмкүн болгон чараларды көрүү чарбакер субъекттин мүмкүн болгон күнөөсү жоктугун билдирет.

Монополияга каршы мыйзамдар чөйрөсүндө болгон юристтердин квалификациясын жогорулатууга байланышкан чыгымдар, бул өз кезегинде чарба субъектине монополияга каршы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн айыптарды алуу тобокелдиктерин азайтуу менен пайда алып келет.


7. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан республикалык/жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо:

Мыйзам долбоорунун ченемдерин ишке ашыруу бюджеттен кошумча чыгымдарды алып келбейт.


            Кабарлоо маалыматын талкуулоо үчүн байланыштар жана мөөнөттөрү:

1. Сунуштарды кабыл алуу:


электрондук почта аркылуу

mursabekova@mineconom.gov.kg

почта дареги

Бишкек ш., Абдумомунов көч, 207

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү

25.05.2025-ж. кечиктирбестен 

3. Сунуштардын жана жооптордун реестрин иштеп чыгуучу органдын расмий сайтына жайгаштыруунун мөөнөтү

01.06.2025-ж. кечиктирбестен


Онлайн кайрылуу