Ат-Башы районунун тажрыйбасы: коомчулук менен бийликтин өз ара аракетинде, “кабинеттен тышкаркы,, түзүлгөн өнүгүү программасы

Новости
27-Март 2025-ж.
455

27-мартта Бишкек шаарында өткөн басма сөз сессиясы Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата аймактарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасынын (№134, 2025-жылдын 18-марты) мазмуну жана анын ишке ашыруу тажрыйбасы коомчулукка сунушталды.


Программа расмий кабыл алынардан мурда, анын негизги принциптери бир катар райондордо пилоттук негизде сыноодон өткөн. Алардын ичинде Нарын облусунун Ат-Башы району өзгөчө ийгилиги менен айырмаланды. Бул райондо мамлекеттик программанын негизги максаттары жергиликтүү деңгээлдеги социалдык-экономикалык өнүгүү программасы (СЭӨП) аркылуу турмушка ашырылды.


КР Экономика жана коммерция министрлигинин региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын жетекчиси Искандарбек Маматов сессияда сүйлөп жатып, СЭӨП — бул мамлекеттик деңгээлдеги стратегиялык максаттарды аймактын реалдуулугу менен айкалыштыра алган негизги механизм экенин баса белгиледи. 


Мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн райондор, шаарлар жана айыл аймактар Экономика жана коммерция министрлиги бекиткен Усулдук колдонмого таянып, өзүнүн өнүгүү программаларын иштеп чыгышы керек. Мурда кабыл алынган программалар заманбап талаптарга ылайык жаңыланууда, ал эми жок аймактарда программалар жаңыдан түзүлөт. Натыйжада 2030-жылга чейин бардык аймактар бирдиктүү, максаттуу өнүгүү программалары менен иш алып барышат. Мындан ары тармактык жана ведомстволук программалар менен пландар да жергиликтүү деңгээлдеги документтер менен өз ара байланышта болот — бул өңүт дагы бир маанилүү өнүгүү фактору катары каралууда.


Ат-Башы районунун акими Эмилбек Абдыкадыров өз сөзүндө райондун СЭӨП кандайча түзүлгөнүн айтып берип жатып, анын ишкерлер жана эл менен кеңешүүгө негизделгенин баса белгиледи. Анын айтымында, 2021-жылы жумушчу топ түзүлүп, 2022-жылы Координациялык кеңеш калыптанган. Кеңешке жарандык коом, дыйкандар, ишкерлер, фермерлер кеңири тартылып, иш алынып барылган. Ар бир мекеме, ар бир айыл өкмөтү өз тармагына жооптуу болуп, беш жылдык өнүгүү багыттарын аныктаган.


“Биз жалпы эмес, конкреттүү программалар менен иш алып бардык. 25 адамдан турган Координациялык кеңеш 6 жолу чогулуп, талкуу өткөрдү. Фокус-топтордо 50гө жакын адамдын, анын ичинде 30дай аялдын пикирлери угулду. Коомдук угуу да өткөрүлдү. Бул программа — кабинетте эмес, коомчулук менен түзүлгөн документ”, — деди Абдыкадыров.


Ошондой эле, ал программаны ишке ашыруу башталгандан бери район “Органикалык аймак” макамын алып, кластердик принцип менен өнүгүп жататканын билдирди. Аймактагы туризм тармагында “Кел-Суу кышы”, “Кыргыз Даамы”, “Кыргыз Көчү”, “Кыргыз шырдагы” фестивалдары өтүп, туристтик потенциал жанданды. Ал эми 2024–2026-жылдарга карата кабыл алынган атайын иш-план туризм инфраструктурасын, кадрларды, экологияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга багытталган.


“Бүгүн биз иштеп чыккан модель — бир гана Ат-Башыга тиешелүү эмес. Эгер ар бир регион социалдык-экономикалык программасын иштеп чыгууда өзүнүн ички ресурстарына, географиялык жайгашуусуна, өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө карап, ишкерлердин жана коомчулуктун сунуштарын угуп, талкуулап, приоритеттик багыттарды аныктап чыгуулары зарыл”, — деп жыйынтыктады Абдыкадыров.


Белгилеп кетсек, жаңы ыкмалар менен иштелип чыккан жергиликтүү (райондук жана муниципалдык) СЭОПтөр — Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата региондорду комплекстүү өнүктүрүүнүн Мамлекеттик программасы түзүп жаткан пландоо жана божомолдоо системасынын калкка эң жакын, эң негизги «фундаменти».


Мамлекеттик программа менен шилтеме аркылуу таанышса болот: https://www.gov.kg/ru/npa/s/4628 



Онлайн кайрылуу