Нормативдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө

Новости
26-Февраль 2025-ж.
741

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Индустриалдык парктар жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары – долбоор) иштеп чыгууну баштаганын жана кызыкдар гтараптардан сунуштарды чогултуу жүрүп жатканын маалымдайт.

Мамлекеттик жөнгө салуунун максаты

Индустриалдык паркты түзүү боюнча чечим кабыл алуунун негизги максаты – инвестицияларды тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, өндүрүштүк жана инновациялык кластерлерди өнүктүрүү, жергиликтүү ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана бизнес жүргүзүү үчүн инфраструктуралык шарттарды жакшыртуу аркылуу аймактардын экономикалык өсүшүн стимулдаштыруу. Бул экологиялык жана социалдык факторлорду эске алуу менен бирге туруктуу жана диверсификацияланган экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзөт.


Мындан тышкары, бул долбоор Кыргыз Республикасынын «Технологиялык парктар жөнүндө» мыйзамынын 27- жана 28-беренелерин ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.

1. Көйгөй жана аны чечүүгө багытталган жөнгө салуу сунушу

Индустриалдык парктарды түзүүгө багытталган жөнгө салуу сунушу экономикалык өнүгүүнү, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жана өнөр жайдын туруктуулугун чектеген бир нече негизги маселелерди чечет.


Жайгашкан жерлерде бизнес үчүн заманбап инфраструктуранын жетишсиздиги

Көйгөй: Өлкөнүн бир катар аймактарында өндүрүш ишканаларынын натыйжалуу иштеши үчүн зарыл болгон сапаттуу инфраструктуранын жетишсиздиги байкалууда. Буга жолдор, энергетикалык тармактар, суу, канализация, ошондой эле логистикалык инфраструктура (транспорт түйүндөрү, кампалар ж.б.) кирет. Мындай негизги шарттардын жоктугунан бизнес натыйжалуу өнүгө албайт, өз учурунда бул өндүрүмдүүлүктүн өсүшүн жана инвестицияларды тартууну чектейт.

Чечим: Индустриалдык парктарды түзүү ишканаларды заманбап инфраструктура менен камсыздап, алардын ийгиликтүү иштешине жана өнүгүүсүнө көмөк көргөзөт.

Бизнес үчүн чоң операциондук жана административдик чыгымдар

Көйгөй: Көптөгөн ишканалар инфратүзүмдөргө, тейлөө кызматтарына жана административдик процесстерге (лицензия алуу, уруксаттарды макулдашуу ж.б.) байланыштуу чоң чыгымдарга туш болууда.

Чечим: Бизнести натыйжалуу жана жеткиликтүү кылуу үчүн индустриалдык парктарда бирдиктүү инфраструктураны жана жөнөкөйлөтүлгөн административдик жол-жоболорду киргизүү сунушталат, бул ижара акысын, эксплуатациялык чыгымдарды азайтууга жардам берет, ошондой эле уруксат берүү процессин тездетет.

Жумуш орундарынын жана квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги

Көйгөй: Көптөгөн аймактарда жумушсуздуктун деңгээли жогору, өзгөчө жаштар арасында жана жогорку квалификацияга ээ эмес жарандардын арасында.

Чечим: Индустриалдык парктарды түзүү ишканалардын өзүндө да, чектеш секторлордо да (логистика, кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү) жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт. Андан тышкары, индустриалдык парктар жумушсуздукту азайтууга жана жумушчу күчүнүн квалификациясын жогорулатууга жардам берген кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо программаларын сунуштай алышат.

Инвестициялардын жетишсиздиги жана ишкердик активдүүлүктүн төмөндүгү

Көйгөй: Көптөгөн аймактарда инвестициялардын деңгээли, анын ичинде чет элдик капиталдын агымы төмөн бойдон калууда. Көптөгөн ишкерлер бизнести баштоонун кымбаттыгынан коркушат же керектүү ресурстарга жана инфратүзүмдөргө жете алышпайт.

Чечим: Индустриалдык парктар ишкерлерге даяр инфраструктураны, салыктык жеңилдиктерди жана каржылык стимулдарды берүү менен инвестиция тартуунун күчтүү куралы болушу мүмкүн.

Экологиялык тобокелдиктер жана туруктуу өндүрүш практикаларынын жетишсиздиги

Көйгөй: Өнөр жай өндүрүшү айлана-чөйрөнүн булганышына алып келиши мүмкүн (таштандылар, суу объектилеринин, абанын булганышы), бул экосистемага жана калктын ден-соолугуна терс таасирин тийгизет.

Чечим: Заманбап индустриалдык парктар экологиялык стандарттарды жана туруктуу өнүгүү принциптерин эске алуу менен иштелип чыгат. Ошондуктан, таза технологияларды, таштандыларды кайра иштетүү тутумдарын жана кайра жаралуучу энергияны колдонуу айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтат.

Технологиялык инновациялардын жетишсиздиги жана өндүрүштү модернизациялоо көйгөйү

Көйгөй: Экономиканын бир катар тармактарында инновациялардын жетишсиздиги жана өндүрүштүк кубаттуулуктардын эскиргендиги байкалууда, бул ишканалардын эл аралык рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн төмөндөтөт.

Чечим: Индустриалдык парктар жаңы технологияларды, инновациялык чечимдерди жана өндүрүштү модернизациялоону жайылтып, алардын натыйжалуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.


2. Сунушталган жөнгө салуунун максаты жана көйгөйлөрдү чечүү жолдору

Сунушталган жөнгө салуунун максаты - экономиканы өнүктүрүүгө, инфраструктураны жакшыртууга, жумуш орундарын түзүүгө жана инвестицияларды тартууга көмөктөшүүчү индустриалдык парктарды түзүү.

Чечүү жолдору:

  • Бизнес үчүн инфраструктураны түзүү (энергетикалык тутумдар, жолдор, суу менен камсыздоо, канализация ж.б.);
  • Инвесторлор үчүн салыктык жеңилдиктер жана субсидиялар;
  • Кадрларды даярдоо жана жумуш орундарын түзүү;
  • Инновацияларды киргизүү жана өндүрүштү модернизациялоо;
  • Экологиялык коопсуздукту камсыздоо үчүн таза технологияларды колдонуу;
  • Кластерлерди өнүктүрүү жана аймактык экономикалык диверсификация.


3. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлгөн артыкчылыктары жана аларды баалоо

Индустриалдык парктарды түзүү боюнча сунушталган жөнгө салуу экономикалык, социалдык жана экологиялык олуттуу пайдалары бар. Ал экономиканын өсүшүнө, жумуш орундарын түзүүгө, инвестицияларды тартууга, өндүрүштү модернизациялоого жана жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

4. Мүмкүн болгон терс таасирлерди баалоо

Көптөгөн оң таасирлерге карабастан, тобокелчиликтер болушу мүмкүн:

  • Монополизациялаштыруу тобокелчилиги
  • экологиялык көйгөйлөр
  • инфраструктуралык тыгындар
  • тышкы факторлордон көз карандылык.

Аларды минималдаштыруу үчүн так экологиялык стандарттард жана атаандаштыкты контролдоо механизмдерин иштеп чыгуу, ошондой эле чакан жана орто бизнести колдоо керек.

5. Сунушталган жөнгө салуунун адресаттарынын — ишкердик субъекттеринин санына мүнөздөмө жана баа берүү

Сунушталган жөнгө салуу ишкерлердин кеңири чөйрөсүнөчакан жана орто бизнеске, ири компанияларга, стартаптарга, логистикалык жана кайра иштетүүчү ишканаларга таасир этет.

6. Сунушталган жөнгө салуунун потенциалдуу адресаттарынын кошумча чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо

Операциялык чыгымдарды азайтуу, салыктык жеңилдиктер жана субсидиялар, инфраструктураны жакшыртуу жана натыйжалуулукту жогорулатуу. Кошумча чыгымдар ижарага, модернизацияга жана инвестицияга байланыштуу, бирок алар узак мөөнөттүү экономикалык пайдалар менен жабылат.

7. Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгымдарын жана пайдасын болжолдуу баалоо

Чыгымдар бюджеттик каражаттардын чегинде каралган. Узак мөөнөттүү келечекте, экономикалык жигердүүлүктүн өсүшү, жумуш орундары жана инфраструктураны жакшыртуу менен пайда чыгымдардан ашып түшөт.

Байланыш жана талкуулоо мөөнөтү билдирүү

1.         Сунуштар

arv_2012@mail.ru электрондук почтасы аркылуу;

Бишкек ш., Абдумомунов көч., 207 дареги боюнча кабыл алынат.

2.         Кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 4-мартынан кеч эмес.

3.         Иштеп чыгуучу органдын расмий сайтына сунуштардын жана жооптордун реестрин жайгаштыруунун мөөнөтү: 2025-жылдын 11-мартынан кеч эмес.

Онлайн кайрылуу