Экономикалык саясатты илимий жактан колдоо: альтернативдүү ыкмалардын ролу

Новости
10-Декабрь 2024-ж.
13409

Өлкөнүн стратегиялык башкаруу жана өнүгүүсүн пландоо процессин иретке келтирүү максатында мамлекеттик стратегиялык документтерди кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасында Мамлекеттик стратегиялык башкаруунун тартиби бекитилген. Ал өлкөдөгү мамлекеттик стратегиялык башкаруу процессинин катышуучуларынын ортосундагы мамилелерди жөнгө салат.

Тартипте стратегиялык документтердин иерархиясы аныкталган, анда иерархиянын биринчи деңгээлинде улуттук стратегия – мамлекеттин негизги стратегиялык документи, өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүү багыттарын, максаттарын, милдеттерин жана артыкчылыктарын камтыган жалпы көрүнүшү белгиленген. Мындан тышкары, биринчи деңгээлде орто мөөнөттүү мезгилге жалпы мамлекеттик өнүгүү программалары да аныкталган.

Мамлекеттик стратегиялык документтерде стратегиялык максаттарды өлчөө көрсөткүчтөрү жана аларды болжолдоо маанилери белгилүү бир мөөнөткө милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн болжолдоону өркүндөтүү жана бул процесстин бардык катышуучуларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн, бардык негизги прогноздоо ченемдери Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине расмий түрдө интеграцияланган. Бул орто жана узак мөөнөттүү болжолдорду түзүүдө бирдиктүү ыкмаларды тутумдуу колдонууга шарт түздү. Натыйжада, болжолдоо процесси көбүрөөк структураланган, ачык болуп, болжолдордун сапатын жана алардын узак мөөнөттүү стратегиялык максаттар менен шайкештигин жакшыртууга өбөлгө түздү.

Мындай интеграцияланган ыкма экономикалык, социалдык жана каржылык чыныгы абалды көбүрөөк натыйжалуу эске алууга мүмкүнчүлүк берип, мамлекеттик стратегиялар менен экономикалык саясаттын байланышын күчөтүп, тышкы экономикалык жана ички кырдаалдын өзгөрүүлөрүнө ийкемдүү жооп берүүгө шарт түзөт.

Болжолдоонун алкагында Министрлик социалдык-экономикалык өнүгүүнүн ар түрдүү моделдерин колдонуп келет. Алар төмөнкү негизги аспекттерди талдоого багытталган: инфляция, эмгек ресурстары, жакырчылык деңгээли, каржылык программалоо жана башкалар:

  • Өндүрүш ыкмасы менен эсептелген модель;
  • Инфляцияны болжолдоо боюнча комплекстүү модель;
  • RMSM-X модели (Кыргыз Республикасы үчүн адаптацияланган);
  • Каржылык программалоо модели;
  • Облустар деңгээлинде болжолдоо модели;
  • Эмгек ресурстарын болжолдоо модели (жалпы экономика жана тармактар боюнча);
  • Кыргыз Республикасында жакырчылык деңгээлинин көрсөткүчтөрүн болжолдоо модели;
  • Индикаторлордун негизинде кыска мөөнөттүү болжолдоо модели.

Макроэкономикалык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашырууда координацияны жана аракеттердин шайкештигин камсыз кылуу, ошондой эле макроэкономикалык саясатты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон кыска жана орто мөөнөттүү чараларды аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын каржылык программалоо модели иштелип чыгып, 2013-жылдын 9-октябрында №557 Өкмөттүн токтому менен бекитилген. Анда мамлекеттик органдардын ортосундагы маалымат алмашуунун кадамдык планы аныкталган. Каржылык программалоо модели боюнча жыйынтыктар жана аналитикалык материалдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин кароосуна берилет.

Кеңештин жыйынына карай бардык секторлордун балансташтырылган жана илимий негизделген прогноздору даярдалып, макроэкономикалык жана инвестициялык саясаттын негиздерин аныктоого өбөлгө түзүлөт.

Бул процессти улантууну илимий-изилдөө боюнча башка пикирлер менен толуктоо максаты колдоого алынып, жыйынтыгы натыйжалуу ишке ашырылып келет.

Онлайн кайрылуу