Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин борбордук аппаратынын жана Аймактар аралык башкармалыгынын мамлекеттик жарандык кызматынын административдик кызмат орундарына кадрлар резервине кабыл алууга ачык конкурсту жарыялайт

Вакансии
30-Октябрь 2024-ж.
212

Административдик кызмат орундарынын башкы тобуна;

Административдик кызмат орундарынын улук тобуна;

Административдик кызмат орундарынын кенже тобуна.


Кадрдык резервге кирүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:


  •  Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
  •  21 жаштан кем эмес - мамлекеттик жарандык кызматка;
  •  мыйзамдарда жана ишке орноштурууну жүргүзгөн тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан бул кызматка белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берүү.

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптар


Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:

Кызматы жана иш тажрыйбасы:

– экономика, эл аралык мамилелер боюнча, физика-математикалык илимдер боюнча жогорку билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан үч жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.


Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

Кызматы жана иш тажрыйбасы:

– экономика, юриспруденция, эл аралык мамилелер боюнча, физика-математикалык илимдер боюнча жогорку билим;

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан бир жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.


Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

Кызматы жана иш тажрыйбасы:

– экономика, эл аралык мамилелер боюнча, физика-математикалык илимдер боюнча жогорку билим;

– иш стажына талаптар коюлбайт.


Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:

Маалымдуулугу:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 
  2. «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  4.  “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”; “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”; “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”;  “Маалымат алуу укугу жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары;

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

6. кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

7. чет тилин билүү (артык);

8.компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк.

Ыктуулугу: 

- экономикалык талдоо жүргүзүү жана экономиканы өнүктүрүүнүн учурдагы тенденцияларына баа берүү жана чечимдердин варианттарын даярдоо;

- статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу;

- электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;

- издөө системаларын колдонуу;

- ар кандай браузерлер менен иштөө;

- презентацияларды уюштуруу;

- таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө маалыматтарды берүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдаланууга;

- кесиптик этиканын нормаларын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүүгө;

- аналитикалык документтерди даярдоо, макалаларды, пресс-релиздерди жазуу;

- заманбап PR технологияларды жана уюштуруу жөндөмдүүлүктөрүн колдонуу;

- тажрыйбалуу колдонуучунун деңгээлинде компьютердик сабаттуулук: Microsoft Office: Word, Excel, Power Poin;

- оргтехника менен иштөө: көчүрмө машиналар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс, веб-конференция колдонмолору ж.б.;

- эконометрикалык анализ жана болжолдоо пакеттери менен иштөө: Eviews, Stata ж.б..


Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

Маалымдуулугу:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
  2. кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  3.  чет тилин билүү (артык);
  4. компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк.

Ыктуулугу: 

- экономикалык талдоо жүргүзүү жана экономиканы өнүктүрүүнүн учурдагы тенденцияларына баа берүү жана чечимдердин варианттарын даярдоо;

- статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу;

- электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;

- издөө системаларын колдонуу;

- ар кандай браузерлер менен иштөө;

- презентацияларды уюштуруу;

- таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө маалыматтарды берүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдаланууга;

- кесиптик этиканын нормаларын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүүгө;

- аналитикалык документтерди даярдоо, макалаларды, пресс-релиздерди жазуу;

- оргтехника менен иштөө: көчүрмө машиналар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс, веб-конференция колдонмолору ж.б.;

- тажрыйбалуу колдонуучунун деңгээлинде компьютердик сабаттуулук: Microsoft Office: Word, Excel, Power Poin;

- эконометрикалык анализ жана болжолдоо пакеттери менен иштөө: Eviews, Stata ж.б..


Кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн:

Маалымдуулугу:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

4) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

5. чет тилин билүү (артык);

6. компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк.

Ыктуулугу: 

- статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу;

- электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;

- издөө системаларын колдонуу;

- ар кандай браузерлер менен иштөө;

- презентацияларды уюштуруу;

- таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө маалыматтарды берүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдаланууга;

- кесиптик этиканын нормаларын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүүгө;

- оргтехника менен иштөө: көчүрмө машиналар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс, веб-конференция колдонмолору ж.б.;

- тажрыйбалуу колдонуучунун деңгээлинде компьютердик сабаттуулук: Microsoft Office: Word, Excel, Power Poin;

- эконометрикалык анализ жана болжолдоо пакеттери менен иштөө: Eviews, Stata ж.б..


Предметтик мыйзамдарды билүүгө квалификациялык талаптар:


1) Административдик кызмат орундарынын башкы тобуна:

- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө”, “Экспорттук контроль жөнүндө”; “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 “2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө” Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 Жарлыгы менен бекитилген “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы”;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы №233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти; 

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-октябрындагы № 349 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик стратегиялык башкаруу тартиби;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 389 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобо.


2) Административдик кызмат орундарынын улук тобуна:

- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө”, “Экспорттук контроль жөнүндө”; “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 “2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө” Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти; 

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-октябрындагы № 349 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик стратегиялык башкаруу тартиби;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобо.


3) Административдик кызмат орундарынын кенже тобуна:

- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө”, “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобо.


Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди папкага тиркеп тапшыруу керек:

- өзүнүн арызы форма боюнча жүктөө арыз.doc;

- кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;

- өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

- резюме сүрөтү менен форма боюнча жүктөө резюме.doc (басма түрүндө);

- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

- мамлекеттик тилди билгендигин тастыктаган документин көчүрмөсү;

- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

- паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).

Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.


Жеке арыз жана резюменин формаларын Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин сайтынан көчүрүп алса болот: http://mineconom.gov.kg Бош кызмат орундары бөлүмүнө.


Документтер 2024-жылдын 30-октябрынан 11-ноябрына чейин саат 10.00дөн 17.00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Абдымомунова көч. 207 (батыш тарап), каб.108 (Персонал менен иштөө боюнча бөлүмү). Түшкү тыныгуу 12.30 дан 13.30 га чейин.


ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды көрсөткөн жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.


Чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларында алынган дипломдор билим берүү чейрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары тарабынан берилген билими жөнүндө документтердин деңгээлин, мазмунун жана Кыргыз Республикасында алардын колдонуусун ырастаган корутундусу берилгенден кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.


Онлайн кайрылуу