КР экономика жана коммерция министринин орун басары Гюльшат Асылбаева жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаев тааныштырылды

Новости
24-Сентябрь 2024-ж.
1479

2024-жылдын 24-сентябрында Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын чечимдерди даярдоо башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Самат Султаналиев Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин борбордук аппаратына министрдин жаңы орун басары Асылбаева Гюльшат Кадыровна жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жаңы төрагасы Орозбаев Женалы Байсаловичти тааныштырды. 

“Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Асылбаева Гюльшат Кадыровна Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары жана Орозбаев Женалы Байсалович Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп дайындалсын.

 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын 23-сентябрынан №487,488 Тескемелерине кол койду. 

Министр Данияр Амангелдиев Гүлшат Кадыровнанын жаңы орун басарынын атынан чыгып жатып, Жогорку Кеңештин депутаты болгонун, монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, башка мамлекеттик түзүмдөрдүн башчысы болуп иштегенин, ошондой эле Жээналы Байсалович монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары болгонун, алар экономика жана монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндө кадыр-баркка жана жетиштүү тажрыйбага ээ экендигин белгиледи. 

Ошондой эле бардык багыттар боюнча натыйжалуу иштин зарылдыгын белгиледи. Министрлик бир команда менен мындан ары да экономиканы өнүктүрүү үчүн коюлган милдеттерди аткара аларына ишенимин билдирди. Баарыңыздарга ийгилик, мындан аркы ийгиликтерди жана жемиштүү ишке болгон маанайды каалады.

 Резюме Асылбаевой Г.К.(Скачать)

 Резюме Орозбаева Ж Б. (Скачать)

Онлайн кайрылуу