Бардык машиналар үчүн милдеттүү техникалык кароону этап-этабы менен киргизүү жөнүндө

Новости
01-Август 2024-ж.
1772

Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы абанын булгануу көйгөйлөрү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Ички иштер министрлиги жана ”Унаа” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте 2024-2027-жылдарга бардык категориядагы автотранспорт каражаттары үчүн милдеттүү техникалык кароону этап-этабы менен киргизүү стратегиясын жана иш-чаралар планын түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.  Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору тарабынан республиканын бардык аймактарында жайгашкан жана “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасына туташтырылган автотранспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү боюнча 31 контролдоо органы аккредитацияланган.   Азыр республикадагы негизги автопарктын жашы 15 жаштан жогору. Бардык автотранспорт каражаттарын милдеттүү техникалык кароодон өткөрүү Бишкек жана Ош шаарларында экологиялык абалды жакшыртууга шарттарды түзөт жана автотранспорттордон чыккан зыяндуу заттардын көлөмүн азайтууга оң таасирин тийгизет.  Атмосферанын булганышына автотранспорттун салымы жыл сайын өсүүдө. Анткени, автоунаалардын саны тез жана туруктуу өсүүдө. Республиканын транспорт комплекси, анын ичинде автомобиль, темир жол жана авиация айлана-чөйрөнү дээрлик булгоочу болуп саналат. Бардык зыяндуу заттардын 90% автоунаалардан чыгат.  Абанын булганышынын мониторингинин маалыматтарына ылайык, булгоочу заттардын эң жогорку концентрациясы: азот диоксиди 2 ПДК, азот оксиди 1,7 ПДК, көмүртек кычкылы 1,7 - 3,3 ПДК, формальдегид 3-7 ПДК, бенз(а)пирен жана углеводор 25-35 ПДК, транспорттун көп кыймылы бар негизги магистралдардын аймактарында байкалат. Транспорттун ишине, анын ичинде жеке күйүүчү майдын жылдык чыгымы 1,2 миллион тоннадан ашык шарттуу отунду түзөт. Көчмө булактардан чыккан чыгындылар жылына 230-250 миң тоннаны түзөт.

Онлайн кайрылуу