КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова ЖМК өкүлдөрү үчүн брифинг өткөрдү

Новости
23-Июль 2024-ж.
310

Кечээ, 2024-жылдын 22-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасында экономикалык ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруучу ишкерлерди жана инвесторлорду коргоону күчөтүүгө, ошондой эле мамлекеттик органдардын ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз жана ашыкча кийлигишүүсүн четтетүүгө багытталган.

Бул мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Эмне өзгөрдү?

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси жаңы 3381-берене менен толукталды.

Аталган беренеде кызмат адамы тарабынан өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен мыйзамдуу ишкердик жүргүзүүсүнө тоскоолдук кылгандыгы үчүн жоопкерчилик каралган.

Ошентип, мыйзамда кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып бизнеске тоскоолдук кылган мамлекеттик кызматкерлерге карата катаал чаралар киргизилди.

КР Жазык-процесстик кодексинин 114-беренесине өзгөртүүлөр киргизилди.

Ошону менен бирге, ишкерлерге жана инвесторлорго карата бөгөт коюу чараларын колдонуу маселесин кароодо соттор артыкчылыктуу тартипте жазанын альтернативдүү түрүн – электрондук билериктерди (электрондук байкоо жүргүзүү), күрөө же үй камагын колдонууну карашы керек.

Ошентип, электрондук жана башка техникалык каражаттардын жардамы менен айыпталуучунун турган жерине дистанциялык башкарууну жана байкоо жүргүзүүнү белгилеген электрондук байкоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын жаңы түрү киргизилүүдө.

Мыйзамдын концепциясы ар бир инвестор жана ишкер өзүнүн корголгондугун сезиш керек. Мыйзам тышкы инвесторлорго жана ири эл аралык компанияларга алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого кепилдик берүү менен, ошондой эле анча оор эмес укук бузуулар жасалган учурда катаал алдын алуу чараларын колдонуудан баш тартуу менен жакшы белги берет.

Камакка алуу сыяктуу бөгөт коюу чарасын колдонуу жеке укук бузуучунун имиджине гана эмес, компаниянын аброюна да, демек, өлкөнүн экономикалык аброюна да терс таасирин тийгизет. Мунун кесепети экономикалык субъект үчүн каргашалуу болушу мүмкүн. Анын ичинде ишкананын ишмердүүлүгүнүн токтошу жана потенциалдуу инвесторлордун алдында ишенбөөчүлүктү пайда кылуучу аброюн жоготуу коркунучу.

Инвесторлор өз каражаттарын кайсы бир өлкөгө инвестициялоодон мурун, биринчи кезекте ачык булактар аркылуу анын инвестициялык жагымдуулугун изилдешет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу