Данияр Амангелдиев: "Тоо-кен комплекси - Кыргызстандын экономикасынын негизги элементи"

Новости
19-Июнь 2024-ж.
672

2024-жылдын 19 - июнунда Бишкекте 10-Борбор Азиялык Тоо-геологиялык форуму «МАЙНЕКС КЫРГЫЗСТАН 2024» болуп өттү. "Тоо-кен өнөр жай комплекси - Кыргызстандын экономикасынын курамдык бөлүгү" деген темадагы пленардык сессиянын алкагында, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев форумдун уюштуруучулары жана катышуучулары менен учурашып, өлкөнүн өнүгүшү үчүн тоо-кен тармагынын маанилүүлүгүн баса белгилеп, баяндама жасады.


Министр өз сөзүндө MINEX форуму геология жана тоо-кен казып алуу тармагында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана практикалык тажрыйба алмашуу үчүн абройлуу аянтча болуп саналарын белгиледи. «Минералдык-чийки зат ресурстары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн экономикасынын негизи болуп саналат. Кыргызстан минералдык ресурстарга бай жана тоо-кен тармагын өнүктүрүү биз үчүн биринчи орунда турат», - деди Д.Амангелдиев.


Министр ошондой эле өлкөнүн негизги экономикалык көрсөткүчтөрүн жана эл аралык уюмдар тарабынан тастыкталган жакынкы келечекке болжолдоолорду тартуулады. 2023-жылы Кыргызстандын ИДПсы 13,7 млрд АКШ долларын түздү, ал эми ИДПдагы тоо-кен тармагынын салыштырма салмагы 8ден 12% га чейин жетти. 2024- жылы экономикалык өсүш 107,2% деңгээлинде күтүлүүдө, ал эми алтынды эсепке албаганда - 107,8 %. 2025-жылы өсүш 107,0% деңгээлинде болжолдонууда.


2024-жылдагы экономикалык өсүштүн негизги көрсөткүчтөрү:

Айыл чарба: 2.9 %

Өнөр жай: 3,4 % (алтынсыз: 5,2 %)

Тейлөө чөйрөсү: 7.1 %

Курулуш: 19.9 %.

2025-жылга божомолдор:

Айыл чарба: 3.1 %

Өнөр жай: 6,8% (алтынсыз :7,4 %)

Тейлөө чөйрөсү: 5.7 %

Курулуш: 12.5 %


Министр өлкө жетекчилигинин тапшырмасы боюнча жыл сайын 10% кем эмес өсүү максатын баса белгиледи. Аны ишке ашыруу үчүн 100 өнөр жай долбоорун ишке киргизүү, анын ичинде «Камбар-Ата-1» ГЭСи жана «Терек Таш» ГЭСи сыяктуу ири объектилердин курулушун баштоо пландаштырылууда.


Ошондой эле Кыргызстан инвесторлорду тартуу үчүн бир катар чараларды көрдү: либералдык мыйзам базасын түздү, квалификациялуу жумушчу күчүн камсыз кылды, салык системасын жөнөкөйлөттү, соода түйүндөрүн жана транспорттук коридорлорду өнүктүрдү. Өлкөдө 23 коммерциялык банк иштейт, алардын 18 чет өлкөлүк капиталдын катышуусу менен.


Министр Кыргызстанда иштеп жаткан Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду жана БАЭ менен биргелешкен өнүктүрүү фонду сыяктуу эл аралык фонддор тууралуу да айтып берди. Кыргызстан Дүйнөлүк банктын, Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Азия өнүктүрүү банкынын жана Ислам өнүктүрүү банкынын ишенимдүү өнөктөшү.


Форумда ошондой эле тоо-кен өнөр жайындагы жаңы ишканаларды өнүктүрүү келечеги талкууланды. Кыргызстан пайдалуу кендердин, анын ичинде алтындын, көмүрдүн, темирдин, жездин жана сейрек металлдардын олуттуу запастарына ээ. Маанилүү долбоорлорго минералдык жер семирткичтерди, кремнийди жана металлургиялык продуктуларды өндүрүүчү заводдорду куруу, уран жана сейрек кездешүүчү металлдарды казып алуу кирет.




Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу