Мамлекеттик органдар, сүттү кайра иштетүүчү ишканалар жана даярдоочулар ортосунда өлкөнүн сүт тармагындагы маселелер талкууланды

Новости
26-Май 2024-ж.
1198

2024-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин аянтчасында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрүнүн, чийки сүттү кайра иштетүүчү заводдордун өкүлдөрүнүн жана Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын даярдоочуларынын катышуусу менен жумушчу кеңешме болуп өттү.


Аталган жыйында төмөнкү маселелер каралды:

- тоют базасына рыноктук бааларды эске алуу менен чийки сүттүн сатып алуу баасын жыл сайын корректировкалоо;

- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, даярдоочулардын, фермерлердин, кайра иштетүүчүлөрдүн ортосундагы салыштырмалуу баа макулдашуусу.


Сүттү кайра иштетүүчүлөр сүттүн бир литр чийки сүттүн 40 сомдон кем эмес белгиленген сатып алуу баасы боюнча ой бөлүштү.

Алсак, алар чийки сүттүн сатып алуу баасы бир литрин 40 сом деңгээлинде белгиленсе, пастерленген сүттүн бир литринин (майдын 2,5%) наркы орточо 20-30% га, ал эми сары майдын килограммы дээрлик 10-20% га жогорулай тургандыгына көңүл бурушту, ошондой эле башка сүт азыктарына да баалар көтөрүлөт. Ошол эле учурда заводдордун өкүлдөрү фермерлер берип жаткан сүттүн сапаты жетишсиз экендигин белгилешти. Сүт иштетүүчүлөр мындай сапатта орто эсеп менен бир литр чийки сүттөн болжол менен 600 мл пастерленген сүт чыгат, ал калган сүт азыктарын өндүрүү үчүн негиз болуп саналат деп түшүндүрүштү.


Мындан тышкары, бир литрине 40 сом баа коюу бир катар сүт ишканаларынын сөзсүз жабылышына жана сүт даярдоочулардын ишин уютууга алып келет. Бул өз кезегинде өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна, бодо малдын санынын кыскарышына, жумуш орундарынын азайышына, жергиликтүү сүт азыктарын өндүрүүнүн төмөндөшүнө, импорттун көбөйүшүнө коркунуч келтириши мүмкүн.


Кеңешменин жүрүшүндө сүттү кайра иштетүүчүлөр сүттүн баасы 3,4% жана 3,6% майлуулугу боюнча базиске карата кандай жол менен эсептелгенин (кайра эсептөө формуласы) түшүндүрүштү. Алсак, чийки сүттүн баасы 36 сом/л болсо, базиске карата майлуулугу 3,4%, анык майы 2,8% болсо, баасы 29,64 сом/л түзөт.


Жумушчу кеңешмеде чийки сүттү өндүрүү көйгөйлөрү, колдонулган тоюттардын сапаты, бодо малдын сапатынын төмөндүгү белгиленди.


Сүтзаводдордун өкүлдөрү тарабынан фермердик чарбалар арасында чийки сүттүн сапатына таасирин тийгизген уйларга дары-дармек каражаттарын көзөмөлсүз колдонууну токтотуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сунушу айтылды.


Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин  өкүлдөрү тарабынан чийки, пастеризацияланган сүттүн жана сүт продукциясынын сапатын жана курамын аныктоо боюнча көз карандысыз лабораторияларды ачуу сунушталды.


Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин тарабынан чийки сүттүн сунушталган сатып алуу баасын аныктоо боюнча техникалык топту (мындан ары – Техникалык топ) түзүү аркылуу чийки сүттүн сатып алуу баасын жөнгө салуу жана оңдоо механизми айтылган, анын курамы жана иштөө регламенти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталмак. Сунушта баа макулдашуусу Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин техникалык регламентине ылайык Кыргыз Республикасынын региондору боюнча сезондуулугуна жараша чийки сүткө сунушталган сатып алуу баасын белгилөө шарттарында жүзөгө ашырылаары каралган.


Техникалык топтун курамына профилдик министрликтердин жана ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, сүт даярдоочу жана кайра иштетүүчүлөрдүн, фермердик чарбалардын өкүлдөрүн киргизүү сунушталууда.


Жолугушуунун катышуучулары техникалык топту түзүү идеясын колдошту жана баа макулдашуусу аркылуу чийки сүткө бааларды жөнгө салуунун сунушталган механизмин кийинки отурумда талкуулоого даяр экендиктерин билдиришти.


Эскерте кетсек, 2023-жылдын  8-сентябрынан №455 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, майлуулугу 2,5% болгон пастеризацияланган сүт Кыргыз Республикасынын   ички рыногундагы бааларды мамлекеттик убактылуу жөнгө салууга киргизилиши мүмкүн болгон, социалдык маанилүү товарлардын тизмесине кирет.


Кыргызстанда чийки сүт көбүнчө дыйкан үй чарбаларында өндүрүлөт, анын кесепети сүттүн сапатынын төмөндүгү болуп саналат. Аларга салыштырмалуу фермердик чарбалар сүттү жогорку сапатта өндүрүшөт, анткени малдарда бирдиктүү рацион, багуу стандарттары, ветеринардык жардам бар. Белгилей кетүүчү нерсе, чийки сүттү кабыл алуу майдын массасы же көлөмү боюнча кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан жүргүзүлөт, демек, чийки зат толук иштетилүүгө жатат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу