2023-жылдын «Мыкты улуттук брендине» продукцияларды тандоо боюнча ведомстволор аралык топтун жолугушуусу өттү

Новости
20-Май 2024-ж.
880

2024-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде “Бир айыл - бир продукт” улуттук экономикалык долбоорунун (мындан ары-БАБП) алкагында 2023-жылдын “Мыкты улуттук брендине” продукцияны тандоо үчүн ведомстволор аралык жумушчу топтун жолугушуусу болуп өттү.

Тандоо жолугушуусуна төмөнкү өкүлдөр катышты: “Кыргызстандарт”, “Халал индустрия“, “Кыргызэкспорт”, “Кыргызпатент”, Айыл-чарба министрлигинин алдындагы Ветеринардык кызмат, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти, ошондой эле Кыргыз-Түрк Манас университетинин жана И. Раззаков атындагы КМТУнун доценттери жана технологдору.

Бүгүнкү тандоо жолугушуусунда мурда Бренд комитеттери тарабынан тандалып алынган жана БАБП бренди менен тастыкталган 7 облустан 56 продукт көрсөтүлдү: табигый ширелер, чайлар, бал, печенье, кургатылган жемиштер, мөмө-жемиш концентраттары, косметика каражаттары жана кол өнөрчүлүк басылмалар ж. б.

Ведомстволор аралык жумушчу топ ХАССП системасын ишке киргизүү, продукцияны таңгактоо, тамак-аш продукциясынын экспорту жана коопсуздугу боюнча баа беришти.

Бүгүнкү тандалган продуктулар “2023-жылдын Мыкты улуттук бренд” сынагында көрсөтүлөт.

Маалымдама:

2017-2023-жылдар аралыгында Япония, Кытай, Корея, Казакстан, Өзбекстан, Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмираттары, Россия, АКШ, Франция, Германия, Испания жана башка Европа мамлекеттерине, ички жана тышкы рыноктордо (экспорт) ийгиликтүү сатылган 700дөн ашык продукция иштелип чыккан. Акыркы 6 жылдын ичинде долбоордун аркасында жергиликтүү өндүрүүчүлөр 167 экспорттук контракт түзүп, 238 млн. сомдон ашык суммага келишим түзүшкөн.

Кыргызстанда БАБП долбоору жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо жана айлана-чөйрөнү сактоо менен жогорку сапаттуу продукция өндүрүүгө жардам берген бизнес жана өндүрүш системаларын түзөт. Ошентип, БАБП концепциясы жергиликтүү чийки заттан/материалдан уникалдуу өнүмдөрдү иштеп чыгуу жана аларды өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө сатууну ишке ашырууда. Бардык иштелип чыккан азыктар КР 7 облусунда жергиликтүү өндүрүүчүлөр тарабынан өндүрүлөт, бул өлкөнүн региондорунда жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу