Туруктуу келечекке карай: Кыргызстанда геотермалдык энергетиканы өнүктүрүүнүн жаңы этабы

Новости
30-Апрель 2024-ж.
1093

Экономика жана коммерция министрлигинин эл аралык финансы корпорациясы менен жүргүзгөн иштеринин жана сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасында геотермалдык энергетика долбоорлорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашууларга жетишилди.

2024-жылдын 29-апрелинде Экономика жана коммерция министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы жана эл аралык финансы корпорациясы (МФК) геотермалдык энергияны жылытуу жана муздатуу үчүн пайдалануу боюнча келишимге кол коюшту. Бул энергетика тармагындагы инновациялык чечимдерди киргизүүгө багытталган маанилүү этаптын башталышы болуп саналат.

Кийинки кадам-өлкөдөгү геотермалдык энергияны масштабдаштырууга жеке сектордун катышуусу боюнча долбоорлорду аныктоо жана ишке ашыруу. Бул инфраструктуралык долбоорлорду өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Бул үчүн МФК мындай долбоорлорду, анын ичинде аралаш каржылоону камсыз кылуу, техникалык жардам көрсөтүү жана өлкөдө инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эл аралык өнөктөштөрдөн каржылоону тартуунун эсебинен каржылайт.

Маалымдама:

Тараптар Назарбек Малаев, Экономика жана коммерция министринин орун басары, Жыргалбек Шамыралиев, Бишкек шаарынын вице-мэри, Хела Шейхроуху айым, МФКнын аймактык вице-президенти, Ильхем Саламон айым, МФКнын Жакынкы Чыгыш, Борбордук Азия, Түркия, Афганистан жана Пакистан боюнча аймактык менеджери деңгээлинде көрсөтүлдү.

Дүйнөлүк банктын тобуна кирген МФК эл аралык уюм болуп саналат, ал макулдашуунун беренелерине ылайык мүчө өлкөлөрдө өндүрүштүк инвестицияларга жеке ички жана чет өлкөлүк капиталдын агылып келишине өбөлгө түзүүгө, ошондой эле жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөктөшүүгө умтулат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу