Кыргыз Республикасы менен ИӨБ ортосунда “Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо” долбоору боюнча макулдашууларга кол коюлду

Новости
29-Апрель 2024-ж.
1092

2024-жылдын 27-апрелинде Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) Башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйынында Кыргыз Республикасы менен ИӨБ ортосунда “Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо” долбоору боюнча макулдашууларга кол коюлду.

Долбоордун аткаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, ал эми аткаруучу агенттик болуп “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКсы саналат.

Кол коюу аземи министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Мохаммед Сулайман Аль-Жасирдин жолугушуусунда болду.

«Менин үйүм 2021-2026» (Программа) мамлекеттик турак-жай программасынын стратегиялык максаттарынын бири өлкөнүн бардык аймактарында турак жайларды куруу аркылуу республиканын турак жай фондун көбөйтүү экендигин белгилей кетүү маанилүү. Программаны натыйжалуу ишке ашыруу үчүн колдо болгон финансылык ресурстарды тартуу максатында ИӨБ менен Кыргыз Республикасына 79 млн доллар өлчөмүндө жеңилдетилген каржылоону берүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Финансылык ресурстар өлкөнүн бардык аймактарында кийинчерээк сатып алуу менен ижарага жеткиликтүү турак жайларды курууга, ошондой эле Программанын алкагында Кыргызстандын жарандары үчүн ислам каржылоо принциптерине ылайык ипотекалык кредиттерди берүүгө жумшалат.

ИӨБнын каражаттары Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында болжол менен 112 525 чарчы метр жеткиликтүү турак жайдын курулушун каржылоого багытталган. Божомолдор боюнча 2000ге жакын үй-бүлө турак-жай менен камсыз болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу