Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү Соода стратегиялары боюнча эл аралык форумга катышты

Новости
19-Март 2024-ж.
1202

Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык комиссиясына караштуу “Кыргыз экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун директору Урмат Такиров 2024-жылдын 14-15-мартында Женевадагы борбордогу (ITC) Эл аралык соода уюму тарабынан уюштурулган Соода стратегиялары боюнча эл аралык форумга катышты. Эки күнгө созулган форумдун негизги багыты өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү сооданы жана инвестицияны колдоо институттарынын системалык көйгөйлөрүнө, ошондой эле бирдиктүү улуттук тармактын алкагында алардын ишмердүүлүгүн координациялоону жакшыртуу маселелерине арналды.

Министрдин орун басарынын айтымында, «Кыргызстанда сооданы колдоо мекемелеринин тармагы ата мекендик ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жана экспорттук потенциалынын өсүшүнө тоскоол болгон бир катар кыйынчылыктарга туш болууда. Алардын негизгилери мамлекеттик жана жеке уюмдардын иш-аракеттеринин жетишсиз координацияланышы, функциялардын кайталанышы жана айрым мекемелердин ресурстарынын жетишсиздиги», - деп билдирди С.Болотов.

«Кыргыз Экспорттун» жетекчиси белгилегендей, «бизнес өкүлдөрү негизги кызматтарды көрсөтүүдө олуттуу кемчиликтерге же алардын сапатынын төмөндүгүнө, тышкы рыноктун мүнөздөмөлөрү жөнүндө толук жана актуалдуу маалыматтын жоктугуна, экспорттоочуларга колдоо көрсөтүү боюнча уюмдардын ишинин ыраатсыздыгына анын ичинде дүйнөлүк жеткирүү чынжырларына интеграциялоо үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү илгерилетүү жана өнүктүрүүгө даттанышат. Экспорттун туруктуу өсүшүн камсыз кылуу үчүн бул системалык көйгөйлөрдү тез арада жана комплекстүү чечүү өтө маанилүү», - деп белгиледи У.Такиров.

«Эл аралык соодада ийгиликке жетишүүнү жана улуттук атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуунун биринчи кезектеги милдети сооданы жана инвестицияны илгерилетүү боюнча институттардын чындап натыйжалуу жана практикалык системасын түзүү болуп саналат, ага байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жакында эле. экспортту колдоо жана өнүктүрүү боюнча «Өкмөттүк акселераторду» ишке киргизди », - деп билдирди министрдин орун басары С.Болотов.

Форумга 17 өлкөнүн делегациялары катышты. Талкуулардын жүрүшүндө сооданы колдоонун улуттук тармактарынын натыйжалуулугун аныктоочу негизги факторлор, алардын иштешинин типтүү көйгөйлөрү жана институттук структураларды реформалоонун мүмкүн болгон жолдору каралды. Катышуучулар ишкердикти колдоонун сапатын жогорулатуу жана тике чет элдик инвестицияларды тартууга көмөктөшүү үчүн ар кандай мамлекеттик жана жеке уюмдарды координациялоонун натыйжалуу механизмдерин түзүү боюнча оң тажрыйбасы менен бөлүшүштү.

Мындан тышкары, кыргыз делегациясы ЭСБнын ишканалардын жана мекемелердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү боюнча бюросунун жетекчилиги менен жолугушуп, Кыргызстандын экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборун бекемдөө боюнча мүмкүн болгон кызматташууну талкуулашты. ЭСБ сооданы жана инвестицияны колдоо боюнча агенттиктерди түзүү жана алардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чоң тажрыйбага ээ, аларга башкарууну, оперативдүү потенциалды жана ММСПны интернационалдашуусун жогорулатуу үчүн кызматтарды көрсөтүүнү түзүүгө жардам берет.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу