Координациялык кеңештин биринчи жыйыны тууралуу

Новости
01-Март 2024-ж.
825

2024-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары жана Координациялык кеңештин Төрагасы – И.Э. Асылкуловдун төрагалыгында, министрликтин чоң залында Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча Координациялык кеңешинин биринчи жыйыны болуп өттү.


Координациялык кеңеш, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча Координациялык кеңеш, мамлекеттик башкаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында макулдашылган иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн коллегиалдуу кеңешүүчү орган болуп саналат.


Координациялык кеңештин негизги милдети болуп кызыкдар мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого байланышкан проблемаларды чечүүдө өз ара аракеттенүүсү саналат, бул баарынанан мурда керектөөчүнүн укуктарынын бузулушуна тез чара көрүү жана аныкталган бузууларды четтетүү боюнча мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө чечимдин долбоорун кабыл алууда турат.


Бүгүн күн тартибинде эки маселе каралды:

- Координациялык кеңештин учурдагы жылга Иш планы;

- Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн координациялоо.


Мындан сырткары, Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан Евразия экономикалык биримдигинин аймагында 2024-жылга артыкчылыктуу тема катары “Керектөөчү жана ишкер: өнүгүү үчүн ишеним” темасы бекитилгенин белгилей кетүү керек.


Министрдин орун басары И.Асыкулов өзгөчө белгилегендей, «Керектөөчү жана ишкер: өнүгүүгө болгон ишеним» темасы Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан 2024-жылга ЕАЭБде артыкчылыктуу тема катары таламдаш мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын биргелешкен куч-аракеттерин талап кылган керектеечулердун укугун коргоо тармагында бекитилген жана Координациялык кеңештин платформасы чөйрөдөгү көйгөйлөрдү чечүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болуп саналат. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу