Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жөнүндө ЖОБО






1-тиркеме



(Кыргыз Республикасынын
 Министрлер Кабинетинин
 2021-жылдын 15-ноябрындагы
 № 250 токтомуна)

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө
 ЖОБО

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 702, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189, 2023-жылдын 29-майындагы № 291 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги (мындан ары - Министрлик) төмөнкүдөй функцияларды ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин борбордук органы болуп саналат:

1) төмөнкү тармактарда мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча:

- макроэкономикалык, соода, монополияга каршы (отун-энергетикалык комплексинен тышкары), бажылык-тарифтик, лицензиялык, тышкы экономикалык;

- өнөр жай (тамак-аш өнөр жайынан тышкары);

- экспорттук контролдоо;

- региондорду өнүктүрүү;

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 291 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган банктардын жана башка финансылык-кредиттик уюмдардын банкроттугу чөйрөсүндөгү саясатты кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкроттук жана анын алдын алуу;

- техникалык жөнгө салуу жана метрология;

- стандартташтыруунун улуттук системасы;

- шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоонун улуттук системасы;

- адал-индустрияны өнүктүрүү;

- ишкердикти өнүктүрүү;

- "жашыл" экономиканы өнүктүрүү, климаттык өзгөрүүнүн кесепеттерин жеңилдетүү жана ага адаптациялоо;

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- аймактык өнүктүрүү;

- банктык эмес финансы рыногун, бухгалтердик эсепке алууну жана финансылык отчеттуулукту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу.

- туризм;

2) мамлекеттик салык, бажы саясатын, камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу жана мамлекеттик мүлктү башкаруу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189, 2023-жылдын 29-майындагы № 291 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Министрлик Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин укугун улантуучу болуп саналат.

4. Министрлик өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишканалар, мекемелер менен өз ара аракеттенүүдө ишке ашырат.

5. Министрлик юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, банктарда алыш-бериш, валюталык жана башка эсептери бар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаңы эсептерди ачууга укуктуу.

Уюштуруу-укуктук формасы - ыкчам башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.

6. Министрлик өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерди түзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга укуктуу.

7. Министрликтин толук фирмалык аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги";

- расмий тилде: "Министерство экономики и коммерции Кыргызской Республики";

8. Министрликтин кыскартылган фирмалык аталышы:

- мамлекеттик тилде: "ЭКМ";

- расмий тилде: "МЭК".

9. Министрликтин жайгашкан жери: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 106.

2. Министрликтин максаттары

10. Министрликтин максаттары Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык прогрессин жана туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо болуп саналат.

3. Министрликтин милдеттери

11. Министрликтин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) өлкөнү экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныктоо;

2) мамлекеттик экономикалык саясатты түзүү;

3) соода саясатын түзүү;

4) салык жана бажы саясатын түзүү;

5) өнөр жай чөйрөсүндө (тамак-аш өнөр жайынан тышкары) мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу;

6) ишкердикти жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, өнөр жайды (тамак-аш өнөр жайынан тышкары) өнүктүрүү;

7) төмөнкүдөй чөйрөлөрдө ченемдик укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү:

- макроэкономикалык, соода, монополияга каршы (отун-энергетикалык комплексинен тышкары), бажылык-тарифтик, лицензиялык, инвестициялык, тышкы экономикалык, салыктык, бажылык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу;

- техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу жана метрология;

- адал-индустрияны өнүктүрүү;

- ишкердикти өнүктүрүү;

- "жашыл" экономиканы өнүктүрүү, климаттык өзгөрүүнүн кесепеттерин жеңилдетүү жана ага адаптациялоо;

8) тышкы жана ички соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу;

9) атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү;

10) туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Министрликтин функциялары

12. Министрлик төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:

1) тармактык саясат функциялары:

- мамлекеттик (консолидацияланган) бюджеттин кирешелерине фискалдык кайра түзүүлөрдүн таасирине баалоо жүргүзөт;

- эл аралык ченемдерге жана эрежелерге ылайык Кыргыз Республикасында өлчөө бирдейлигин камсыздайт;

- банктык эмес финансы рыногун өнүктүрүү, анын ичинде банктык эмес финансы рыногу, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук системасы жаатындагы тобокелдиктерди башкаруу боюнча саясатты иштеп чыгат;

- макулдашылган макроэкономикалык саясатты ишке ашырат;

- Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдорун иштеп чыгат, талдайт жана баалайт;

- экономиканы өнүктүрүүнүн бирдиктүү мамлекеттик саясатын, анын ичинде макроэкономикалык туруктуулукка жетүү методдорун жана каражаттарын иштеп чыгат жана ишке ашырат;

- экономиканы мобилизациялык даярдоо жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзөт;

- туруктуу өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгат;

- "жашыл" экономиканы өнүктүрүү, климаттык өзгөрүүнүн кесепеттерин жеңилдетүү жана ага адаптациялоо боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгат;

- региондук өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгат;

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- өнөр жай чөйрөсүндө (тамак-аш өнөр жайынан тышкары) бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;

- өнөр жайда (тамак-аш өнөр жайынан тышкары) алдыңкы технологияларды киргизүүгө көмөк көрсөтөт;

- өнөр жайдын (тамак-аш өнөр жайынан тышкары) чарбакер субъекттеринин ишине мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн механизмдерин түзөт;

- өнөр жайдын (тамак-аш өнөр жайынан тышкары) техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө талдоо жүргүзөт;

- аскердик багыттагы продукцияларды өндүрүү жана аны ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен өнөр жай жана аскердик-техникалык кызматташтыгы чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

- бирдиктүү мамлекеттик салык жана бажы саясатын иштеп чыгат;

- салыктык чаралар каралган Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын долбоорлорунун экономикалык өнүктүрүүгө тийгизүүчү таасирин талдайт жана баалоо жүргүзөт;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин жана алыскы чет өлкөлөрдүн салык жана бажы мыйзамдарына талдоо жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын ченемдерин колдонуу жөнүндө салык төлөөчүлөрдүн суроо-талаптарына жазуу жүзүндөгү жоопторду берүү боюнча иштерди жүргүзөт;

- Евразия экономикалык комиссиясы жана Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен ЕАЭБ бажы мыйзамдарын шайкеш келтирүү жана өркүндөтүү боюнча биргелешкен иштерди жүргүзөт;

- Евразия экономикалык комиссиясы менен техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү жана өркүндөтүү боюнча биргелешкен иштерди жүргүзөт;

- ЕАЭБ бажы мыйзамдарынын ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын жоболорун колдонуу маселелери боюнча тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын суроо-талаптарына жазуу жүзүндөгү жоопторду берүү боюнча иштерди жүргүзөт;

- эл аралык финансылык уюмдар тарабынан каржылануучу өнүктүрүү долбоорлоруна катышкан чарбакер субъекттер үчүн салыктык жеңилдиктерди ырастайт;

- Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерин колдонуу тууралуу, кош салык салууну болтурбоо (четтетүү) жана кирешеге жана капиталга салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө салык төлөөчүлөрдүн суроо-талаптарына жазуу жүзүндөгү жоопторду берүү боюнча иштерди жүргүзөт;

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Министрлер Кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин кароосуна чейин мамлекеттик инвестициялар долбоорлорунун экономикалык жактан максатка ылайыктуулугуна баалоо жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун ишке ашыруунун экономикалык натыйжалуулугуна баалоо жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик инвестициялар долбоорлорунун социалдык-экономикалык таасирине мониторинг жана баалоо жүргүзөт;

- мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан даярдалган өнүктүрүүгө расмий жардам, эл аралык макулдашуулардын, меморандумдардын жана келишимдердин долбоорлоруна талдоо жана баалоо жүргүзөт;

- кызыкдар болгон мамлекеттик органдар менен биргеликте эл аралык гранттык жана техникалык жардамды тартуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты аныктайт жана ишке ашырат;

- өз компетенциясынын чегинде долбоорлорду даярдоо, ишке ашыруу баскычтарында жана ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорунун экономикалык жактан максатка ылайыктуулугуна жана натыйжалуулугуна баалоо жүргүзөт;

- тышкы экономикалык байланыштар маселелери, ошондой эле Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте иштеп чыгат, ушул келишимдер боюнча кыргыз тараптын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылат;

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо-көзөмөлдөө чөйрөлөрүндө ишкердик ишин жөнгө салуучу саясатты иштеп чыгат, ошондой эле лицензияларды жана уруксат берүүчү документтерди алуу тартибин жөнөкөйлөтүү жана оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизет;

- ишкердик ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу процессинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылат;

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- бирдиктүү мамлекеттик монополияга каршы саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, жарнама боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү, бааларды (тарифтерди) түзүү жана колдонуу тартибин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;

- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн атаандаштыкты коргоого жана өнүктүрүүгө, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган иш-чараларды өткөрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

- социалдык маанилүү товарлардын чекене бааларынын абалына байкоо жана талдоо жүргүзөт жана белгиленген тартипте бааларга мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жана алып салуу жөнүндө сунуштарды киргизет;

- тышкы жана ички соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;

- товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тышкы жана ички соодасынын көлөмүнө болжолдоо жүргүзөт;

- соода балансына талдоо жүргүзөт, аны жөнгө салуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат;

- ЕАЭБдин алкагында тиешелүү товардын импортуна/экспортуна карата квоталарды белгилөө маселелери боюнча бирдиктүү позицияны түзөт;

- тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе" принцибин илгерилетүү боюнча бирдиктүү саясатты ишке ашырат;

- тышкы соода ишин жакшыртуу, продукциянын экспортун өнүктүрүү жана түрткү берүү, республиканын экспорттук потенциалын жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгат; 

- Дүйнөлүк соода уюмунун (мындан ары - ДСУ) ченемдерине жана эрежелерине, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ алкагындагы милдеттенмелерине ылайык тышкы соода ишин шайкеш келтирүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

- тышкы соода ишин тарифтик жөнгө салуу чараларын колдонуу, атап айтканда, тиешелүү товарды экспорттоого карата бажы алымдарын белгилөө боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

- ЕАЭБдин алкагында тиешелүү товарга карата ташып кирүү бажы алымдарынын ставкаларын өзгөртүү боюнча демилгелүү сунуштарды иштеп чыгууга катышат; 

- үчүнчү өлкөлөр менен ЕАЭБдин преференциялык соода жөнүндө макулдашууларын иштеп чыгууга катышат;

- ЕАЭБдин алкагында тарифтик эмес жөнгө салуунун бирдиктүү чараларын киргизүү боюнча демилгелүү сунуштарды иштеп чыгат;

- ЕАЭБдин алкагында тарифтик эмес жөнгө салуунун бирдиктүү чараларын киргизүү боюнча демилгелүү сунуштардын бирдиктүү позициясын түзөт;

- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча ЕАЭБдин алкагында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;

- ДСУнун жана ЕАЭБдин ченемдерине жана эрежелерине ылайык демпингге каршы, компенсациялык жана атайын коргоо чараларын колдонуу маселелери боюнча бирдиктүү позицияны түзөт;

- экспорттук контролдоо жаатындагы чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;

- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, башка уюмдардын ортосунда техникалык жөнгө салуу жана өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү функцияларды чектөө боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

- техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу жана өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

- Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун интеграцияланган маалыматтык системасын түзөт жана анын иштөөсүн камсыз кылат;

- экономиканын керектөөлөрүн жана кызыкчылыктарын эске алуу менен Кыргыз Республикасында адал-индустрияны эл аралык талаптарга ылайык өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырат;

- экономиканын байкоого алынбаган (көмүскө) секторунун көлөмүн кыскартуу боюнча чараларды киргизет;

- Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри (мындан ары - экономика жана коммерция министри) кыргыз бөлүгүнүн төрагасы болуп саналган Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин өкмөттөр аралык комиссияларынын кезектеги жыйындарын уюштурат жана өткөрөт;

- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча Министрлер Кабинетине караштуу ведомстволор аралык комиссиялардын ишин уюштурат;

- мамлекеттик турак жай жана жер фонддорун, жаратылыш ресурстарын кошпогондо, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгат;

- мамлекеттик резервдин номенклатурасына кирген товардык-материалдык баалуулуктардын запасын талдоону жана божомолдоону даярдоого катышат;

- Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган банктардын жана башка финансылык-кредиттик уюмдардын банкроттугу чөйрөсүндөгү саясатты кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкроттук жана анын алдын алуу боюнча макулдашылган мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана жүргүзөт;

- баалоо иши жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат, Кыргыз Республикасында баалоо институтун өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзөт;

- банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан алардын ишинин алкагында маалыматтарды ачыкка чыгаруу боюнча талаптарды иштеп чыгат жана анын аткарылышын контролдойт;

- ачык компаниялардын жана кесипкөй катышуучулардын финансылык отчетторуна аудит жүргүзүү боюнча аудитордук уюмдарга жана жеке аудиторлорго карата талаптарды иштеп чыгат;

- тейлөөчү тармагында укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды жүргүзөт;

- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик стратегияларды, программаларды, концепцияларды жана башка долбоорлорду иштеп чыгат;

- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;

- региондорду өнүктүрүү үчүн эл аралык техникалык жана инвестициялык жардамды тартат;

- региондорду өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү программаларынын негизинде региондук өнүктүрүүнү пландоо процесстерин координациялайт;

- аймактарды өнүктүрүү программаларын (пландарын) иштеп чыгууда жана ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүдө региондорго көмөк көрсөтөт;

2) жөнгө салуучу функциялары:

- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин жүргүзөт;

- Министрликтин реестрине киргизилген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтырууну жүргүзүү боюнча муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин жүргүзөт;

- тиешелүү товарлардын экспортуна/импортуна лицензиялоо киргизүү боюнча белгиленген тартипте сунуштарды киргизет;

- өзгөчө товарлардын экспортуна жана импортуна уруксат берүүчү документтердин реестрин жүргүзөт;

- өзгөчө товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортуна/импортуна/транзитине уруксат берүүчү (лицензия/уруксат/корутунду) документтерди берет;

- товарлардын айрым түрлөрүн ташып кирүүгө жана ташып чыгууга (импортуна, экспортуна) эксперттик корутунду берет;

- товарлардын айрым түрлөрүн Кыргыз Республикасына ташып кирүүгө тышкы соода иштеринин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрөт;

- шайкештикти баалоо боюнча органдардын ишин жөнгө салат;

- берилген шайкештик сертификаттарынын жана кабыл алынган шайкештик жөнүндө декларациялардын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;

- берилген шайкештик сертификаттарынын жана ЕАЭБ шайкештиги жөнүндө катталган декларациялардын Бирдиктүү реестринин улуттук бөлүгүн түзөт жана жүргүзөт;

- шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш болгон продукциялардын тизмегин түзөт;

- техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин баалоо (ырастоо) боюнча органдарга ыйгарым укук берет;

- өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү жана (же) текшерүү максатында юридикалык жактарга өлчөө каражаттарына сыноолорду жүргүзүүгө жана (же) стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоого белгиленген тартипте укук берет жана чакыртып алат;

- эталондорду улуттук эталондор катары бекитүү тууралуу чечимди белгиленген тартипте кабыл алат;

- техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын ишин тармактар аралык координациялоону ишке ашырат;

- мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан берилген ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуу таасирин талдоого (ЖСТТ) экспертиза жүргүзөт;

- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- лицензиялоо чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулар тууралуу каралган иштер боюнча материалдарды эсепке алат жана сактайт;

- эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорунун реестрин жүргүзөт;

- эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорун ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө корутундуларды берет;

- Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген донорлор менен долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө эл аралык келишимдерге ылайык эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын долбоорлорун белгиленген тартипте каттайт;

- товарлардын, анын ичинде өнөр жай чөйрөсүндөгү (тамак-аш өнөр жайынан тышкары) атайын продукциялардын импортуна жана экспортуна эксперттик корутунду берет;

- өнөр жай чөйрөсүндө (тамак-аш өнөр жайынан тышкары) товарларды кайра иштетүү шарттары жөнүндө корутунду берет;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Евразия экономикалык бирлигинин укугуна ылайык өнөр жай чөйрөсүндө (тамак-аш өнөр жайынан тышкары) товарларды импорттоого же экспорттоого квоталардын көлөмүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрөт;

- массалык жок кылуучу куралдарды жайылтпоо боюнча эл аралык милдеттенмелердин мамлекет тарабынан аткарылышын камсыз кылат;

- республикадагы туризмдин абалын изилдейт, жалпылайт жана талдайт, Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүнүн негизги стратегиялык багыттарын аныктайт;

- туризмди өнүктүрүүнүн негизги тенденцияларына жана багыттарына комплекстүү талдоо жана болжолдоолорду жүргүзөт;

- туристтик объекттердин абалына, аларды сарамжалдуу пайдаланууга, сактоого жана калыбына келтирүүгө мониторинг жүргүзөт;

3) координациялоо, контролдоо, көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү функциялары:

- туруктуу өнүктүрүү, анын ичинде "жашыл" экономиканы өнүктүрүү жана климаттык өзгөрүүнүн кесепеттерин жеңилдетүү, ага адаптациялоо жаатында аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын иштерин координациялайт;

- туруктуу өнүктүрүүнүн моделин эске алуу менен стратегиялык пландоонун негиздерин киргизүү үчүн методологиялык колдоону камсыз кылат;

- лицензиялык-уруксат берүү жана контролдоо-көзөмөлдөө чөйрөлөрүндө оптималдаштыруу процессин координациялайт;

- Кыргыз Республикасынын ДСУга мүчөлүгүнүн алкагында, анын ичинде соодадагы техникалык тоскоолдуктар, санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылат;

- ДСУнун макулдашууларын аткаруу маселелери боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин координациялайт;

- өзгөчө товарлардын экспортун/импортун/транзитин лицензиялоодо, тышкы соода ишин жөнгө салуунун тарифтик жана тарифтик эмес чараларын киргизүүдө мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;

- соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук кеңешинин катчылыгынын функциясын аткарат;

- ЕАЭБдин алкагында аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин координациялоону камсыз кылат;

- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү иштерин координациялайт;

- болжолдонгон мезгилдерге Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүн аткаруунун жүрүшүн контролдоо боюнча уюштуруучулук жана координациялык ишти жүргүзөт, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын маалыматтарын жалпылайт жана талдайт;

- Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдорун иштеп чыгуу маселелери боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин координациялайт;

- мамлекеттик органдарга административдик регламенттерди жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын иштеп чыгуу боюнча методикалык жана консультациялык колдоо көрсөтөт;

- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо боюнча иш жүргүзөт;

- ички соода чөйрөсүндөгү абалды жакшыртуу, чек арага чектеш жана биржалык сооданы өнүктүрүү боюнча чараларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзөт;

- кош жана аскердик багыттагы товарлардын максаттуу пайдаланылышын контролдойт;

- техникалык регламенттердин долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ишти координациялайт жана уюштурат;

- техникалык жөнгө салуу жана өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу системасынын катышуучуларынын ишин координациялайт жана методологиялык жактан камсыздайт;

- техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышы үчүн көзөмөлдөө органдарынын ишин координациялайт;

- туруктуу жана тең салмактуу экономикалык өсүштү эске алуу менен Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программаларын иштеп чыгууну уюштурат жана координациялайт;

- мамлекеттик инвестициялар программаларынын алкагындагы долбоорлорду кошпогондо, белгиленген тартипте эл аралык гранттык жана техникалык жардамды тартуу маселелерин жалпы координациялоону ишке ашырат;

- эл аралык финансылык институттар жана донордук уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү координациялайт жана ишке ашырат;

- өкмөттөр аралык соода-экономикалык комиссиялардын катчылыгынын функциясын аткарат, өкмөттөр аралык комиссиялардын жыйналыштарына материалдарды даярдоо, ошондой эле андан кийин протоколдук чечимдердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин координациялайт;

- экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин координациялайт;

- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландоо ишин координациялайт;

- керектөө рыногунун абалына байкоо жүргүзөт, товардык ресурстарга болгон керектөөлөрдү аныктоо үчүн зарыл болгон продукциялардын болжолдуу эсептерин даярдайт жана суроо-талабына талдоо жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин алкагында жазаларды колдонуу жана бузуулардын кошумча укуктук кесепеттерин колдонуу боюнча чараларды ишке ашырат;

- гранттык каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну контролдойт жана ага мониторинг жүргүзөт;

- өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу жаатындагы (метрологиялык көзөмөл) ченемдик укуктук актылардын талаптарын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин даярдоо эрежелеринин талаптарын сактоону контролдойт жана көзөмөлдөйт;

- жөнгө салуу чөйрөлөрүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого мамлекеттик контролдоо жүргүзөт;

- керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин координациялайт;

- салыктык жана бажылык башкарууга санариптештирүүнү киргизүүнү координациялайт жана контролдойт;

- өнөр жайды (тамак-аш өнөр жайынан тышкары) комплекстүү өнүктүрүү жана жаңы объекттерди түзүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялайт;

- өнөр жай чөйрөсүндөгү (тамак-аш өнөр жайынан тышкары) мамлекеттик саясатты түзүү боюнча мамлекеттик органдардын ишин тармактар аралык жана региондор аралык координациялоону ишке ашырат;

- өнөр жай (тамак-аш өнөр жайынан тышкары) түзүмүн өркүндөтүү боюнча чараларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну координациялайт;

- мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенип, өнөр жайдагы (тамак-аш өнөр жайынан тышкары) максаттуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышына белгиленген тартипте контролдоону ишке ашырат;

- болжолдук көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыздоо боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт жана контролдойт;

4) кызматтарды көрсөтүү функциялары:

- Министрликтин карамагына тиешелүү болгон маселелер боюнча жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын, даттанууларын белгиленген тартипте карайт;

- Министрликтин карамагына тиешелүү болгон маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактарга маалыматтык-консультациялык көмөк көрсөтүүнү камсыз кылат;

5) колдоо функциялары:

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий мекемелердин, жарандардын жана алардын бирикмелеринин сунуштарынын негизинде техникалык регламенттердин долбоорлорун иштеп чыгуунун программасын түзөт;

- техникалык жөнгө салуу, өлчөө бирдейлигин камсыздоо боюнча эксперттик комиссиялардын жеке курамын түзөт, бекитет жана алардын ишин камсыздайт;

- техникалык регламенттердин талаптарын бузуунун кесепетинен адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, жаныбарларга жана өсүмдүктөргө, айлана-чөйрөнү коргоого зыян келтирилген учурлар жөнүндө маалыматты топтоону жана талдоону ишке ашырат;

- техникалык жөнгө салуу жана өлчөө бирдейлигин камсыздоо жаатында эл аралык кызматташууну өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

- эл аралык келишимдерди түзүү жол-жобосуна, эл аралык долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, ошондой эле Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдар, чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар жана эл аралык уюмдар менен кызматташууга катышат;

- ишкерлерге демпингге каршы териштирүүлөрдү жүргүзүүдө жана Кыргыз Республикасынын ички рыногун коргоо боюнча жол-жоболордо консультациялык жардам көрсөтөт;

- атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу боюнча сунуштарды киргизет;

- банктык эмес финансы рыногун, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук системасын өнүктүрүү жана жөнгө салуу маселелери боюнча чет өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташат;

- жөнгө салынуучу субъекттердин жана инвесторлордун арасында финансылык рыноктун натыйжалуу жана ачык принциптерин жайылтат;

- кош салык салууну болтурбоо, кирешеге жана капиталга салык төлөөдөн баш тартуунун алдын алуу үчүн келишимдерди түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү уюштурат;

- белгиленген тартипте ички аудиторлорго сертификациялоо жүргүзөт;

- өзүнүн функцияларын жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун алкагында жөнгө салынуучу субъекттер менен кызматташат;

- атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн тоскоолдуктарды жоюу жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;

- өнөр жай (тамак-аш өнөр жайынан тышкары) боюнча долбоордук-издеп табуу жана илимий-изилдөө иштерин башкарууну уюштурат жана жүргүзөт;

- туризмди өнүктүрүүгө чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча сунуштарды даярдайт жана туризм тармагына чет өлкөлүк капиталдын агылып келиши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча сунуштарды киргизет;

- Кыргыз Республикасынын аймагында туризм чөйрөсүндө иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке жактар тарабынан ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоо маселелери боюнча маалыматтык, методикалык жана консультациялык жардам көрсөтөт;

- республиканын туристтик уюмдарына инвестицияларды тартуу үчүн туризм чөйрөсүндө алардын бизнес-долбоорлорун илгерилетүүдө, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен инвестициялык байланыштарды өнүктүрүүдө көмөк көрсөтөт;

- туристтик кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүүгө жана туристтик иштин бардык субъекттери үчүн бирдей шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтөт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189, 2023-жылдын 29-майындагы № 291 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

5. Министрликтин укуктары

13. Министрлик белгиленген иш чөйрөсүндөгү функцияларды жүргүзүү максатында төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Министрликтин иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча сунуштарды киргизүүгө;

2) Кыргыз Республикасынын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө чет мамлекеттер менен кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссияларды түзүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;

3) Министрликтин иш чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен түзүлүүчү эл аралык келишимдери боюнча сунуштарды киргизүүгө;

4) Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо кеңешин түзүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;

5) Кыргыз Республикасынын атынан эл аралык келишимдерге белгиленген тартипте кол коюуга;

6) Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча, анын ичинде ведомстволор жана өкмөттөр аралык деңгээлдерде эл аралык институттардын, комиссиялардын, эксперттик топтордун, атайын жумушчу топтордун ишине катышууга;

7) экономикалык чөйрөдө Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн Министрликтин чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүн белгиленген тартипте ачууга;

8) Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык (региондук) уюмдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоого;

9) Министрликтин компетенциясына кирген иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донор өлкөлөрдүн гранттарын белгиленген тартипте тартууга;

10) Министрликтин иш чөйрөсүндө координациялык жана кеңешмелик (кеңештер, комиссиялар, топтор), анын ичинде ведомстволор аралык органдарды түзүүгө;

11) Министрликтин иш чөйрөсүнүн багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, илимий-изилдөө жана башка мекемелердин өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди (макулдашуу боюнча) мамлекеттик программаларды, концепцияларды жана башка долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн ишке тартууга;

12) мыйзам бузуулар боюнча иштерди кароодо, текшерүүлөрдү жана экспертизаларды жүргүзүүдө, ошондой эле ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда консалтингдик, баалоочу, аудитордук, юридикалык жана башка уюмдарды, эксперттерди жана адистерди, анын ичинде айрым иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу укугуна ээ болгон чет өлкөлүк эксперттерди жана адистерди ишке тартууга;

13) Министрликтин кызыкчылыктарын соттук инстанцияларда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана башка уюмдарда коргоого;

14) Министрликтин иш чөйрөсүнө тиешелүү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана ишканалардан, кызмат адамдарынан жана жарандардан белгиленген тартипте суроого жана алууга;

15) белгиленген тартипте маалыматтык-маалымдама кызмат көрсөтүүлөрүн берүүгө;

16) бузуулар жөнүндө иштер боюнча протоколдорду түзүүгө жана токтомдорду чыгарууга, жазаларды колдонууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуулардын кошумча укуктук натыйжаларын колдонууга;

17) Министрликтин грамоталарын, төш белгилерин жана башка ведомстволук сыйлыктарын белгиленген тартипте уюштурууга;

18) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга.

6. Министрликтин ишин уюштуруу

14. Министрликти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу экономика жана коммерция министри жетектейт.

15. Министрликте министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басарларынын кызмат орундары каралган.

16. Министрдин биринчи орун басары жана орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, министрге түздөн-түз баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Министрликтин ишин уюштурат. Министрдин биринчи орун басары жана орун басарлары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси менен кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн. 

17. Экономика жана коммерция министри:

1) Министрликтин ишине жалпы жетекчилик кылат жана министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик алат;

2) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар жана уюмдар менен болгон мамилелерде Министрликтин атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө келишимдерге белгиленген тартипте кол коёт;

3) өзүнүн компетенциясынын же берилген ыйгарым укуктарынын чегинде чет мамлекеттерде жана эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын атынан чыгат;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жана анын тапшырмасы боюнча эл аралык келишимдерге кол коёт;

5) Министрлер Кабинетинин Төрагасына министрдин биринчи орун басарын жана орун басарларынын кызмат орундарына дайындоого талапкерлерди көрсөтөт;

6) министрдин биринчи орун басарынын, министрдин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача тартип каралбаса, Министрликтин борбордук аппаратынын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмүн бекитет, ал Министрликтин милдеттери менен функцияларынын өзгөрүшүнө байланыштуу гана өзгөрүшү мүмкүн. Мында экономика жана коммерция министрин дайындоо Министрликтин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача тартип каралбаса, белгиленген ченемдердин чегинде Министрликтин борбордук аппаратынын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн штаттык ырааттамасын бекитет;

9) Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү, аймактык бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;

10) Министрлер Кабинетинин кароосуна Министрликтин ведомстволук түзүмдөрү жөнүндө жоболордун долбоорун киргизет;

11) Министрликтин коллегиясы жөнүндө жобону бекитет;

12) адам ресурстарын башкаруу (же кадрдык камсыздоо) маселесин тейлеген министрдин орун басарынын сунушу боюнча Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерин, аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин орун басарларын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;

13) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, ошондой эле кызматтар жана фонддор түрүндө түзүлгөн ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу үчүн сунушту белгиленген тартипте киргизет;

14) кызматтар жана фонддор түрүндө түзүлгөн ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун басарларынан тышкары, ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин сунуштары боюнча ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун басарларын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;

15) Министрликтин карамагына кирген мамлекеттик ишканаларды мыйзамдарга ылайык түзүү, жоюу, кайра уюштуруу боюнча чечимдерди кабыл алат, алардын уставдарын бекитет;

16) белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Министрликтин карамагына кирген мамлекеттик ишканалардын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу, аларга карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонуу боюнча сунуштарды киргизет;

17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ДСУга Министрликтин өкүлүн, ошондой эле соода өкүлдөрүн, региондук соода өкүлдөрүн, соода өкүлчүлүктөрүнүн, алардын региондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин дайындайт;

18) Министрликтин системасынын кызматкерлери тарабынан милдеттүү аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат;

19) Министрликтин кызматкерлеринин өкүлдүк органы менен жамааттык келишимге кол коёт;

20) белгиленген тартипте Министрликтин мүлкүн башкарат жана каражаттарын тескейт, бүтүмдөрдү түзөт;

21) Министрликтин системасындагы өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого, ардак наамдарды ыйгарууга көрсөтөт;

22) Министрликте кызмат орду боюнча жарандык коргонуунун начальниги болуп саналат жана жарандык коргонууга жетекчилик кылат;

23) Министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнө тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын контролдойт;

24) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында чечимдерди жокко чыгаруунун башка тартиби белгиленбесе, Министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн чечимдерин жокко чыгарат;

25) айрым ыйгарым укуктарды ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилерине өткөрүп берүүгө укуктуу;

26) Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңештин курамын бекитет;

27) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 702 токтомунун редакциясына ылайык)

18. Министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басарлары министр тарабынан алардын карамагына берилген маселелер боюнча өз алдынча чечим кабыл алат, тейлөөчү иш багыттары боюнча ишти уюштурат.

19. Министрдин тейлөөчү орун басары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача тартип каралбаса, экономика жана коммерция министринин номенклатурасына кирген административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген Министрликтин мамлекеттик жарандык кызматчыларын кызмат ордуна дайындоо, которуу, ротациялоо жана кызмат ордунан бошотуу үчүн сунуштарды даярдайт.

20. Министрликте 11 адамдан турган коллегия түзүлөт. Коллегиянын мүчөлөрү болуп кызмат орду боюнча министр, министрдин биринчи орун басары, министрдин орун басарлары жана Министрликтин укуктук маселелерди тейлөөчү түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси саналат. Коллегиянын курамына милдеттүү түрдө макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү кирет.

21. Министрликтин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында белгиленген тартипте Министрликтин Коомдук кеңеши түзүлөт жана иштейт, ал коомдук башталышта иштеген консультативдик-көзөмөлдөөчү орган болуп саналат.

22. Министрликте мамлекеттик жана жарандык кызматкерлердин этикасы боюнча комиссия иштейт.

23. Ведомстволук бөлүмдөр өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилүүчү жоболор боюнча өз алдынча жүргүзөт жана түздөн-түз Министрликке баш иет.

24. Аймактык бөлүмдөр өз ишин экономика жана коммерция министри тарабынан бекитилүүчү жоболорго ылайык жүргүзөт.

25. Министрликтин борбордук аппаратын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн күтүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.

7. Корутунду жоболор

26. Министрликтин ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

27. Министрликтин иши токтотулганда, анын ишинин жүрүшүндө түзүлгөн документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу