КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
Бишкек шаары, 2018-жылдын 30-августу № 1
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2015-жылдын 27-февралындагы № 45 "Туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу боюнча методологияны жана мамлекеттик стратегиялык документтердин стратегиялык пландаштыруунун негиздерине шайкештигине баалоо жана инвентаризациялоо боюнча методологияны бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Региондук пландоо документтерин иштеп чыгуу процессинин катышуучуларына методологиялык колдоо көрсөтүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы ПЖ № 2 "2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2015-жылдын 27-февралындагы № 45 "Туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу боюнча методологияны жана мамлекеттик стратегиялык документтердин стратегиялык пландаштыруунун негиздерине шайкештигине баалоо жана инвентаризациялоо боюнча методологияны бекитүү жөнүндө" буйругуна (Туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу боюнча (Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2015-жылдын 27-февралындагы № 45 буйругу менен бекитилген).doc) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу боюнча методология" 1-тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Стратегиялык пландоо жана региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын Программаларга мониторинг жүргүзүү жана экспертизалоо бөлүмү:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жобонун 17-пунктуна ылайык, ушул буйрукту белгиленген тартипте каттасын;
- ушул буйрукту расмий жарыялоо жана министрликтин сайтына жайгаштыруу жана аны белгиленген тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн үч жумуш күндүн ичинде, ушул буйрукту жарыялоо булагын көрсөтүү менен кагаз жүзүндө жана электрондук алып жүрүүчүдө мамлекеттик жана расмий тилдеги эки нускадагы ушул буйруктун көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине мамлекеттик каттоого жөнөтсүн;
- күчүнө кирген күндөн үч жумуш күндүн ичинде ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратына жөнөтсүн.
3. Уюштуруу-техникалык жана финансылык камсыздоо башкармалыгынын контролдоо жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү ушул буйрукту статс-катчыга, министрдин орун басарларына, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана министрликтин ведомстволук органдарынын жетекчилерине жеткирсин.
4. Стратегиялык пландоо жана региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын Программаларга мониторинг жүргүзүү жана экспертизалоо бөлүмү ушул буйрукту министрликтерге жана административдик ведомстволорго жеткирсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо стратегиялык пландоо жана региондорду өнүктүрүү маселелерин тескөөгө алган министрдин орун басарына жүктөлсүн.
6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын экономика министри | О.Панкратов |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин |
Туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу боюнча
МЕТОДОЛОГИЯ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу боюнча методология (мындан ары - Методология) мамлекеттик стратегиялык документтерди, ошону менен бирге региондук пландаштыруу документтерин иштеп чыгуунун тартибин аныктайт.
2. Методология мамлекеттик стратегиялык документтерди, региондук пландаштыруу документтерин (мындан ары - стратегиялык документ) иштеп чыгууда колдонулат жана стратегиялык документтерди унификациялоого, системага түшүрүүгө жана байланыштырууга багытталган.
3. Стратегиялык документтердин максаттары жана милдеттери мамлекеттик башкаруу системасынын төмөнкүдөй элементтери аркылуу түзүлөт:
- башкаруунун мамлекеттик институттары, анын ичинде, райондук мамлекеттик администрациялары (мындан ары - РМА);
- мыйзамдар;
- кадрдык потенциал;
- текшерилген саясый чечимдерди кабыл алуу үчүн маалыматтардын жеткиликтүүлүгү жана аныктыгы.
4. Мамлекеттик стратегиялык документ - бул мамлекеттик саясаты мамлекеттик стратегиялык пландаштыруунун белгиленген формадагы жазуу түрүндөгү расмий документ түрүндө иштелип чыккан, деңгээлге жана тартипке ээ болгон, ишке ашыруу мөөнөттөрү боюнча чектелген жана тийиштүү ченемдик укуктук акты менен бекитилген инструменти.
2. Жумушчу топ. Стратегиялык документтерди иштеп чыгууга даярдануу
5. Стратегиялык документтин долбоорун иштеп чыгууну демилгелеген мамлекеттик органдын стратегиялык документинин долбоорун иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ бекитилет.
6. Жумушчу топтун курамына, профилдик адистерден тышкары, зарылдыгына жараша юриспруденция, финансы жана экономика тармагындагы адистер, мамлекеттик органдардын, анын ичинде РМА жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, экологдор жана айлана чөйрөнү коргоо маселелери боюнча адистер, мамлекеттик башкаруу жана коррупциянын алдын алуу маселелер боюнча эксперттер, этнос аралык өнүгүү тармагында эксперттер киргизилет. Андан тышкары, жумушчу топтун курамына башка адистер, ошондой эле башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн. Жумушчу топтун курамы туруктуу өнүктүрүү моделинин бардык түзүмдөрүн иштеп чыгууну эске алуу менен түзүлүшү жана сапаттуу стратегиялык документти иштеп чыгууга мүмкүндүк бериши керек.
7. Стратегиялык документтерди иштеп чыгуу процесси мамлекеттик башкаруу органдарынын, региондук өкүлчүлүктөрдүн, анын ичинде РМА, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын жана жарандык сектордун бардык кызыкдар тараптарынын тыгыз өнөктөштүгүндө ишке ашырылышы керек.
3. Стратегиялык документтерди түзүүдө ишти уюштуруунун стадиялары.
8. Стратегиялык документтерди иштеп чыгуудагы ишти уюштуруу төмөнкүдөй этаптарды болжолдойт:
1-этап: Стратегиялык документти иштеп чыгуу процессин расмий демилгелөө;
2-этап: Төмөнкүлөрдү камтыган уюштуруу планын иштеп чыгуу жана бекитүү:
- стратегиялык документти иштеп чыгуу процессинин координациялык механизмин жана башкаруу схемасын;
- жумушчу топтун курамын;
- эл аралык донор уюмдар менен кызматташуу боюнча иш-чараларды;
- жарандык коом жана маалыматтык-билим берүүчү иш-чараларды кошо, процесстин башка катышуучулары менен өз ара аракеттенүү форматтарын жана жол-жоболорун;
- стратегиянын эки ортодогу жана финалдык жыйынтыктарын талкуулоого байланыштуу башка уюштуруу иш-чаралары.
3-этап: Стратегиялардын долбоорлорун бекитүү процессин коштоо.
4. Стратегиялык документти иштеп чыгуудагы стандарттык талаптар
9. Бөлүмдөрдү даярдоо боюнча жалпы талаптар
10. Бөлүмдөрдү иштеп чыгууга карата жалпы талаптар төмөнкүлөргө алып келет:
1) Өлкөнү өнүктүрүүнүн учурдагы тенденцияларына терең талдоо жана баалоо жүргүзүү, анын ичинде региондорду ажыратып алганда.
2) Тармактык, сектордук, ошону менен бирге региондук пландардан, аныкталган көйгөйлөрдү эске алуу менен стратегияны аяктоо учурунда каалаган абалга жетишүү ниеттеринен улам максаттарды негиздөө жана коюу.
3) Коюлган максаттардын конкреттүү натыйжаларга багытталгандыгы.
4) Коюлган максаттардын калк үчүн ыңгайлуулугу.
5) Коюлган максаттардын чындыгы жана реалдуулугу.
6) Коюлган максаттарга илгерилөө үчүн артыкчылыктуу багыттарды аныктоо жана түзүү аныкталган көйгөйлөрдүн негизинде ишке ашырылышы керек, аларды чечүү кыска ыкма же айрыкча ишенимдүү түрдө максаттарга карай жылууга мүмкүндүк берет.
7) Артыкчылыктуу багыттардын ар бири боюнча конкреттүү милдеттерди жана аларды чечүү боюнча аракеттерди/чаралары коюу зарыл, анын ичинде региондорду ажыратып алганда.
8) Чаралардын планы конкреттүү министрлик, ведомство жана жалпысынан, Өкмөт үчүн Стратегиялык документти ишке ашыруу боюнча "Иш-чаралар Планы" болушу керек.
9) Стратегиянын аракеттеринин/чараларынын планы мүмкүн болгон бардык булактардан реалдуу каржылоо менен камсыздалышы керек, аны Стратегиялык документтин планын бюджеттештирүү стадиясында аныктоо керек.
10) Башкаруунун төмөн турган райондук деңгээлинен же жергиликтүү өз алдынча башкаруудан өнүктүрүүнүн тийиштүү чөйрөлөрү боюнча сурамдарды жана муктаждыктарды эсепке алуу.
11) Стратегиялык документтин максаттарды жана милдеттерди региондук деңгээлде жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде ишке ашырууну камсыздоо жарамдуулугу.
5. Маалыматтык материалдарды колдонуу
11. Иштин жүрүшүндө төмөндөгүдөй документтерди жана маалыматтык материалдарды жетекчиликке алуу сунушталат:
- Туруктуу өнүктүрүүгө өтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын жана улуттук стратегиялык документтерди;
- тийиштүү министрликтерди, ведомстволорду өнүктүрүүнүн стратегиялык жана программалык документтерин;
- региондорду өнүктүрүүнүн стратегиялык жана программалык документтерин;
- алдыдагы үч-беш жылга бюджеттин орто мөөнөттүү болжолун;
- алдыдагы үч-беш жылга өлкөгө жардам берүүнүн донордук стратегиясын;
- туруктуу өнүктүрүү максаттары тууралуу отчетторду;
- Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди бекемдөө чөйрөсүндөгү концепцияларды;
- гендердик теңдикке жетишүү чөйрөсүндөгү стратегиялык документтерди;
- туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу боюнча маалыматтык жана методологиялык материалдарды;
- райондук деңгээлдин сурамдары жана муктаждыктары, анын ичинде РМА үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сурамдары.
6. Стратегиялык документтердин бөлүмдөрүнүн структурасы
12. Бөлүмдөрдүн жалпы көлөмү 10 беттен ашпаш керек, анын ичинде:
1. Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо - 2ден 6 бетке чейин, чечилүүчү көйгөйлөрдүн масштабына жараша.
2) Жетишкендиктер жана көйгөйлөр - 2/3 бет.
3) Максаты - 1/3 бет.
4) Артыкчылыктар - 1/3 бет.
5) Артыкчылыктардын ар бири боюнча милдеттер жана аракеттер/чаралар - 2ден 4 бетке чейин.
6) Күтүлгөн натыйжалар - 1/3 бет.
7) Ыңгайлуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер - 2/3 бет.
7. Стратегияга карата жалпы талаптар
13. Жалпысынан, стратегиялык документке карата жалпы талаптар төмөнкүлөргө алып келет:
- жарандардын басымдуу көпчүлүгү үчүн жаңы стратегиялык документтин жагымдуулугу;
- туруктуу өнүктүрүүгө өтүүнү эске алуу менен максаттарды жана милдеттерди коюудагы жаңылыгы;
- өлкөнүн жарандарынын бардык категорияларына багытталгандыгы;
- туруктуу өнүктүрүүгө өтүү шарттарында чаралар саясатынын чындыгы жана реалдуулугу;
- коомдун биригиши жана мамлекетке ишенимдин өсүшү;
- стратегияны ишке ашыруунун мезгилине пландалган ири инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүүдөн социалдык пайда жана экологиялык кесепеттерди баалоо;
- конкреттүү жыйынтыктарга багытталгандыгы;
- туруктуу өнүктүрүүгө өтүү этабында региондук адистешүүнүн долбоордук-максаттуу моделине өтүү;
- адамдын ден соолугуна жана курчап турган чөйрөгө минималдуу терс таасири менен долбоорлорду ишке ашырган бизнес субъекттери үчүн жеңилдиктер.
Иштелип чыккан стратегиялык документтин ушул Методиканын талаптарына шайкештиги текшерүү баракчасы менен текшерилет (№6 тиркеме)
I бөлүм. Стратегиялык документтерди иштеп чыгуу этаптары
14. Стратегиялык документтерди иштеп чыгуу туруктуу өнүктүрүү моделинин принциптери менен кадамдык ырааттуулуктун негизинде ишке ашырылат:
1-кадам: Максат коюу
15. Максат стратегиялык документ аяктаган учурга тармакты же секторду өнүктүрүүдө каалаган абалга жетишүүнүн тармактык, сектордук жана региондук пландарынан жана ниеттерден улам аныкталат.
16. Максаттарды түзүүдөгү стандарттык талаптар:
- формасы боюнча кыскалыгы;
- мазмуну боюнча сыйымдуулугу;
- мазмунунун конкреттүүлүгү жана тактыгы;
- ченөө мүмкүндүгү (артыкчылык берилет);
- саясаттын чаралары боюнча негиздүүлүгү;
- ресурстары боюнча реалдуулугу.
17. Ийгиликсиз түзүлгөн максаттын критерийлери:
- ашыкча текебердик;
- популизм;
- көзгө көрүнбөстүгү;
- максаттын чаржайыттуулугу;
- негиздөөнүн начардыгы.
18. Бул этапта социалдык, экономикалык жана экологиялык аспекттердин өз ара байланышын жана өз ара көз карандылыгын эске алуу зарыл.
19. Максат туруктуу өнүктүрүүнүн базалык түзүүчүлөрүнөн улам түзүлөт. Туруктуу өнүктүрүүнүн моделине өтүү этабында максаттарды түзүүнүн жагымдуулугунун критерийлери:
- туруктуу өнүктүрүүгө өтүү жана адам көргөн, колдон келсе өлчөөгө боло турган пайда;
- тоолуу аймактарды кошо алганда, жакырчылыкты кыскартуу;
- экологиялык тобокелдиктерди башкаруу аркылуу ресурсту үнөмдөөчү өндүрүш;
- калдыктарды минималдаштыруу;
- жер жана суу ресурстарын колдонуунун натыйжалуулугу;
- энергия үнөмдөөчү технология;
- ден соолуктун сапаты жана курчап турган чөйрөнү булгоонун деңгээли;
- туруктуу өнүктүрүүнү башкаруу үчүн билим берүү жана адистерди бүтүртүп чыгаруу;
- курчап турган чөйрөнү сактоо үчүн маданияттын жана жоопкерчиликтин деңгээли.
20. Мамлекеттик стратегиялык документтин максатына жана багытына жараша, бул критерийлер ар кандай даражадагы артыкчылыкта жана камтууда чагылдырылышы мүмкүн.
21. Региондук өнүктүрүү документтери үчүн максаттарды аныктоодо жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктары эске алынат, алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары башкаруунун райондук деңгээлге жөнөткөн сурамдардын чегинде аныкталат. Сурамдын формасы 7-тиркемеде.
2-кадам Өнүктүрүүнүн учурдагы тенденцияларын талдоо жана баалоо
22. Алдыга коюлган максаттарга карата жылуу үчүн өнүгүүнүн учурдагы тенденцияларын талдоо жана баалоо, көйгөйлөрдү жана жетишкендиктерди аныктоо керек.
Бул кадам, ошондой эле, көйгөйлөрдү жана жетишкендиктерди аныктоо көз карашынан алганда да маанилүү, алардын негизинде кийинки кадамдарда өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары аныкталат.
23. Бул бөлүмдө каралып жаткан тармактын, сектордун, ведомствонун учурдагы абалына талдоо (баалоо) жүргүзүү керек. Ошондой эле, бул бөлүмдө төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл:
- стратегиялык документте каралган чөйрөдөгү 3-5 жылдык мезгилде жетишилген натыйжалар (терс жана оң натыйжаларды көрсөтүү);
- стратегиялык документте каралган чөйрөдөгү бар болгон негизги көйгөйлөр;
- стратегиялык документте каралган чөйрөнүн өнүгүшүнө тоскоол болгон факторлор.
Бул этапта кызыкдар тараптардын чөйрөсүн кеңейтүү жана жакырчылыкты кыскартуу, курчап турган чөйрөнүн абалы, гендердик өнүгүү маселелерин кошкондо, экономикалык процесстердин, социалдык аспектилердин өз ара таасирлерине талдоо жана баалоо жүргүзүүгө жөндөмдүү аналитиктердин тобун аныктоо керек.
24. Региондук өнүктүрүү документтери үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан сурамдарга талдоо жүргүзүү, аларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын чегинен чыккан жана региондук деңгээлде чечилиши мүмкүн болгон көйгөйлөр көрсөтүлөт. Мындай сурамдар мындан ары пландоо үчүн "башат чекиттери" болушу мүмкүн.
25. Экономикалык процесстердин адам өнүгүүсүнө, курчап турган чөйрөгө болгон таасирин талдоо жана баалоо.
26. Бул байланыштардын жана өз ара таасирдин татаалдыгынан улам, төмөнкүлөрдү кошо, адамды өнүктүрүүнүн көз карашынан алганда, алардын ичинен айрыкча маанилүүсүнө талдоо жүргүзүү керек:
- адамдын ден соолугуна жана жашоо турмушунун сапатына таасир тийгизе турган курчап турган чөйрөнүн (жердин, суунун, абанын) абалынын көрсөткүчтөрү;
- тармакты/секторду өнүктүрүү көрсөткүчү жана курчап турган чөйрөнүн абалы менен калктын жашоо турмушунун деңгээлинин логикалык жана сандык байланышы;
- тармакты же секторду өнүктүрүүнүн курчап турган чөйрөгө жана эмгекке жөндөмдүү калктын жумуштуулугуна тийгизген таасиринин көрсөткүчтөрү;
- сектордун энергия натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү;
- тамак аш продуктыларынын сапаты, экологиялык таза өндүрүш жана калктын ден соолугу;
- социалдык инфраструктуранын көрсөткүчтөрүн талдоо жана ага жетишүүнү баалоо;
- жыныс/жаш категорияларына бөлүү менен демографиялык кырдаалды талдоо жана баалоо;
- жашыл жумуш орундарын түзүү үчүн экологиялык жагымдуу долбоорлорду инвестирлөө.
27. Экологиялык факторлор түздөн-түз жашоо турмуштун сапатынын төмөнкү сыяктуу көрсөткүчтөрүнө таасир тийгизет: ден соолук, тамак аш продуктылары, эмгек шарттары жана калктын кирешеси, турак жай шарты. Талдоо жүргүзүүдө өзгөчө көңүлдү төмөнкүдөй факторлорго буруу керек:
- абанын, жер кыртышынын, суунун булгануу деңгээли;
- калктын турак-жай - коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүнө жетишүүсү: турак жай, ичүүчү таза суу, канализация, таштанды жыйноо менен камсыздалышы;
- үй чарбачылыгында энергиянын типтерин колдонулушу;
- калктын аялуу тобун социалдык жактан коргоону камсыз кылуу боюнча чаралар.
28. Реалдуу өндүрүштүн, курчап турган чөйрөнүн абалынын жана социалдык өнүктүрүүнүн, жакырчылыкты кыскартууну кошо, (агрардык сектордун мисалында) өз ара таасирлерин талдоо жана баалоо.
Жаратылыш ресурстарынын сапаты жана жакырчылык менен (айыл чарбасынын мисалында) өз ара аракеттенүүдө реалдуу өндүрүштү талдоону жана баа берүүнү төмөнкүдөй өз ара байланыштар жана көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүү сунушталат:
- айыл чарбасы менен алектенген жумушчулардын жакырчылыгынын көрсөткүчтөрү;
- айыл чарба өндүрүшүндө колдонулуучу жаратылыш ресурстарынын (жердин жана суунун) абалынын көрсөткүчтөрү;
- жаратылыш ресурстарынын абалынын көрсөткүчтөрү менен өндүрүштүн көлөмүнүн жана өстүрүлүүчү өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрүнүн ортосундагы логикалык жана сандык байланыш;
- жаратылыш ресурстарынын абалынын көрсөткүчтөрү менен фермерлердин кирешелеринин көрсөткүчтөрүнүн ортосундагы логикалык жана сандык байланыш;
- фермердин кирешелеринин жана жакырчылыктын көрсөткүчтөрүнүн ортосундагы логикалык жана сандык байланыш.
Тармактагы (сектордогу) кырдаалды талдоо үчүн ретроспективдүү мезгил стратегиялык мезгилди камтышы керек. Көйгөйлөрдүн табылган топтому жана 3-кадамда коюлган максаттарга карай жылуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо үчүн жетишүүлөр учурдагы кырдаалды терең талдоонун негизги индикатору болуп калышы керек.
29. Өнүктүрүүнүн экономикалык, экологиялык жана социалдык тенденцияларына гендердик талдоо
Туруктуу өнүктүрүүдөгү тенденцияларды гендердик талдоо аялдар жана эркектер үчүн тең укуктук жана тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу туруктуу өнүктүрүүнүн негизги 3 компонент боюнча каралат:
- экономикада: эмгекке бирдей укуктар; экономикалык ишкердүүлүккө катышууга бирдей мүмкүнчүлүктөр; эмгектин бирдей баалуулугу; киреше табууга бирдей мүмкүнчүлүк;
- экологияда: жаратылыш ресурстарын пайдаланууга бирдей мүмкүнчүлүк алуу; коопсуз айлана чөйрөгө бирдей укук;
- социалдык өнүгүүдө: социалдык жыргалдарга бирдей мүмкүнчүлүк; социалдык коргоого бирдей мүмкүнчүлүк.
Учурдагы абалдын толук кандуу сүрөттөлүшүн алуу үчүн социалдык өнүктүрүү блогунда гана эмес, экономика жана экология маселелери боюнча да маалыматтарды жыныстык жактан ажыратуу менен чогултуу зарыл. Алынган маалыматтарды баалоо керек жана гендердик айырмачылыктар кайда жана кантип пайда болгондугуна жана бул айырмачылыктар проблемалардын пайда болушуна кандайча таасир бергендигине жараша тыянак чыгаруу керек.
3-кадам: Өнүктүрүүнүн моделин тандоо
30. Стратегиялоо объектине жараша региондук саясаттын функционалдык багыттары ачылышы керек: Социалдык саясат; Демографиялык аспекттер; Эмгек рыногу; Региондук экономикалык саясат; Экологиялык саясат; Инвестициялык саясат; Инфратүзүмдү өнүктүрүү; Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу саясаты.
31. Региондорду туруктуу өнүктүрүү үчүн өнүктүрүүнүн эскирип алган тармактык ыкмалардын ордуна ар бир регионду өнүктүрүүнүн адистешүүсүнө жана региондор аралык интеграцияга негизделген заманбап долбоордук-максаттуу модель сунушталат.
32. Стратегиялык документтердин өтмө бөлүмү болуп регионалдык өнүктүрүүнүн бөлүмү болуу зарыл, анын ичинде мамлекеттин ичинде жана анын чегинде ар бир облустун, райондун, айылдын конкуренттик артыкчылыктарын көрсөтүү зарыл, мисалы: мамлекеттин бир катар агрардык региондорунда экологиялык таза өндүрүмдү чыгаруу.
Мында Мамлекеттик тармактык программалардын милдеттерин жана иш-чараларын жергиликтүү деңгээлге которуу механизмин жана инструменттерин караштыруу зарыл. Ушул программалардын жергиликтүү деңгээлдеги пайдаларын көрсөтүү маанилүү.
33. Узак мөөнөттү мезгилге күтүлүүчү көрсөткүчтөрдүн системасы интегралдык багыттарды караштырышы керек:
- жашоо сапатын жогорулатуу (автожолдордун узактыгы, ичүүчү таза суу менен камсыздоо, калктын жумуштуулук деңгээли, реалдуу кирешелердин деңгээли, билим берүү жана медицина кызматтарынын сапатынын деңгээли);
- экономикалык потенциалды чыңдоо (инфратүзүмдү капиталдаштыруу деңгээли, ишканаларды капиталдаштыруу деңгээли, продукциянын биргелешкен экспорту, региондук өндүрүштөгү бириктирилген үлүш, дотациялык аймактардын үлүшү, тартылган инвестициялардын көлөмү);
- жашоонун көп түрдүүлүгүн кеңейтүү (илимий, чыгармачыл, бизнес, маданий интеллигенциясынын көрүнүктүү үлгүлөрүнүн саны, социалдык-маданий инфратүзүмдүн обьекттеринин сапаты жана саны, социалдык-маданий иш-чаралардын жана окуялардын саны);
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу чыңдоо (чөйрөнүн коопсуздук деңгээли, коомдук ишенимдик жогорку деңгээли жана кабыл алынуучу чечимдердин ачыктыгы, жогорку социалдык мобилдүүлүк жана долбоорлорго коомдук катышуу, ар түрдүү социалдык топтордун кызыкчылыктарынын балансы).
34. Индикаторлор өзүнө районду өнүктүрүүнүн негизги чөйрөлөрүндө баалоо көрсөткүчтөрүн камтышы керек: экономика, социалдык өнүгүү, билим берүү, саламаттык сактоо, коомдук коопсуздук, жергиликтүү бюджеттерди өнүктүрүү ж.б.
35. Көрсөткүчтөрдү талдоо өнүктүрүү көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүү динамикасын изилдөө негизинде жүргүзүлөт (№ 1 тиркеме).
4-кадам: Артыкчылыктуу багыттар
36. Бөлүмдүн бул бөлүгүндө талдоонун негизинде табылган көйгөйлөрдөн улам жана ал топтомдордон артыкчылыктуу багыттардын тизмегин түзүү зарыл.
Бул кадамда сектордук, тармактык жана региондук артыкчылыктарды өлкөнүн улуттук стратегиясында белгиленген улуттук артыкчылыктар менен байланышын камсыз кылуу маанилүү.
37. Сектордук жана тармактык артыкчылыктар өнүктүрүүнүн ведомстволук ички кызыкчылыгын гана чагылдырбастан, ошондой эле туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиялык артыкчылыктарын жылдыруунун үлүштүк инструменттери болуп кызмат кылышы керек.
38. Туруктуу өнүктүрүүнүн моделин эске алуу менен артыкчылыктарды түзүүнүн өзгөчөлүгү алар калк тарабынан өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруунун механизмин оптималдаштыруу, жаратылыш ресурстарын колдонууну жана курчап турган чөйрөгө таасир этүүнү оптималдаштыруу үчүн түзүлө тургандыгында. Мындан тышкары, артыкчылыктар тийиштүү мамлекеттик органдардын алар боюнча аракеттерди жүзөгө ашыруу укуктарына жана ыйгарым укуктарына шайкештигине баалоодон өтүшөт.
39. Артыкчылыктарды тандоо боюнча иш төмөнкүдөй талаптарга жооп бериши керек:
- тыкыр жүргүзүлгөн талдоонун негизинде, анын ичинде муниципалитеттердин социалдык экономикалык өнүктүрүү программаларын (СЭӨП) талдоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинен сурамдар аркылуу табылган көйгөйлөр боюнча ишенимдүү маалыматтарды колдонуу;
- арасында ар кандай конкреттүү сектордогу/тармактагы долбоорлорду ишке ашыруучу өкмөттүк эмес уюмдар, эл аралык уюмдар болгон бардык кызыкдар тараптар менен биргеликте артыкчылыктарды белгилөө;
- ар бир артыкчылыкты социалдык өнүктүрүүгө жана жакырчылыктын деңгээлине таасир этүү жагынан, ошондой эле реалдуу өндүрүштүн курчап турган чөйрөгө жана жаратылыш ресурстарына таасир этүүсү жагынан дагы баалоо зарыл. Кайсы артыкчылыктар гана реалдуу түрдө коюлган максаттарга жеткире тургандыгын так жана негиздүү түшүнүү үчүн таасир этүүлөргө терең талдоо жүргүзүү маанилүү;
- тандалып алынган артыкчылыктар өлкөнүн жарандарынын, кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарына жооп бериши жана саясий жактан аларга жетишүүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө дал келиши керек;
- өнүктүрүүнүн региондук программаларынын артыкчылыктары улуттук жана тармактык деңгээлдеги мамлекеттик программалардын негизги жоболорун чагылдырышы керек. Зарыл болгон учурларда, мамлекеттик программалардын милдеттерин өнүктүрүүнүн региондук программаларына киргизүү боюнча аналитикалык маалымат мамлекеттик программанын милдетин жана аны региондук, жергиликтүү деңгээлге которуу методун көрсөтүү менен таблица форматында тийиштүү жооптуу мамлекеттик органдан суратылышы мүмкүн.
5-кадам: Милдеттерди коюу
40. Сунушталган сектордук, тармактык жана региондук артыкчылыктардын ар биринин алкагында коюлган максаттарга жетишүү үчүн чечилиши зарыл болгон негизги милдеттерди коюу зарыл. Милдеттердин саны көп болууга тийиш эмес (5тен көп эмес). Милдеттерди коюу аларды чечүү үчүн зарыл болгон чаралардын көйгөйлөрүн аныктоого негизделет. Милдеттердин топтому ар бир артыкчылыктуу багыттар боюнча түзүлөт.
41. Ар бир артыкчылыктын алкагында коюлган милдеттер туруктуу өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына жооп бериши керек жана төмөнкүдөй болууга тийиш:
- реалдуу, башкача айтканда зарыл болгон финансылык ресурстардын көлөмү менен камсыздалууга тийиш;
- максатка ылайыктуу, башкача айтканда көйгөйлөрдү чечүүгө жана тандалып алынган артыкчылыктар боюнча максатка карай жылууну тездетүү үчүн каалаган жыйынтыктарды берүүгө тийиш;
- карама-каршы болбоого жана бири-бирин кайталап калбоого тийиш, башкача айтканда эгерде бир нече артыкчылыктар түзүлүп жатса, анда алар бири-бирине карама-каршы келбеш керек же бири-бирин кайталап калбаш керек; ошол эле учурда милдеттер бири-бирин толуктайт, башкача айтканда бири-бирине байланыштуу болушу мүмкүн.
6-кадам: Аракеттер/чаралар/инструменттер/механизмдер-Чаралар саясаты
42. Чаралар саясаты коюлган милдеттерди иш жүзүнө ашыруу боюнча механизмин аныктайт. Бул коюлган милдеттердин ар бирин чечүүнүн алкагындагы конкреттүү аракет/демилге. Бир милдетти чечүү үчүн бир нече ишти аткаруу же үч жана андан көп чараларды кабыл алуу керек болуп калышы мүмкүн. Эгерде милдеттерди чечүү "эмнеге жетишүү керек?" деген суроону болжосо, анда бул кадамда конкреттүү ишти түзүүдө суроо "милдет кантип чечилиши керек?" деп коюлушу керек. Бул үчүн чаралар, аракеттер жана механизмдер сүрөттөлүп жазылышы керек, алар жыйынтыктап келгенде өнүктүрүүнүн конкреттүү ар бир багыты боюнча мамлекеттик жөнгө салуунун саясатын түшүндүрөт.
43. Чараларды/аракеттерди иштеп чыгуу - бул билдирилген максаттарга жетүү үчүн белгиленген артыкчылыктуу багыттардын алкагында милдеттерди чечүүнүн ыкмаларын көрсөтүү. Иштелип чыккан чаралар жана аракеттер бирдиктүү бир түргө келтирилген форматына - Стратегиялык документтерди ишке ашыруу боюнча аракеттердин планына бириктирилет, ал анын ажырагыс бөлүгү болуп калат (1-тиркеме).
44. Бирдиктүү форматта даярдалган стратегияларды ишке ашыруу боюнча аракеттердин планы: (1) Планды бюджеттештирүү жол-жоболорун жүргүзүү үчүн негиз болуп кала тургандыгы жана (2) Планга мониторинг жүргүзүүнүн индикаторлорун иштеп чыгуунун жана Планды ишке ашыруунун жыйынтыктарын баалоо үчүн негиз болуп кала тургандыгы өзгөчө маанилүү болуп саналат.
45. Чараларды иштеп чыгууда маанилүү жол-жобо бул же тигил милдетти чечүүнүн сунушталган чараларын жыйынтыктардын индикаторлору аркылуу жабууну эксперттик баалоо болуп саналат. Сунушталган чаралар начар болуп калган учурда кайрадан карап чыгуу жана коюлган милдетти чечүү шек жаратпагандай жана иш-чаралардын/аракеттердин/инструменттердин сунушталган топтому менен ишенимдүү жабыла тургандай кылып күчтөндүрүү сунушталат.
Милдеттерди чечүү боюнча чараларды иштеп чыгууда белгиленген максаттардын, артыкчылыктуу багыттардын, милдеттердин жана аларды чечүүнүн каражаттарынын/чараларынын ортосундагы байланыш милдеттүү түрдө байкоодо болууга тийиш.
46. Мындай учурда туруктуу өнүктүрүүнүн моделин Кыргызстанда киргизүүнү эске алуу менен коюлган максаттар өзгөрүүсүз туруктуу өнүктүрүүнүн үч (экономика, адамды өнүктүрүү, экология) компонентинин жыйындысын эске алуучу артыкчылыктуу багыттардын ар бир боюнча мамлекеттик жөнгө салуу саясатынын адекваттуу чараларды түзүүнү талап кылат.
47. Саясаттын чаралары боюнча маалыматты төмөнкүдөй даярдоо зарыл:
- бириктирилген форматта бөлүмдүн мазмундук бөлүгү катары;
- бир түргө келтирилген тиркелген форматы (№ 1 тиркеме) боюнча "Стратегияны ишке ашыруу боюнча чаралардын/аракеттердин Планы" катары;
- бюджеттик жана бюджеттик эмес каражаттарды кошо (№ 2 тиркеме) стратегияны ишке ашыруу мезгилинде каржылоонун бардык булактары боюнча "Пландын чараларын жана аракеттерин ишке ашырууга финансылык ресурстарды баалоо боюнча" тиркеме катары.
7-кадам: Күтүлгөн натыйжалар
48. Программанын "Күтүлгөн натыйжалар" бөлүмүн тийиштүү артыкчылыктар боюнча сектордук министрликтерди жана ведомстволорду болжолдоонун жана эксперттик баалоонун негизинде даярдоо пландаштырылат. Жашоо турмуштун сапатын күтүлгөн өзгөртүүлөр боюнча базалык көрсөткүчтөрдүн топтомун иштеп чыгуу сунушталат. Гендердик өзгөчөлүгү бар көйгөйлөрдү гендердик индикаторлорду киргизүү зарыл.
49. Ар бир сектордук министрлик боюнча күтүлгөн натыйжалар боюнча ар бир адамдын кызыкчылыгын жана пайдасын көрсөтүүчү эки-үч көрсөткүчтү иштеп чыгуу боюнча рекомендация милдеттүү болуп саналат.
8-кадам. Чакырыктарды жана тобокелдиктерди баалоо
50. Бул бөлүмдө стратегиялык пландарды ишке ашыруу процессинде олуттуу татаалданууга алып келиши мүмкүн болгон күтүлгөн тобокелдиктерди жана коркунучтарды белгилөө сунушталат.
51. Төмөнкүдөй тобокелдиктерди жана коркунучтарды талдоо жана белгилөө сунушталат:
- социалдык-саясий;
- форс-мажордук;
- экономикалык;
- тобокелдиктер жана коркунучтар;
- өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу;
- энергетикалык коопсуздук;
- экологиялык коопсуздук;
- уюштуруучу-укуктук;
- маалыматтык;
- жеке;
- климаттык.
52. Стратегиялык документтерди иштеп чыгуу процессинин катышуучулары төмөнкүдөй сунуштарды сакташы максатка ылайыктуу:
- стратегиянын чараларын ишке ашыруу убагында пайда боло турган мүмкүн болуучу тобокелдиктерди, терс кесепеттерди, потенциалдуу татаалдыктарды аныктоо;
- тобокелдиктердин жана кесепеттеринин пайда болуу даражасын баалоо;
- тобокелдиктердин таасирин компенсациялоонун/ азайтуунун мүмкүндүгүн баалоо;
- күтүлгөн тобокелдиктерден жана коркунучтардан арылуу үчүн чараларды сунуштоо.
53. Тобокелдиктер жана коркунучтар боюнча келтирилген позицияларды туруктуу өнүктүрүүнүн дүйнөлүк тенденциясын жана өлкөнүн ичиндеги күтүлүп жаткан тобокелдиктерди жана коркунучтарды эске алуу менен талдоо сунушталат.
9-кадам. Финансылык ресурстарды баалоо
54. Стратегиялык пландарды ишке ашырууга финансылык ресурстарды баалоо бирдиктүү методология боюнча (ушул документтин 2-бөлүгүн караңыз), бир түргө келтирилген бирдиктүү формат боюнча (№ 2 тиркеме) жүргүзүлүшү керек.
10-кадам: Ишке ашыруу прогрессине мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоо индикаторлорун түзүү
55. Пландаштырылып жаткан форматтан жана Стратегиянын иш-чараларынын планын мазмунунан улам, Программаны ишке ашыруу прогрессине мониторинг жүргүзүү жана баалоонун индикаторлорунун матрицаларынын форматы даярдалган (4-тиркеме). Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун матрицасын толтуруу үчүн милдеттердин ар бири үчүн жыйынтыктардын индикаторлорунун (сандык) топтомун иштеп чыгуу сунушталат.
56. Иш жүзүндө өлчөөгө болбой турган иш-чаралар үчүн (ченемдер, коммуникативдик аракеттер) сапаттын индикаторун белгилөөгө жана жыл сайын жүргүзүү негизинде иш жүзүндөгү динамикага мониторинг жүргүзүүнү белгилөөгө болот.
57. Пландын ар бир милдетин чечүүнүн прогресси пландаштырылган жыйынтыктар менен иш жүзүндө жетишилген жыйынтыктардын ортосундагы айырмачылыктарды баалоо боюнча жыл сайын жүргүзүүнүн негизинде байкоо жүргүзүлөт.
II бөлүм. Стратегиялык документтерди ишке ашыруунун планын каржылоо
58. Стратегиялык документтердин пландарынын бюджетин эсептөө методологиясы.
1) Даярдоо этабы:
Бул этапта төмөнкүдөй милдеттерди чечүү болжолдонот:
1. Сунушталган эсептөө моделинин алкагында бюджеттин иш форматын даярдоо (№ 2 тиркеме).
2. Төмөнкүлөргө гана ылайык бюджеттин структурасын түзүү: (i) артыкчылыктар менен, (ii) максаттар менен, (iii) милдеттер менен жана (iv) стратегиялык пландын саясий чаралары менен.
3. Стратегиялык пландын бюджетин түзүүгө карата жалпы методологиялык ыкмаларды заказчы/министрлик/ведомство менен макулдашуу.
4. Кыргыз Республикасындагы колдонуудагы бюджеттик мыйзамдарды, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жумушчуларынын эмгегине акы төлөөнүн акыркы өзгөртүлгөн системасын кошо, талдоо жана баалоо.
5. Эл аралык донор уюмдардын тышкы жардамдары тууралуу отчёттук маалыматтарга инвентаризация жүргүзүү.
59. Төмөнкүдөй структура боюнча Пландын пландаштырылган демилгелерин жана чараларын ишке ашырууга тартылган ресурстардын бирдигинин мамлекеттик жана рыноктук нарктык көрсөткүчтөрү боюнча Прайс-баракчаны түзүү (№ 3 тиркеме):
1) мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын жумушчуларынын эмгегине орточо айлык акы төлөө;
2) эл аралык жана улуттук консультанттарга эмгегине акы төлөө, алар ишке тартылган учурда;
3) билим берүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутууну кошо демилгелерине чыгымдар;
4) талаа изилдөөлөрү;
5) маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр жана продуктылар;
6) рыноктук товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
7) транспорт чыгымдары;
8) бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери үчүн иш сапарынын чыгымдары.
60. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен Чаралардын жана иш-аракеттердин Планын каржылоонун максаттарына алдыдагы үч жылдык/ беш жылдыкка Бюджетти орто мөөнөттүү болжолдоонун (СПБ) контролдук цифралары боюнча финансы министрлигинин өкүлдөрү менен консультацияларды өткөрүү.
2) Стратегияларды ишке ашыруу планынын бюджетин түзүүнүн этабы
61. Бул этапта төмөнкүлөргө гана ылайык ишке ашырыла турган түздөн-түз бюджеттештирүү боюнча эсептөөлөр жүргүзүлөт:
- бюджеттештирүүнүн жумушчу моделинин таблицаларынын макулдашылган форматтарына (2-тиркеме);
- прайс-баракчага чыгарылган ресурстардын бирдигинин нарктык маалыматтарына (№ 3 тиркеме);
- пландын иш-чараларынын ар бирин аткаруу үчүн белгиленген мөөнөттөргө.
62. Пландын иш-чараларынын ар бири боюнча сунушталган иштин курамын жана чыгымдардын сметасын эксперттик макулдашуу процесси Пландарды бюджеттештирүү процессинде милдеттүү жол-жобо болуп саналат.
63. Чараларды эсептеп чыгаруу үчүн баштапкы формула:
мында:
М - чаранын наркы (керектөө);
Qi - тартылган адамдардын (же бирдиктердин) саны, 1-чаралардын чыгымдарынын ошол статьялары;
Рi - чыгымдалган ресурсту бирдигинин наркы 1-чаралардын чыгымдарынын ошол статьялары;
Тi - сарпталган айлардын саны 1-чаралардын чыгымдарынын ошол статьялары (айрым учурларда Тi, бирдиктердин санын билгизиши мүмкүн).
64. Милдеттерди эсептөө үчүн формула:
мында,
О - милдеттин наркы (керектөө);
Мi - i - ошол чаранын наркы.
Пландарды ишке ашырууга максаттар, артыкчылыктар жана финансылык чыгымдар жалпысынан милдеттерди эсептөө үчүн формулага окшош формула боюнча эсептелди.
65. Ошол эле учурда, "максаттар", "милдеттерге", "артыкчылыктарга" кетүүчү финансылык чыгымдардын суммасы - "максаттарга" кеткен чыгымдардын суммасы болуп саналат, ал эми стратегиялык пландарды ишке ашырууга кеткен финансылык чыгымдар жалпысынан - бул стратегиянын артыкчылыктарына кеткен финансылык чыгымдардын суммасы.
Финансылык ажырымды эсептөө үчүн формула (максаттардын мисалында):
мында,
FGg - финансылык ажырым;
- i - ошол максаттын наркын каржылоо боюнча колдо болгон мүмкүнчүлүк;
- i - ошол максаттын (керектөөнүн) наркы.
3) Стратегиялык пландарды ишке ашыруунун өбөлгөлөрү жана шарттары
66. Эл аралык тажрыйбада мүмкүн болгон каржылоо менен керектөөлөрдү 50 пайыздык жана андан жогору жабуу программанын/стратегиянын туруктуулугунун ишенимдүү багытталышы жана адекваттуу саясий чечимдерди кабыл алуу үчүн сунушталган саясаттын чараларынын реалдуулугунун белгиси деп эсептелет. Эгерде бул көрсөткүч 50%дан аз, мисалы 30% болуп түзүлсө, андан бул көрсөткүчтү жакшыртуунун эки варианты сунушталат:
1) Каржылоо мүмкүнчүлүктөрүнүн көз карашынан алганда алда канча көйгөйлүү, сунуш кылынган чараларды/стратегиялык пландарда пландаштырылган демилгелерди текшерүү жана кыскартуу.
2) Стратегиялык пландарды ишке ашырууга эл аралык донор уюмдарды чакыруу.
4) Региондук өнүктүрүү программасынын өзгөчөлүгү
67. Региондук өнүктүрүү программалары үчүн жергиликтүү бюджеттердин аткарылышын, бюджеттик процесстин региондук деңгээлде өнүктүрүүнүн перспективаларын талдоо болуп саналат. Региондук деңгээлдеги программаларда бюджеттик процессти жергиликтүү деңгээлде жакшыртууга багытталган аракеттер көрсөтүлүшү керек, б.а. жергиликтүү бюджеттик саясат, ал өзүнө төмөнкүдөй багыттарды камтыйт:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын киреше базасын жогорулатуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чыгаша милдеттерин оптималдаштыруу.
68. Мындан тышкары, региондук өнүгүү программаларында кирешелерди башкарууну жакшыртуу боюнча чаралар көрсөтүлүшү керек, алар өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- салыктык башкаруу боюнча чаралар;
- салыктык эмес кирешелерди башкаруу боюнча чаралар;
- муниципалдык ишканалардын кирешесин жогорулатуу боюнча чаралар;
- бюджеттен тышкары каржылоо.
1-тиркеме
Иш-чаралар планы
Стратегиялык/документтин ________________________________________________
№№ | Милдеттер | Чаралар/Аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлгөн натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
Бөлүм | |||||
Бөлүмчө | |||||
1 | |||||
2 | |||||
3 | |||||
Бөлүмчө | |||||
4 | |||||
5 | |||||
6 |
2-тиркеме
Стратегиялык/документтин бюджети ________________________________________
№№ | Милдеттер | Чаралар | Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Ченөө бирдиги | Каржылоого болгон муктаждык | Мүмкүнчүлүктөр | Финансылык ажырым | |||||||||
мам. бюджет | МТИ, гранттар | башкалар | бардыгы | мам. бюджет | МТИ гранттар | башкалар | бардыгы | мам. бюджет | МТИ, гранттар | башкалар | бардыгы | ||||||
Бөлүмдүн аталышы | |||||||||||||||||
1 | Бардыгы | миң сом | |||||||||||||||
миң долл. | |||||||||||||||||
2013-ж. | миң сом | ||||||||||||||||
миң долл. | |||||||||||||||||
2014-ж. | миң сом | ||||||||||||||||
миң долл. | |||||||||||||||||
2015-ж. | миң сом | ||||||||||||||||
миң долл. | |||||||||||||||||
2 | Бардыгы | миң сом | |||||||||||||||
миң долл. | |||||||||||||||||
2013-ж. | миң сом | ||||||||||||||||
миң долл. | |||||||||||||||||
2014-ж. | миң сом | ||||||||||||||||
миң долл. | |||||||||||||||||
2015-ж. | миң сом | ||||||||||||||||
миң долл. | |||||||||||||||||
Бөлүм б/чабардыгы | Бардыгы | миң сом | |||||||||||||||
миң долл. | |||||||||||||||||
2013-ж. | миң сом | ||||||||||||||||
миң долл. | |||||||||||||||||
2014-ж. | миң сом | ||||||||||||||||
миң долл. | |||||||||||||||||
2015-ж. | миң сом | ||||||||||||||||
миң долл. |
Доллардын болжолдуу курсу - ________ сом/долл.
3-тиркеме
Прайс-баракча
№ | Чыгымдар статьяларынын аталышы | Ченөө бирдиги | 1 бирдиктин наркы | Маалымат булагы |
Мамлекеттик түзүмдөрдүн орточо айлык эмгек акысы | ||||
1 | ||||
2 | ||||
3 | ||||
Көз карандысыз эксперттердин эмгек акысы | ||||
4 | ||||
5 | ||||
6 | ||||
7 | ||||
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу | ||||
8 | ||||
9 | ||||
10 | ||||
Талаа изилдөөлөрү | ||||
11 | ||||
12 | ||||
13 | ||||
Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр/продукт | ||||
14 | ||||
15 | ||||
16 | ||||
Рыноктук товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу | ||||
17 | ||||
18 | ||||
19 | ||||
Келишим боюнча транспорттук чыгымдар | ||||
20 | ||||
21 | ||||
22 | ||||
Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери үчүн иш сапарынын чыгымдары | ||||
23 | ||||
24 | ||||
25 |
4-тиркеме
Стратегиялык документти ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун матрицасы ____________________________________________
№ | Милдеттер | Индикатордун аталышы | Ченөө бирдиги | Базалык жыл | Эки ортодогу индикаторлор (жылдык) | Акыркы индикаторлор же максаттуу көрсөткүчтөр | Жооптуу орган | ||
1 жыл | 2 жыл | 3 жыл | |||||||
(1) | (2) | (3) | (4) | (5) | (6) | (7) | (8) | (9) | |
Бөлүмдүн аталышы | |||||||||
1 | |||||||||
2 | |||||||||
3 | |||||||||
4 |
5-тиркеме
Туруктуу өнүктүрүү компоненттерин эске алуу менен стратегиялык документтердин бөлүмдөрүн түзүү боюнча көрсөтмө мисалдар
Стратегиялык пландаштыруунун кадам боюнча ырааттуулугунун схемасы:
Графикалык көчүрмөнү караңыз
1-кадам: Максат коюу
(2013-2017) ТУРИЗМДИ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА МАКСАТТАРДЫ ТҮЗҮҮНҮН МИСАЛЫ: ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН КОМПОНЕНТТЕРИН ЭСКЕ АЛБАСТАН: "Туристтик кызмат көрсөтүүлөргө болгон кыргыз жана чет өлкөлүк жарандардын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуучу заманбап, натыйжалуу, атаандаштыкка жөндөмдүү туристтик рынокту түзүү, калктын жумуштуулугун жана кирешелеринин деңгээлин жогорулатуу" ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН КОМПОНЕНТТЕРИН ЭСКЕ АЛУУ МЕНЕН: "2017-жылга карата 2,5 эсе жумуш орундарынын өсүшү үчүн рекреациялык мүмкүнчүлүктөрдү жана жаңы мүмкүндүктөрдү туура колдонуу аркылуу туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүү рыногун түзүү |
4-кадам: Артыкчылыктуу багыттар же максатка кыска жол
Туруктуу өнүктүрүүнүн моделин эске алуу менен энергетикада артыкчылыктарды түзүүнүн мисалы: - "Үйдө жана өндүрүштө энергияны үнөмдөө"; - "Турак жай фондунун энергиялык натыйжалуулугу" |
5-кадам: Милдеттерди коюу:
Жогоруда белгиленген артыкчылыктар боюнча милдеттерди түзүүнүн мисалы: - Энергия үнөмдөөчү курулуш материалдарын өндүрүшкө киргизүү; - Энергиялык натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрүнө шайкеш келген турак жай фондунун аянттарын көбөйтүү |
6-кадам: Аракеттер/чаралар/инструменттер/механизмдер-чаралар саясаты
Мисалы, "Туристтик индустриянын объекттерине экологиялык мониторинг жүргүзүүнүн жана экологиялык талаптардын - "экостандарт" системасын иштеп чыгуу жана киргизүү" милдети коюлган болсо, анда чаралар төмөнкүдөй мазмунда болушу мүмкүн: 1. Туризм жаатындагы бардык уюмдарда тазалоочу курулмалардын толук циклин орнотуу; 2. Туризм уюмдарында тазалоочу курулмаларда заманбап фильтрлерди орнотуу; 3. Тиричилик калдыктарынын жана агындарынын курчап турган чөйрөнү булгоочу тобокелдиги тууралуу маалыматтык компанияны жүргүзүү. |
6-тиркеме
Текшерүү баракчасынын формасы
№ | Маселенин аталышы | Ооба/жок |
1 | Кызыкдар райондук мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен консультациялар өткөрүлдү. | |
2 | Документ региондорду ажыратып караганда учурдагы тенденцияларга талдоону жана баалоону камтыйт. | |
3 | Региондорду өнүктүрүүнүн стратегиялык жана программалык документтеринин жоболору эске алынды. | |
4 | Төмөн турган деңгээлдин сурамдары жана муктаждыктары, анын ичинде райондук мамлекеттик администрация үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сурамдары эске алынды. | |
5 | Сектордук, тармактык, региондук жана улуттук артыкчылыктардын байланышы камсыздалды. | |
6 | Регионду өнүктүрүү өзгөчөлүгү жана региондор аралык интеграция аныкталды. | |
7 | Тийиштүү региондордун жана райондордун атаандаштык артыкчылыктары белгиленген. | |
8 | Региондорго жана тийиштүү райондорго карата максаттар түзүлдү. | |
9 | Региондорду ажыратып алганда, өнүктүрүүнүн негизги чөйрөлөрүндө прогресстин индикаторлору иштелип чыкты. | |
Бардыгы |
№ 7 тиркеме
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан райондук деңгээлге сурамдын формасы
№ сурам
Сурамдын аталышы Көйгөйдү баяндоо:
Себептери:
Мүмкүндү терс таасири:
Сунуштамалар: