КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2019-жылдын 22-июлу № 95
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө
1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары пайдаланылат:
1) мамлекеттик колдоо - мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруунун ыңгайлуу жана өз ара пайдалуу шарттарын түзүүгө багытталган мамлекеттик каржылык колдоо, мамлекеттик экономикалык колдоо жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуулар боюнча мамлекеттик өнөктөрдүн милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу;
2) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) - мамлекеттик өнөк тарабынан инфратүзүмдүк объекттерди долбоорлоого, каржылоого, курууга, калыбына келтирүүгө, реконструкциялоого, ошондой эле болгон же кайра түзүлгөн инфратүзүмдүк объекттерди башкарууга, жана/же инфратүзүмдүк кызматтарды көрсөтүүгө жеке өнөктү тартуу маселелери боюнча мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн өз-ара аракеттенүүсү;
3) мамлекеттик кепилдиктер - МЖӨ долбоорлорунда жүзөгө ашырылуучу инвестицияларды коргоо максатында жеке өнөктөргө жана/же долбоордук компанияларга берилүүчү кепилдиктер;
4) каржылык тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган - МЖӨ долбоорлору менен байланышкан каржылык тобокелдиктерди башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган;
5) мамлекеттик өнөк - аткаруу бийлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин, добуш берүүчү акцияларынын 50 жана андан ашык пайыздары мамлекетке таандык болгон акционердик коомдордун бир же бир нече мамлекеттик органдары;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү документтер - МЖӨ долбоорлорун издөөгө, демилгелөөгө, даярдоого жана ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү колдонмолор, жоболор, эрежелер жана башка документтер;
7) кызыкдар жак - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык каттоодон өткөн жеке ишкер, юридикалык жак, тендерге катышууга жана/же МЖӨ долбоорун демилгелөөгө кызыкдар консорциум;
8) тендерге катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабы - мамлекеттик өнөк тарабынан иштелип чыгуучу жана бекитилүүчү жана төмөнкүлөрдү камтыган документ:
а) МЖӨ долбоорунун сыпаттамасын;
б) тендердин катышуучуларына карата квалификациялык талаптарды;
в) МЖӨ долбооруна карата минималдык талаптарды;
г) жеке өнөктү баалоо жана тандоо критерийлерин;
д) квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөлөрдү берүү үчүн мөөнөттү;
е) тендердин катышуучуларына жана/же МЖӨ долбооруна карата талаптарды белгилөөчү башка маалыматты;
9) тендерге катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабы - мамлекеттик өнөк тарабынан иштелип чыгуучу жана бекитилүүчү, тендердин катышуучуларынын техникалык жана каржылык сунуштарына талаптарды камтыган документ;
10) инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөр - социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы иштер жана/же кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде инфратүзүмдүк объектти пайдалануу менен сунушталуучу жана/же инфратүзүмдүк объектти тейлөө боюнча иштер жана/же кызмат көрсөтүүлөр;
11) инфратүзүмдүк объект - мамлекеттик, муниципалдык же жеке менчикте турган социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы мүлк же мүлк комплекси;
12) консорциум - тендерге биргелешип катышуу үчүн түзүлгөн, юридикалык жактын статусуна ээ болбогон жана келишимдин же башка документтин негизинде аракеттенген эки же андан ашык жеке ишкердин жана/же юридикалык жактын убактылуу биримдиги;
13) МЖӨ ири долбоору - болжолдуу инвестициялары 700 миллион сомго барабар же андан көп сумманы түзгөн МЖӨ долбоору;
14) МЖӨ долбооруна минималдык талаптар - МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон техникалык, эксплуатациялык, коммерциялык жана башка мүнөздөгү минималдык милдеттүү талаптар;
15) МЖӨ расмий веб-сайты - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу веб-сайт;
16) МЖӨ долбоорун демилгелөө тууралуу сунуш - төмөнкүлөрдү камтуучу документ:
а) МЖӨ долбоорунун сыпаттамасын;
б) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу максаттарын жана милдеттерин;
в) тиешелүү инфратүзүмдүк объектке жана/же инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөргө карата МЖӨ колдонуунун максаттуулугунун негиздемесин;
г) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн болжолдолгон инвестициянын өлчөмүн;
д) МЖӨ долбооруна карата минималдык талаптарды;
е) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу мөөнөтүн;
ж) МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тараптарынын МЖӨ долбоорун ишке ашыруудан киреше алуу мүмкүнчүлүгүн баалоону жана инвестициялардын болжолдуу көлөмүн кошуп алганда, каржы-экономикалык жана юридикалык талдоо жүргүзүүнү;
з) мамлекеттик каржылык жана/же мамлекеттик экономикалык колдоо көрсөтүүнүн түрлөрүн жана шарттарын;
и) МЖӨ долбоорун демилгелөө зарылдыгын жана демилгеленген МЖӨ долбоорунун мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык келишин негиздөөчү документтерди;
17) жеке демилге жөнүндө сунуш - төмөнкүлөрдү камтыган документ:
а) МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунушка киргизилүүгө тийиш болгон документтер;
б) жеке демилге жөнүндө сунуш менен кайрылган кызыкдар жакта демилгеленүүчү долбоорго окшош долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасы болгондугун ырастоочу документ;
в) болжолдонуучу инвестициялардын өлчөмү жана болжолдонуучу инвестициялардын өлчөмүнөн 5 пайыздан кем эмес өлчөмдөгү салууну кепилдеген каржылык каражаттардын болгондугун ырастоочу документ;
г) болжолдонуучу инвестициялардын өлчөмүнөн 1 пайыздан ашуусу мүмкүн болбогон жеке демилге жөнүндө сунушту иштеп чыгууга кеткен чыгымдардын суммасынын документ түрүндө ырасталган өлчөмү;
д) МЖӨ жөнүндө макулдашуунун негизги шарттары;
е) кызыкдар жак жоюу же банкроттук процессте болбогондугун, ошондой эле салыктарды төлөө боюнча карызы жана Кыргыз Республикасынын бюджетинин алдындагы башка милдеттүү төлөмдөрү жоктугун ырастоочу документтер;
18) МЖӨ долбоору - мамлекеттик өнөк тарабынан бар болгон же кайрадан түзүлүүчү инфратүзүмдүк объекттерди долбоорлоого, каржылоого, курууга, калыбына келтирүүгө, реконструкциялоого, башкарууга жана/же инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөргө жеке өнөктү тартуу боюнча МЖӨ жөнүндө макулдашуу менен жөнгө салынган өз ара мамилелердин комплекси;
19) долбоордук компания - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн МЖӨ долбоорун ишке ашыруу негизги иши болуп саналган юридикалык жак;
20) МЖӨ жөнүндө макулдашуу - мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн ортосундагы тараптардын укуктарын, милдеттерин, жоопкерчилигин жана МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун башка шарттарын аныктоочу жазуу жүзүндөгү келишим;
21) каржылоо жөнүндө макулдашуу - МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонуу мөөнөтүнүн ичинде, ошондой эле МЖӨ жөнүндө макулдашууну өзгөртүүдө жана токтотууда алардын өз ара аракеттенүү шарттарын жана тартибин жөнгө салуу максатында мамлекеттик өнөктүн, жеке өнөктүн жана/же долбоордук компаниянын жана каржылык мекеменин ортосундагы жазуу жүзүндөгү келишим;
22) тендердик сунуш - тендердин катышуучуларынын техникалык жана каржылык сунуштарын камтыган документтердин пакети;
23) тендердик документтер - тендерге катышуу үчүн квалификацияларга суроо-талап, тендерге катышуу үчүн сунуштарга суроо-талап жана МЖӨ жөнүндө макулдашуу долбоору;
24) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасындагы МЖӨ чөйрөсүндөгү саясат жана жөнгө салуу маселелеринде ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган;
25) тендердин катышуучусу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык катталган жеке ишкер, юридикалык жак, тендерге катышкан консорциум;
26) каржы мекемеси - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык катталган банктык жана каржылык-насыялык уюмдар, ошондой эле МЖӨ долбоорлору үчүн каржылоого жана/же кепилдиктерди берүүгө катышуучу эл аралык каржы уюмдары;
27) жеке өнөк - тендердин натыйжалары боюнча мамлекеттик өнөк менен МЖӨ жөнүндө макулдашуу түзгөн жак.
2-берене. МЖӨ жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
МЖӨ жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан, ушул Мыйзамдын негизинде кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
3-берене. МЖӨ колдонуу
1. МЖӨ инфратүзүмдүк объекттерге жана/же төмөнкүдөй чөйрөлөрдөгү инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөргө карата колдонулат:
1) электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу;
2) автомобиль, темир жол, суу, аба, шаардык транспорт;
3) автомобиль жана темир жолдору (көпүрөлөрдү жана тоннелдерди кошуп алганда);
4) коммуналдык чарба жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр;
5) медициналык, алдын алуу-дарылоо жана саламаттык сактоо тутумундагы башка иштер;
6) билим берүү, тарбиялоо, маданият жана социалдык тейлөө;
7) кыймылдуу, стационардык байланыш жана телекоммуникациялар;
8) туризм, рекреация жана спорт;
9) суу ресурстары;
10) электрондук башкаруу;
11) каржы жана банк кызмат көрсөтүүлөрү;
12) ошондой эле керектөөчүлөрдүн кеңири чөйрөсүнө кызмат көрсөтүү менен байланышкан башка чөйрөлөр.
2. МЖӨ жер казынасын пайдалануу, мамлекеттик сатып алуулар жана менчиктештирүү менен байланышкан инфратүзүмдүк объекттерге жана (же) инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөргө карата колдонулбайт. Стратегиялык объекттердин тизмегине киргизилген объекттерге карата МЖӨ колдонууда ошондой эле стратегиялык объекттер жөнүндө мыйзамдардын талаптары сакталышы керек.
3. Жеке өнөктү тандоо жана МЖӨ жөнүндө макулдашууну аткаруу үчүн тендерди өткөрүү жол-жоболору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жана менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарын колдонбостон, МЖӨ жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
4-берене. МЖӨ принциптери
Кыргыз Республикасында МЖӨ мыйзам үстөмдүгү, адилеттүүлүк, айкындуулук, атаандаштык, келишимдин эркиндиги жана айлана-чөйрөнү коргоо принциптерине негизденет жана иштейт.
5-берене. Мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн ортосунда тобокелдиктерди бөлүштүрүү
Мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн ортосунда тобокелдиктерди бөлүштүрүү МЖӨ долбоорунун милдеттүү шарты болуп саналат жана МЖӨ жөнүндө макулдашуу менен белгиленет.
6-берене. Мамлекеттик өнөктүн компетенциясы
1. Мамлекеттик өнөктүн компетенциясына МЖӨ долбоорун даярдоо, тендер өткөрүү, мониторинг жүргүзүү жана МЖӨ долбоорун ишке ашырууну баалоо, ошондой эле ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу кирет.
2. МЖӨ долбоору жана тендер өткөрүү эки же андан ашык мамлекеттик өнөк тарабынан даярдалган учурда, алардын ортосундагы өз ара аракеттенүү тартиби ушул мамлекеттик өнөктөрдүн ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу процессинде мамлекеттик өнөктөрдүн компетенциясы МЖӨ жөнүндө макулдашууга ылайык аныкталат.
3. МЖӨ долбоорун даярдоо, тендерди өткөрүү, мониторинг жүргүзүү жана МЖӨ долбоорун ишке ашырууну баалоо үчүн мамлекеттик өнөк көз карандысыз консультанттарды тартууга укуктуу.
7-берене. Мамлекеттик каржылык колдоо
1. МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу максатында мамлекеттик өнөк жеке өнөккө жана/же долбоордук компанияга мамлекеттик каржылык колдоо көрсөтүүгө же анын көрсөтүлүшүнө көмөктөшүүгө укуктуу.
2. Мамлекеттик каржылык колдоо мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын, чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын гранттарынын, адистештирилген фонддордун каражаттарынын жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен көрсөтүлүшү мүмкүн.
3. Мамлекеттик каржылык колдоо жеке өнөккө жана/же долбоордук компанияга төмөнкүдөй түрлөрдө берилиши мүмкүн:
1) мамлекеттик өнөктүн милдеттенмелеринин аткарылышынын кепилдиктерин берүү;
2) субсидияларды берүү;
3) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл каражаттардын бөлүгүн каржылоо;
4) МЖӨ долбоорунун каржылык кудуреттүүлүгүн камсыз кылуу максатында анын минималдык кирешелүүлүгүнө кепилдик берүү;
5) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн тартылуучу каражаттар боюнча валюталардын алмашуу курстарынын жана/же пайыздык ставкаларынын мүмкүн болуучу өзгөрүүлөрүнө карата колдоо көрсөтүү;
6) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган тартипте салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү.
8-берене. Мамлекеттик экономикалык колдоо
1. МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу максатында мамлекеттик өнөк жеке өнөккө жана/же долбоордук компанияга мамлекеттик экономикалык колдоо көрсөтүүгө же анын көрсөтүлүшүнө көмөктөшүүгө укуктуу.
2. Мамлекеттик экономикалык колдоо жеке өнөккө жана/же долбоордук компанияга төмөнкүдөй түрлөрдө көрсөтүлүшү мүмкүн:
1) МЖӨ жөнүндө макулдашууга ылайык берилүүчү инфратүзүмдүк объектке укуктарга кошумча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка кыймылдуу же кыймылсыз мүлккө укуктарды берүү;
2) мамлекеттик жана/же муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлк объекттерине сервитут берүү;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жана/же муниципалдык менчикте турган мүлктү пайдаланганы үчүн ижара акынын жеңилдетилген ставкаларын белгилөө;
4) МЖӨ жөнүндө макулдашуунун алкагында, Кыргыз Республикасынын атаандаштык жөнүндө мыйзамдарына ылайык мамлекеттик же муниципалдык өзгөчө жеңилдиктерди берүү;
5) уруксаттарды жана лицензияларды алууга көмөк көрсөтүү;
6) мамлекеттик өнөк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген колдоолордун башка түрлөрү.
9-берене. Мамлекеттик кепилдиктер
МЖӨ долбооруна жеке инвестицияларды коргоого кепилдиктерди берүү максатында жеке өнөккө жана/же долбоордук компанияга төмөнкүлөргө кепилдик берилет:
1) МЖӨ жөнүндө макулдашууда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жеке өнөктүн жана/же долбоордук компаниянын экономикалык ишине мамлекеттик өнөк тарабынан кийлигишпөөсү;
2) жеке өнөктүн жана/же долбоордук компаниянын мүлкүнүн улутташтыруудан же башка эквиваленттүү чаралардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте корголуусу;
3) МЖӨ долбооруна салынган инвестицияларга жана алардан алынган кирешелерге жана пайдаларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган максаттарда эркин ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугу;
4) Кыргыз Республикасынын аймагында накталай жана накталай эмес улуттук жана/же чет өлкөлүк валютаны сатып алуу-сатуу (алмаштыруу) боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк валютаны чек аранын ары жагынан алып келүүгө (киргизүү жана чыгаруу) жана чек арадан тышка чыгарууга укук;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана МЖӨ жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында жеке өнөккө жана/же долбоордук компанияга келтирилген чыгымдардын ордун толтуртууга укук;
6) МЖӨ жөнүндө макулдашууда каралган шарттарды кайра кароого же МЖӨ жөнүндө макулдашууну мөөнөтүнөн мурда бузууга жана жеке өнөк жана/же долбоордук компания үчүн МЖӨ жөнүндө макулдашууда каралган шарттарга салыштырмалуу МЖӨ долбоорун ишке ашыруу шарттарынын начарлашына алып келген ченемдик укуктук актылар кабыл алынган учурда келтирилген зыяндын ордун толтуртуп алууга укук.
10-берене. МЖӨ долбоорунун баскычтары
МЖӨ долбоорунун баскычтары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) МЖӨ долбоорун даярдоо;
2) тендер өткөрүү;
3) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу.
11-берене. МЖӨ долбоорун даярдоо
1. МЖӨ долбоорун даярдоо мамлекеттик өнөк тарабынан жүзөгө ашырылат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунуштарды даярдоо;
2) тендердик документтерди даярдоо;
3) тендердик комиссия түзүү.
2. МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунуш мамлекеттик өнөктөш же жеке өнөктөш тарабынан мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын, МЖӨ өнүктүрүү программаларын, тармактык программаларды, ошондой эле башка өнүктүрүү программаларын жана пландарын эске алуу менен даярдалышы мүмкүн.
3. Мамлекеттик өнөк тарабынан МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунуш бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде мамлекеттик өнөк МЖӨ долбоорун даярдоо жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлайт.
4. МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунуш бекитилгенден кийин мамлекеттик өнөк тендердик документтерди даярдоону жана бекитүүнү жүзөгө ашырат.
5. МЖӨ долбоору мамлекеттик бюджеттен каржылоо алууну караштырган учурда, тендердик документтер мамлекеттик өнөк тарабынан бекитилгенге чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана каржылык тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган менен бюджеттик тобокелдиктердин келип чыгуу предметине алдын ала макулдашууга тийиш. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана каржылык тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик орган менен ушул бөлүктө каралган макулдашуу жок болгон учурда, тендердик документтер мамлекеттик өнөк тарабынан бекитилбейт.
6. Тендердик документтерди бекиткенден кийин мамлекеттик өнөк МЖӨ ар бир долбоору боюнча тендердик комиссия түзөт жана бекитет.
7. Тендердик комиссия МЖӨ ар бир долбоору боюнча түзүлөт. Тендердик комиссиянын курамы мамлекеттик өнөк тарабынан түзүлөт жана бекитилет. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так болууга жана кеминде беш адамды түзүүгө тийиш. Тендердик комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү, тиешелүү инфратүзүмдүк объект боюнча тажрыйбасы жана билими бар адис, экономика жана каржы жаатындагы адис, юриспруденция жаатындагы адис, МЖӨ долбоору түздөн-түз таасирин тийгизүүчү жергиликтүү жамааттын өкүлү кирет. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүндө каралып жаткан долбоорго карата кызыкчылыктардын кагылышы болбоого тийиш.
Тендердик комиссияны түзүү, ишин жана ыйгарым укуктарын, тендердик комиссиянын мүчөлөрүнө карата квалификациялык талаптарды бекитүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү МЖӨ чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен бекитилүүчү документтер менен белгиленет.
Караңыз:
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы N 111 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому
12-берене. Тендерди өткөрүү
1. Жеке өнөктү тандоо тендерди өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
2. Тендер ушул Мыйзамда, тендерди өткөрүү эрежелеринде, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү документтерде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү МЖӨ чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларда каралган тартипте өткөрүлөт.
3. Тендер эки этапты камтыйт:
1) квалификациялык тандоо;
2) тендердин жеңүүчүсүн тандоо.
13-берене. Квалификациялык тандоо
1. Квалификациялык тандоо этабында мамлекеттик өнөк тендерге катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабын МЖӨ жылдыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтына жарыялайт. Ири МЖӨ долбооруна тендер өткөргөн учурда, квалификациялардын суроо-талабы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген документтерде аныкталгандай жалпыга маалымдоо каражаттарынын эл аралык ресурстарында жарыяланышы мүмкүн. Жарыялангандан кийин квалификациялардын суроо-талабы өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.
2. Квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөлөрдү топтоо тендерге катышуу үчүн квалификациялардын талабында көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде, бирок тендерге катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабы жарыялангандан тартып 30 календардык күндөн кем эмес жана 60 календардык күндөн көп эмес мөөнөттө, ал эми ири долбоорлор боюнча квалификациялардын суроо-талабында көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде, бирок тендерге катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабы жарыялангандан тартып 60 календардык күндөн кем эмес жана 90 календардык күндөн көп эмес мөөнөттө тендердик комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
3. Квалификациялык тандоо жүргүзүү үчүн квалификациялык тандоого катышууга бир эле өтүнмө берүү жетиштүү. Эгерде ири долбоор боюнча квалификациялык тандоо өткөрүүдө бир гана өтүнмө келип түшкөн болсо, анда мындай тендер өткөрүлгөн жок деп таанылат жана тендердик комиссия тендер өткөрүлгөн жок деп жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде кайрадан тендер жарыялоого милдеттүү. Мында квалификациялык тандоо үчүн ири долбоор боюнча кайрадан тендер өткөргөндө квалификациялык тандоого катышууга бир гана өтүнмө берүү жетиштүү.
Тендерге катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабында көрсөтүлгөн квалификациялык талаптарга ылайык келбеген квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөлөр тендердик комиссия тарабынан четке кагылууга тийиш.
14-берене. Тендердин жеңүүчүсүн тандоо
1. Тендердин жеңүүчүсүн тандоо этабында мамлекеттик өнөк квалификациялык тандоодон өткөн тендердин катышуучуларына тендерге катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабын жана МЖӨ жөнүндө макулдашуу долбоорун берет.
2. Техникалык жана каржылык сунуштарды камтыган тендердик сунуштарды чогултуу тендерге катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабында көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде, бирок квалификациялык тандоодон өткөн тендердин катышуучуларына тендерге катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабын жана МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоорун жөнөткөн күндөн тартып 30 календардык күндөн кем эмес мөөнөттө тендердик комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Ири МЖӨ долбоору учурунда, техникалык жана каржылык сунуштарды камтыган тендердик сунуштарды чогултуу тендерге катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабында көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде квалификациялык тандоодон өткөн тендердин катышуучуларына тендерге катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабы жана МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоору жиберилген күндөн тартып 60 календардык күндөн кем эмес жана 90 календардык күндөн көп эмес мөөнөттүн ичинде тендердик комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
3. Тендердин жеңүүчүсүн тандоо үчүн бир эле тендердик сунушту берүү жетиштүү.
4. Тендердин катышуучусу анын шарттары тендерге катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабында аныкталуучу тендердик сунушка кепилдикти камсыз кылууга тийиш.
5. Тендердик комиссия тарабынан алардын техникалык жана каржылык сунуштары тендерге катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабына ылайык келет жана МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун эң мыкты шарттарын камтыйт деп таанылган тендердин катышуучусу тендердин жеңүүчүсү деп жарыяланат. Тендердик комиссия тарабынан тендердин бардык катышуучуларынын техникалык жана/же каржылык сунуштары тендерге катышуу үчүн сунуштардын суроо-талаптарына ылайык келбейт деп таанылган учурда, тендердик комиссия тендер өткөрүлгөн жок деп тааныйт жана тендерди кайра жарыялоого укуктуу.
6. Тендердик комиссия тендердин жеңүүчүсү жөнүндө маалыматты МЖӨ расмий веб-сайтына жарыялайт.
7. Тендердин катышуучуларынын тендерге катышууга байланыштуу сарптаган чыгымдарынын орду тендердин жыйынтыгына карабастан толтурулууга жатпайт.
8. Тендердик комиссия тарабынан тендердин жеңүүчүсү берген маалымат чындыкка дал келбегендиги аныкталган учурда, мындай дал келбестик документ түрүндө ырасталган шартта тендердик комиссия тендердин жеңүүчүсүн дисквалификациялоо жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
9. Тендердин жеңүүчүсү дисквалификацияланган учурда, тендердик комиссия тендердин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүдөн кийинки орунду ээлеген тендердин катышуучусун ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган тартипте тендердин жеңүүчүсү деп дайындоого укуктуу.
15-берене. МЖӨ жөнүндө макулдашуу түзүү
1. МЖӨ жөнүндө макулдашуу тендердин жеңүүчүсү жөнүндө маалымат МЖӨ расмий веб-сайтында жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде түзүлүүгө тийиш. Ушул Мыйзамдын 18-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган учурда, консорциум тарабынан түзүлгөн долбоордук компания менен МЖӨ жөнүндө макулдашуу түзүүнүн мөөнөтү кошумча 30 календардык күнгө чейин узартылышы мүмкүн.
2. Мамлекеттик өнөк тендердин жеңүүчүсү менен МЖӨ жөнүндө макулдашуунун шарттарын талкуулоо максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу. Сүйлөшүүлөр процессинде МЖӨ жөнүндө макулдашуунун шарттары өзгөртүлүшү мүмкүн. МЖӨ долбооруна карата минималдуу талап болуп саналган шарттар тараптардын өз ара макулдашуусу менен мындай талаптарды жогорулатуу жагына гана өзгөрүшү мүмкүн.
3. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган мөөнөт аяктаганга чейин тендердин жеңүүчүсү МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол койбосо, тендердик комиссия тендердин жеңүүчүсүн дисквалификациялоо жөнүндө чечим кабыл алууга жана тендердин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүдөн кийинки орунду ээлеген тендердин катышуучусун тендердин жеңүүчүсү деп жарыялоого, тендердин биринчи жеңүүчүсүн дисквалификациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде МЖӨ жөнүндө макулдашуу түзүүнү сунуштоого укуктуу. Тендердин жаңы жеңүүчүсү МЖӨ жөнүндө макулдашуу түзүү тууралуу сунушту ага жөнөткөн күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде мамлекеттик өнөккө жооп берүүдөн баш тартканда, тендердик комиссия тендерди болбогон деп тааныйт жана кайталап тендер жарыялоого укуктуу.
4. Тендердин жеңүүчүсү мамлекеттик өнөккө МЖӨ жөнүндө макулдашуу боюнча тендердин жеңүүчүсүнүн милдеттенмелеринин аткарылышына кепилдикти камсыз кылышы керек, анын шарттары МЖӨ жөнүндө макулдашууда жана/же тендерге катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабында аныкталат.
5. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган мөөнөт аяктаганга чейин мамлекеттик өнөк МЖӨ жөнүндө макулдашууга кол койбосо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте тендердин жеңүүчүсү мамлекеттик өнөктөн тендерге катышууга байланыштуу документтер менен ырасталган тарткан чыгымдарынын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу, ал эми мамлекеттик өнөк чыгымдардын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү. Тендердин жеңүүчүсү ушул Мыйзамдын 14-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык дисквалификациялаган учурда, тендерге катышкандыгына байланыштуу тарткан чыгымдарынын ордун толтуруп берүүнү талап кылганга укугу жок.
16-берене. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу, мониторинг жүргүзүү жана ишке ашырылышын баалоо
1. МЖӨ долбоору МЖӨ жөнүндө макулдашууга ылайык ишке ашырылат.
2. Мамлекеттик өнөк МЖӨ долбоорун ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону МЖӨ жөнүндө макулдашууга ылайык жүзөгө ашырат.
3. Жеке өнөк жана/же долбоордук компания жыл сайын, учурдагы жылдын 1-майынан кечиктирбестен, мамлекеттик өнөккө МЖӨ долбоорунун ишке ашырылышы жөнүндө отчет жана өткөн жыл үчүн каржылык отчет тапшырууга милдеттүү. Ар жылдык каржылык отчет көз карандысыз аудитор тарабынан алдын ала ырасталууга тийиш.
4. Мамлекеттик өнөк МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө отчёттун жана өткөн жыл үчүн каржылык отчёттун көчүрмөлөрүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана каржылык тобокелдиктерди башкаруу боюнча мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү, МЖӨ долбоору мамлекеттик бюджеттен каржылоо алган учурда, жеке өнөктөн жана/же долбоордук компаниядан тиешелүү отчётторду алган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде берүүгө милдеттүү.
Мамлекеттик өнөк ишке ашырылуучу МЖӨ долбоорлорун талдоо жана баалоо максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик өнөк тарабынан мурунку жылдагы ишке ашырылуучу МЖӨ бардык долбоорлору жөнүндө жыйынды отчет тапшырууга милдеттүү.
17-берене. Кызыкдар жактын МЖӨ долбоорун демилгелөөсү
1. Кызыкдар жак жеке демилге жөнүндө сунушу менен мамлекеттик өнөккө кайрылууга укуктуу.
2. Жеке демилге жөнүндө сунуш келип түшкөн күндөн тартып 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө мамлекеттик өнөк мындай сунушту карап чыгууга жана алдын ала кабыл алуу же болбосо баш тартуу жөнүндө чечимди чыгарууга милдеттүү. Жеке демилге жөнүндө сунушту карап чыгуу мөөнөтүндө мамлекеттик өнөк ушул сунушту ишке ашыруу үчүн анын квалификациясы жана тажрыйбасы жөнүндө маалыматты жана документтерди кошуп алганда, кызыкдар жактан кошумча документтерди жана маалыматтарды суратып алууга укуктуу. Алдын ала кабыл алуу жөнүндө чечим чыгарылган учурда, мамлекеттик өнөк мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде МЖӨ расмий веб-сайтына жеке демилге тууралуу сунуштун келип түшкөнү жөнүндө маалыматты жарыялоого милдеттүү.
3. МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунуш четке кагылган учурда, мамлекеттик өнөк кызыкдар жактын сарпталган чыгымдарынын ордун толтурбастан, жеке демилге жөнүндө сунушту четке кагууну негиздеген жазуу жүзүндөгү жүйөлүү корутундуну кызыкдар жакка жөнөтүүгө тийиш. Кызыкдар жак сунуш четке кагылгандан кийин кызыкдар жактын мамлекеттик өнөккө берген документтеринин бардык түп нускаларын жана көчүрмөлөрүн суратып алууга укуктуу, ал эми мамлекеттик өнөк кайтарып берүүгө милдеттүү.
4. Жеке демилге жөнүндө сунушту алдын ала кабыл алуу жөнүндө чечим чыгарылган учурда, мамлекеттик өнөк 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде кызыкдар жактан кошумча документтерди жана маалыматты суратып алууга, мамлекеттик өнөктүн алдында турган максаттарга, милдеттерге, программаларга жана пландарга жеке демилге тууралуу сунушту ылайык келтирүү үчүн кызыкдар жак менен кеңири сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу.
5. Эгерде мамлекеттик өнөк жеке демилге жөнүндө сунушту кабыл алуу жөнүндө акыркы чечимди кабыл алса, анда мамлекеттик өнөк 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде МЖӨ долбоорун даярдоону жүргүзөт жана ушул Мыйзамдын 11-13-беренелеринде каралган тартипте квалификациялардын суроо-талабын жарыялайт.
6. Эгерде ушул Мыйзамдын 13-беренесинде каралган квалификациялык тандоо баскычында жеке демилге жөнүндө сунушту берген кызыкдар жактын өтүнмөсүнөн тышкары:
1) квалификациялык тандоого катышууга башка өтүнмөлөр түшпөсө, анда ушул Мыйзамдын 13-беренесинин жоболорун колдонбостон, тендердик комиссия алар боюнча башка өтүнмөлөрдүн жоктугу тендер өткөрүлгөн жок деп таанууга алып келген МЖӨ ири долбоорлорун кошпогондо, МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптарга ылайык келтирүү шартында жеке демилге жөнүндө сунушту берген кызыкдар жакты тендердин жеңүүчүсү деп таанууга тийиш жана тендердик комиссия тендер өткөрүлгөн жок деп жарыялаган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде кайрадан тендер жарыялоого тийиш; ири долбоор боюнча тендерди кайталап өткөрүүдө квалификациялык тандоо үчүн квалификациялык тандоого катышууга бир гана өтүнмө берүү жетиштүү жана мындай өтүнмөнү берген жак МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптарга ылайык келтирүү шартында тендердин жеңүүчүсү деп таанылышы мүмкүн;
2) башка кызыкдар жактардан квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөлөр келип түшсө, эгерде башка кызыкдар жак мамлекеттик өнөк үчүн көбүрөөк пайдалуу каржылык сунушту берген болсо, анда жеке демилге жөнүндө сунушту берген кызыкдар жакка 30 календардык күндүн ичинде өзүнүн каржылык абалын көбүрөөк пайдалуу каржылык сунуштун шарттарына ылайык келтирүү укугун эске алуу менен, тендер ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык өткөрүлөт; эгерде жеке демилге жөнүндө сунушту берген кызыкдар жак мындай укукту пайдаланбаса, анда көбүрөөк пайдалуу каржылык сунушту берген башка кызыкдар жак тендердин жеңүүчүсү деп таанылат.
7. Кызыкдар жак болуп саналбаган, жеке демилге жөнүндө сунушту берген жак тендердин жеңүүчүсү деп таанылган учурда, анда тендердин жеңүүчүсү жеке демилге жөнүндө сунушту берген кызыкдар жактын жеке демилге жөнүндө сунушунда көрсөтүлгөн жеке демилге жөнүндө сунушту иштеп чыгууга сарптаган чыгымдарынын ордун толтурууга милдеттүү.
8. Жеке демилге жөнүндө сунуш, жеке демилге жөнүндө сунушка карата тиркелген документтер жана маалыматтар купуя болуп эсептелет жана мамлекеттик өнөк аларды мындай сунушту баалоо максаттарында гана пайдаланууга тийиш. Мамлекеттик өнөк мындай сунушту берген кызыкдар жактын макулдугу менен гана жеке демилге жөнүндө сунушта камтылган маалыматты ачыкка чыгарууга укуктуу.
18-берене. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тараптары жана МЖӨ жөнүндө макулдашууга карата колдонулуучу укук
1. МЖӨ жөнүндө макулдашуу мамлекеттик өнөктүн жана тендердин жеңүүчүсүнүн ортосунда түзүлөт.
2. Долбоордук компания МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тарабы боло алат.
3. Консорциум тендердин жеңүүчүсү болуп жарыяланган учурда, МЖӨ жөнүндө макулдашуу мамлекеттик өнөк менен консорциум тарабынан түзүлгөн долбоордук компаниянын ортосунда түзүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары МЖӨ жөнүндө макулдашууга карата колдонулуучу укук болуп саналат.
5. МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун алкагында МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тараптары МЖӨ жөнүндө макулдашууга кошумча үчүнчү жактар менен башка келишимдерди түзүүгө укуктуу.
19-берене. МЖӨ жөнүндө макулдашуу
1. МЖӨ жөнүндө макулдашуу төмөнкү милдеттүү жоболорду камтууга тийиш:
1) МЖӨ жөнүндө макулдашуунун предметин;
2) тараптардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин;
3) МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонуу мөөнөтүн;
4) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу процессинде берилүүчү инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдык көлөмүн, көрсөтүү тартибин жана сапатынын стандарттарын;
5) мамлекеттик каржылык жана мамлекеттик экономикалык колдоо көрсөтүүнүн түрлөрүн жана шарттарын;
6) жеке өнөк жана/же долбоордук компаниянын МЖӨ долбоорун ишке ашыруу менен түздөн-түз байланышпаган иштин башка түрлөрүн жүзөгө ашыруу тартибин;
7) МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тараптарынын ортосунда МЖӨ долбоорун ишке ашырууга байланышкан тобокелдиктердин бөлүштүрүлүшүн;
8) инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө тартибин;
9) инфратүзүмдүк объектке ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө тартибин;
10) МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тараптары милдеттерин аткаруусун камсыз кылуу ыкмаларын;
11) МЖӨ долбоорунун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо тартибин;
12) МЖӨ долбоорун камсыздандыруу боюнча талаптарды;
13) МЖӨ жөнүндө макулдашуу аракети токтогондон кийин, МЖӨ жөнүндө макулдашууларды аткарууга байланыштуу жеке өнөккө өткөрүлүп берилген инфратүзүмдүк объекттин жана башка укуктардын андан аркы юридикалык тагдырын аныктоону;
14) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу убагында айлана-чөйрөнү коргоо жана жумуштарды жана/же кызматтарды коопсуз көрсөтүү боюнча талаптарды;
15) МЖӨ долбоору жарандарды көчүрүүнү караган учурда, жарандарды көчүрүү жана тиешелүү компенсацияларды төлөп берүү тартибин;
16) форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурда тараптардын аракеттерин;
17) МЖӨ жөнүндө макулдашууда каралган шарттарга салыштырмалуу МЖӨ долбоорун ишке ашыруу шарттары жеке өнөк үчүн начарлашына алып келген ченемдик укуктук актылар кабыл алынган учурда келтирилген залалдын ордун толтуруп берүү тартибин;
18) МЖӨ жөнүндө макулдашууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу негизин кошуп алганда, МЖӨ жөнүндө макулдашууну өзгөртүү, узартуу жана токтотуу тартиби менен шарттарын жана МЖӨ жөнүндө макулдашууну мөөнөтүнөн мурда бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндардын ордун толтуруу тартибин;
19) МЖӨ жөнүндө макулдашуудан келип чыккан жана МЖӨ долбоорун ишке ашырууга байланышкан талаш-тартыштарды чечүү тартибин;
20) мамлекеттик өнөккө инфратүзүмдүк объектти жана МЖӨ жөнүндө макулдашууну аткарууга байланыштуу берилген башка укуктарды МЖӨ жөнүндө макулдашуунун мөөнөтү аяктагандан кийин кайтарып берүү тартибин.
2. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун милдеттүү жоболорун толуктоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка жоболор каралышы мүмкүн.
20-берене. МЖӨ жөнүндө макулдашуу боюнча жеке өнөктүн жана долбоордук компаниянын укуктарын жана милдеттерин чегинип берүү
1. Жеке өнөктүн жана долбоордук компаниянын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана мамлекеттик өнөктүн жазуу жүзүндөгү алдын ала макулдугу менен чегинип берилиши мүмкүн.
2. Ири МЖӨ долбоорлору учурунда, жеке өнөктүн жана долбоордук компаниянын укуктары жана милдеттери МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн каржылоо берүүчү каржылык мекемелерге мамлекеттик өнөктүн жазуу жүзүндөгү алдын ала макулдугу менен өткөрүлүп берилүүсү мүмкүн.
21-берене. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонуу мөөнөтү
1. МЖӨ жөнүндө макулдашуу МЖӨ долбоорун ишке ашыруу өзгөчөлүгүнө жараша 30 жылга чейинки мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн.
2. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонуу мөөнөтү МЖӨ жөнүндө макулдашууда каралган учурларда узартылышы мүмкүн.
22-берене. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тартиби
МЖӨ жөнүндө макулдашуу өзүнүн колдонулушун төмөнкү учурларда токтотот:
1) МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
2) МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тараптарынын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча;
3) МЖӨ жөнүндө макулдашууда каралган тартипте МЖӨ жөнүндө макулдашуунун бир тарабынын демилгеси боюнча;
4) жеке өнөктүн жана/же долбоордук компаниянын иши токтотулган же жеке өнөктү жана/же долбоордук компанияны банкрот (кудуретсиз) деп тааныган учурда.
23-берене. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуунун кесепеттери
1. Эгерде МЖӨ жөнүндө макулдашууда башкача каралбаса, МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонулушу токтотулган учурда, жеке өнөк жана/же долбоордук компания төмөнкү аракеттерди аткарууга милдеттүү:
1) инфратүзүмдүк объектти жана мамлекеттик өнөктөн алынган башка активдерди мамлекеттик өнөккө өткөрүп берүүгө, алар МЖӨ жөнүндө макулдашуунун шарттарына ылайык үчүнчү жактар тарабынан кандайдыр бир чектөөлөрдөн эркин болууга тийиш;
2) мамлекеттик өнөктүн инфратүзүмдүк объектти иштетүү жана материалдык-техникалык тейлөө маселелери боюнча жана/же инфратүзүмдүк кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча персоналды даярдоого;
3) эгерде талап кылынса, инфратүзүмдүк объектти жана башка активдерди мамлекеттик өнөккө өткөрүп бергенден кийин, 3 айдан кеч эмес мөөнөттүн ичинде запастык бөлүктөрдү жеткирип берүүнү кошуп алганда, инфратүзүмдүк жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү, ресурстарды берүүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууга.
2. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тараптарынын биринин күнөөсү боюнча МЖӨ жөнүндө макулдашуунун мөөнөтүнөн мурда токтотулушу бул тарап үчүн экинчи тараптын МЖӨ жөнүндө макулдашуунун мөөнөтүнөн мурда токтотулушуна байланыштуу тарткан зыяндарынын ордун толтуруу боюнча милдеттенмелерге алып келет.
24-берене. Долбоордук компания
1. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу максатында жеке өнөк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык долбоордук компанияны түзүүгө укуктуу.
2. Жеке өнөктүн жана/же долбоордук компаниянын ишин токтотуу, мүлкүн күрөөгө коюу, акцияларынан ажыратуу же күрөөгө коюу (мүлктөгү үлүшү, пайлары менен), жеке өнөктүн жана/же долбоордук компаниянын уставдык (пайлык) капиталынын өлчөмүн өзгөртүү, МЖӨ жөнүндө макулдашууда башка жол каралбаса, мамлекеттик өнөккө жазуу жүзүндө алдын ала билдирүү жибермейинче жүргүзүлбөйт.
25-берене. МЖӨ долбоорун каржылоо
1. Жеке өнөк жана долбоордук компания МЖӨ долбоорун каржылоо үчүн зайымдарды, насыяларды тартууга укуктуу.
2. МЖӨ долбоорун каржылоо максатында жеке өнөк жана долбоордук компания аларга таандык мүлкүн күрөөгө коюуга, мамлекеттик өнөктүн макулдугусуз милдеттерди камсыз кылуунун башка ыкмаларын пайдаланууга укуктуу.
3. Эгерде МЖӨ жөнүндө макулдашууда башкача айтылбаса, мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жана жеке өнөккө жана/же долбоордук компанияга убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга өткөрүлүп берилген мүлк күрөөгө өткөрүлүп берилбейт.
4. МЖӨ долбоорун каржылоо максатында мамлекеттик өнөк, жеке өнөк жана/же долбоордук компания каржы мекемелери менен каржылоо жөнүндө макулдашууну түзүүгө укуктуу.
26-берене. Инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктары
1. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же МЖӨ жөнүндө макулдашууда башкача каралбаса, МЖӨ долбоорун ишке ашыруу процессинде жеке өнөк жана/же долбоордук компания инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөргө бирдей мамилени камсыз кылууга милдеттүү.
2. Жеке өнөктүн жана/же долбоордук компаниянын жана инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн ортосундагы мамилелер керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, техникалык жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынууга тийиш.
27-берене. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби
1. Тендерди өткөрүү процессинде тендердин катышуучулары менен тендердик комиссиянын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар, ошондой эле МЖӨ долбоорун демилгелөө жөнүндө сунушун четке кагуу маселелери административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте чечилет.
2. МЖӨ жөнүндө макулдашуунун тараптарынын ортосунда МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүүгө, аткарууга жана токтотууга байланыштуу келип чыккан талаш-тартыштар МЖӨ жөнүндө макулдашуунун жоболоруна ылайык сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. Тараптардын талаш-тартыштарын сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салууга мүмкүн болбогон учурда, эгерде тараптар талаш-тартышты жөнгө салуу үчүн башка жол-жобо жөнүндө макулдашууга келбесе, талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын сот органдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын бейтарап соттору же эл аралык коммерциялык арбитраж тарабынан каралууга тийиш.
28-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 3 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 26-июлунда N 62 жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам расмий жарыялангандан күндөн тартып 3 айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 22-февралындагы № 7 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 2, 1899-ст.);
2) "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-июнундагы № 88 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 6, 537-ст.).
4. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып даярдоо же болбосо тендер өткөрүү баскычында турган МЖӨ долбоорун ишке ашыруу ушул Мыйзамда белгиленген жол-жоболорго ылайык мамлекеттик өнөктүн тандоосу боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн экени белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Жээнбеков | |
2019-жылдын 19-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |