Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\78c7e5ae-a09a-46c0-a04e-23c34f5adae9\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 8-августу № 149

Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө

(КР2014-жылдын 9-июлундагы № 119,2014-жылдын 19-июлундагы № 145,2015-жылдын 13-январындагы № 9,
2015-жылдын 13-августундагы № 225,2016-жылдын 14-июнундагы № 80,
2016-жылдын 15-июлундагы № 118,2017-жылдын 15-июлундагы № 126Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1-берене. Мыйзамдын максаттары

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасындагы табигый монополияларга карата мамлекеттик саясаттын укуктук негиздерин аныктайт жана керектөөчүлөр үчүн керектөөчүлөр менен өздөрү саткан товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган табигый монополиянын субъекттеринин кызыкчылыктарынын тең салмактуулугуна жетишине, ошондой эле табигый монополиянын субъекттеринин натыйжалуу иштөөсүнө багытталган.

2-берене. Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

Ушул Мыйзам табигый монополиянын субъекттери, керектөөчүлөр, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан Кыргыз Республикасынын рынокторундагы келип чыккан мамилелерге жайылтылат.

Табигый монополия чөйрөсүндөгүлөрдүн атаандаштык рыноктук абалга экономиканын такталган жолу менен өтүүсүнө тоскоолдук кылууга жол берилбейт.

2-1-берене. Табигый монополиялардын чөйрөлөрү

Табигый монополиялардын чөйрөлөрү болуп төмөнкүлөр таанылат:

1) мунайды жана мунайзаттарын магистралдык түтүк өткөргүчтөр аркылуу ташуу;

2) жаратылыш газын ташуу, бөлүштүрүү, сактоо жана сатуу;

3) электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү, бөлүштүрүү, сатуу, берүү;

4) улуттук энергия тутумун оперативдүү-диспетчердик башкаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр;

5) борборлоштурулган суу менен жабдуу жана суу бөлүштүрүү;

6) жалпы пайдалануудагы электр байланыш жана почта байланыш кызмат көрсөтүүлөрү;

7) темир жол ташуулары;

8) учууларды аэронавигациялык жактан камсыз кылуу;

9) ички аба ташууларын жерден тейлөө.

(КР2015-жылдын 13-январындагы № 9Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-берене. Негизги түшүнүктөрдүн аныктамасы

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндөгү негизги түшүнүктөр колдонулат:

табигый монополиянын субъекттеринин мамлекеттик реестри- республикалык жана регионалдык (локалдык) рыноктордо мамлекеттик тескөөгө жана контролдонууга жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттердин тизмеси;

табигый монополия- товардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) аныкталган түрүнө суроо-талаптарды канааттандыруу үчүн атаандашуу шарттарын түзүү мүмкүн болбогон же өндүрүштүн технологиялык өзгөчөлүктөрүнө жана товардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ушул түрүн өндүрүүгө байланыштуу экономикалык жактан максатка ылайыксыз болгон товардын (иштердин кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунун абалы;

(төртүнчү абзац КР 2015-жылдын 13-январындагы № 9Мыйзамынаылайык күчүн жоготту)

(бешинчи абзац КР 2015-жылдын 13-январындагы № 9Мыйзамынаылайык күчүн жоготту)

товар- сатуу, алмаштыруу же башка жүгүртүүгө киргизилгендер үчүн арналган жарандык укуктардын (анын ичинде иштер, кызмат көрсөтүүлөр) объектиси;

табигый монополиянын субъектиси- табигый монополиянын шартында товарларды өндүрүү (сатуу) менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъект (юридикалык жак);

табигый монополиялардын чөйрөсү- ушул Мыйзам менен табигый монополияга киргизилген товарды (иштер, кызмат көрсөтүүлөрдү) жүгүртүү чөйрөсү, мында керектөөчү табигый монополиялардын субъекттеринин товарын (иштерин кызмат көрсөтүүлөрүн) сатып ала алат;

керектөөчү (абонент)- табигый монополиянын субъекти тарабынан өндүрүлүүчү (сатылуучу) товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуучу, пайдалануучу же пайдаланууну ниет кылган жеке же юридикалык жак;

баанын (тарифтин) чектүү деңгээли- табигый монополиянын субъектисинин жөнгө салынуучу товарына, ишине, кызмат көрсөтүүсүнө баанын (тарифтин) максималдуу көрсөткүчү;

табигый монополиянын субъектисинин жетекчиси- табигый монополиянын субъектисинин атынан ишеним катсыз чыгууга ыйгарым укук берилген адам;

(он биринчи абзац КР 2015-жылдын 13-январындагы № 9Мыйзамынаылайык күчүн жоготту)

баа (тариф)- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте белгиленген табигый монополиянын субъектинин жөнгө салынуучу товарларынын (иштеринин, кызмат көрсөтүүлөрүнүн) наркынын акчалай мааниси;

чарбакер субъекттин паспорту- кирешелердин жана чыгашалардын беренелери жөнүндө, жөнгө салынуучу товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмдөрү жөнүндө көрсөткүчтөр жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча жөнгө салынуучу товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) өңүтүндө табигый монополиянын субъектинин ишинин башка экономикалык көрсөткүчтөрү;

ыйгарым укуктуу орган- табигый монополияларды жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү, монополиялык ишти жана кара ниет атаандаштыкты чектөө, жоюу жаатындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органдары;

кызмат көрсөтүүлөр- жеке муктаждыктарын же башка жактын муктаждыктарын канааттандырууга, анын ичинде товарларды, иштерди, чийки заттарды жана материалдарды ар кандай сатып алууларга багытталган иштер;

ички рынок- керектөөчү табигый монополиялардын субъекттеринин товарларын (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууга мүмкүн болгон товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) жүгүртүү чөйрөсү;

жөнгө салуунун узак мөөнөттүү параметрлери- жөнгө салуунун узак мөөнөттүү мезгилине белгиленүүчү узак мөөнөттүү тарифтерди эсептөө үчүн зарыл болгон параметрлер;

жөнгө салуунун узак мөөнөттүү мезгили- жөнгө салуунун узак мөөнөттүү параметрлери белгиленүүчү мезгил кеминде 3 жылды түзөт;

табигый монополиялардын субъекттеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүк- Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттердин табигый монополиялардын субъекттеринин Кыргыз Республикасынын табигый монополиялардын субъекттеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;

киреше- катышуучулардын салымдарын кошпогондо, активдердин (акчалай каражаттардын, башка мүлктүн) агымы, өсүшү же табигый монополиянын субъектинин өздүк капиталынын көбөйүшүнө алып келген милдеттенмелердин азайышы;

инвестицияланган капитал- табигый монополиялардын субъекттеринин жөнгө салынуучу ишти жүргүзүү үчүн зарыл болгон активдерин түзүү үчүн пайдаланылган капитал.

(КР2014-жылдын 19-июлундагы № 145,2015-жылдын 13-январындагы № 9,2015-жылдын 13-августундагы № 225Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

4-берене. Табигый монополиялардын субъекттеринин иштерин мамлекеттик жөнгө салуунун принциптери

Табигый монополиялардын субъекттерин мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырууда төмөнкүлөр негизги принциптер болуп саналат:

1) керектөөчүлөрдүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана алардын керектөөчүлөр үчүн талаптагыдай сапатын камсыз кылган табигый монополиялардын субъекттеринин кызыкчылыктарынын балансын сактоо, табигый монополиялардын субъекттеринин натыйжалуу иштөөсү жана өнүгүүсү;

2) атаандаштыкты өнүктүрүүгө шарт түзүүнүн эсебинен келечекте табигый монополиялардын чөйрөсүн кыскартууга багытталган жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу;

3) табигый монополиялардын тармактык өзгөчөлүктөрүн, иштеринин масштабын, рыноктук конъюнктураны, орто мөөнөттүү (узак мөөнөттүү) макроэкономикалык жана тармактык божомолдорду, ошондой эле бул субъекттерди баа (тарифтик) жөнгө салуунун чараларын эске алуу менен табигый монополиялардын субъекттерин ийкемдүү баа (тарифтик) жөнгө салууну колдонуу;

4) тийиштүү ички рынокту талдоонун негизинде ал рынок табигый монополиянын абалында экендиги аныкталган учурда мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү;

5) кабыл алынуучу чечимдердин көз карансыздыгын, улантуучулугун, ачыктыгын, объективдүүлүгүн жана айкындыгын камсыз кылуучу табигый монополиялардын субъекттеринин ишин жөнгө салуунун жол-жоболорун колдонуу;

6) кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногуна жеткиликтүүлүк мүмкүнчүлүктөрүнө карата, анын ичинде табигый монополиялар чөйрөсүнө тийиштүү кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жолу менен тоскоолдуктарды солгундатуу;

7) табигый монополиялар чөйрөсүндө белгиленүүчү баалардын (тарифтердин) кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына шайкештигин камсыз кылуу;

8) табигый монополиялардын субъекттерине чыгымдарды азайтуу, жаңы технологияларды киргизүү, инвестицияларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, пайдалуу болгон экономикалык шарттарды түзүү;

9) экономикалык жактан негиздүү пайда алуу;

10) табигый монополиялардын субъекттеринин тарифтерин (бааларын) берилген кызмат көрсөтүүлөрдүн ишенимдүүлүгүн жана сапатын эске алуу менен түзүү;

11) энергиялык натыйжалуулук жана экологиялык жагдайлар боюнча иш-чараларды аткаруу;

12) керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын, анын ичинде жөнгө салынуучу кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди (бааларды) колдонуу менен байланышкан табигый монополиялардын субъекттери тарабынан ар кандай эреже бузуулардан коргоо;

13) табигый монополиялардын субъекттери тарабынан мындай кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык мүмкүнчүлүгү болгондо, аларга карата мамлекеттик жөнгө салуу колдонулган кызмат көрсөтүүлөргө керектөөчүлөр менен келишимдерди түзүүнүн милдеттүүлүгү;

14) жөнгө салуунун табигый монополиянын конкреттүү субъектине багытталгандыгы.

(КР2015-жылдын 13-январындагы № 9,2015-жылдын 13-августундагы № 225Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

41-берене. Табигый монополиялардын субъекттерин мамлекеттик жөнгө салуунун түрлөрү жана усулдары

1. Мамлекеттик жөнгө салууну жана контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте табигый монополиялардын субъекттеринин мамлекеттик реестри түзүлөт жана жүргүзүлөт.

2. Ушул Мыйзам колдонулган чөйрөдө табигый монополиялардын субъекттеринин иштерин жөнгө салуунун төмөнкүдөй түрлөрү колдонулат:

1) бааны (тарифти) жөнгө салуу:

- бааларды (тарифтерди) белгилөө;

- баалардын (тарифтердин) чектик деңгээлин белгилөө;

2) (КР 2016-жылдын 15-июлундагы № 118Мыйзамынаылайык күчүн жоготту)

3) милдеттүү тейлөөгө жаткан керектөөчүлөрдү (абоненттерди) аныктоо жана (же) жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо зарылчылыгын эске алуу менен табигый монополиялардын субъекти тарабынан өндүрүлүүчү (сатылуучу) товарга (кызмат көрсөтүүгө) керектөөлөрдү толук көлөмдө канааттандыруу, мамлекеттин коопсуздугун, жаратылышты жана маданий баалуулуктарды коргоону камсыз кылуу мүмкүн болбогон учурда, аларды камсыз кылуунун минималдык деңгээлин белгилөө;

4) соода үстөгүнүн чоңдугун белгилөө;

5) табигый монополиялардын субъекттери болуп саналган инженердик-техникалык кызматтар үчүн милдеттенмелерди белгилөө, ушул субъект тарабынан өндүрүлүүчү (сатылуучу) товарга (кызмат көрсөтүүгө) керектөөлөрдү толук көлөмдө канааттандыруу мүмкүн болбогон учурда, инженердик-техникалык камсыз кылуунун тиешелүү тармактарын өнүктүрүүнү жүзөгө ашыруу.

3. Бааны (тарифти) жөнгө салууда төмөнкүдөй жөнгө салуу усулдары колдонулат:

1) экономикалык жактан негизделген сарптоолордун усулу;

2) инвестициялык капиталдардын кирешелүүлүк усулу.

4. Ушул Мыйзамда каралган жөнгө салуунун түрлөрү жана усулдары үчүн, ошондой эле табигый монополиялардын субъекттеринин ишинин натыйжалуулугун салыштырма талдоо усулун пайдалануу менен алынган жөнгө салуунун узак мөөнөттүү параметрлери колдонулат.

(КР2015-жылдын 13-январындагы № 9,2016-жылдын 15-июлундагы № 118Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

5-берене. Табигый монополиялар чөйрөлөрүндөгү мамлекеттик контроль

1. Табигый монополиянын субъекттеринин иш чөйрөлөрүндө натыйжалуу мамлекеттик саясатты жүргүзүү жана керектөөчүлөрдүн укугун жана мыйзамдуу талаптарын басмырлоону токтотуу же табигый монополиялардын абалынан атаандаштык рыногунун абалына тиешелүү товар рыногунун экономикалык өзүн актоочу өтүүсүн токтотуу максатында контролду төмөндөгү учурларда ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат:

1) натыйжасында табигый монополиянын субъектиси товарларды өндүрүү (сатуу) үчүн арналбаган негизги каражаттарга менчик укугуна же негизги каражаттарды пайдалануу укугуна ээ болгон бардык бүтүмдөргө, буларга карата, эгерде мындай негизги каражаттардын баланстык наркы акыркы бекитилген баланс боюнча табигый монополиянын субъекттеринин өздүк капиталынын наркынан 10 пайыздан ашса, ушул Мыйзамга ылайык жөнгө салуу колдонулат;

2) натыйжасында чарба жүргүзүүчү субъект менчик укугуна же товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү (сатуу) үчүн арналган табигый монополиянын субъектисинин негизги каражаттарынын бир бөлүгүнө ээ болуу жана (же) пайдалануу укугуна же сатууга, ижарага берүүгө же башка бүтүмгө ээ болгондо, эгерде мындай негизги каражаттардын баланстык наркы буларга карата акыркы бекитилген баланс боюнча табигый монополиянын субъекттеринин өздүк капиталынын наркынан 10 пайыздан ашып кетсе, ушул Мыйзамга ылайык жөнгө салуу колдонулат;

3) товарларды өндүрүүдө (сатууда) табигый монополиянын субъектисинин инвестицияларына, буларга карата акыркы бекитилген баланс боюнча табигый монополиянын субъектисинин өздүк капиталынын наркы 10 пайыздан ашыкты түзсө, ушул Мыйзамга ылайык жөнгө салуу колдонулбайт;

4) табигый монополиянын субъектисинин кайра уюштурулушуна жана жоюлушуна;

5) табигый монополия субъекттеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө керектөөчүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун эрежелерин жана аларга кошулуунун (биригүүнүн, пайдалануунун) шарттарын сактоо.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-2, 4-пункттарында көрсөтүлгөн аракеттерди жасоо үчүн табигый монополиянын субъектиси мындай аракеттерди жасоого макулдук берүү жөнүндө өтүнүч катты ыйгарым укуктуу органга берүүгө жана чечим кабыл алуу үчүн зарыл маалыматты билдирүүгө милдетүү.

Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн иш-аракеттерди жүзөгө ашырууда табигый монополиянын субъектиси ыйгарым укуктуу органга билдирме жиберет.

Маалыматтын мазмунуна жана аны берүүнүн формасына талаптар, ошондой эле өтүнүчтү жана билдирмени карап чыгуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) тарабынан аныкталат.

Ыйгарым укуктуу орган, эгерде өтүнүчтөгү аракеттер ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн болсо, ошондой эле эгерде арыз берүүчү тарабынан бардык зарыл документтер берилбеген учурда, же аларды кароодо андагы айтылган маалымат так эмес экендиги табылса өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартууга укуктуу.

Ыйгарым укуктуу орган өтүнүчтү алгандан 30 күндөн кечиктирбестен өзүнүн чечимин - макул же баш тарткандыгы жөнүндө кат жүзүндө арыз берүүчүгө кабарлайт. Баш тартуу жүйөөлөштүрүлүүгө тийиш.

Эгерде чечимди кабыл алуу үчүн кошумча маалымат зарыл болсо, ыйгарым укуктуу орган аны арыз берүүчүдөн талап кылууга укуктуу жана өтүнүчтү карап чыгуу мөөнөтүн узартуу тууралуу мындай талаптар билдирме менен бирге арыз берүүчүгө өтүнүчтү алган күндөн тартып 15 күндөн кеч эмес берилгенде гана өтүнүчтү карап чыгуу мөөнөтүн 30 күнгө узартса болот.

Ыйгарым укуктуу органдын чечими менен макул болбогон учурда, чечимге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанууга болот.

3. Жак, же жактардын тобу табигый монополиянын субъектисинин уставдык капиталында акцияларды (үлүштөрдү) рынокто сатып алууда же башка бүтүмдөрдүн (анын ичинде тапшырма келишимдеринин, ишенимдик башкаруунун, барымтанын) натыйжасында табигый монополиянын субъектисинин уставдык капиталын түзгөн бардык акцияларга (үлүштөргө) туура келген добуштардын жалпы санынын 10 пайыздан ашыгына ээ болсо сатып алат, бул жөнүндө ыйгарым укуктуу органга сатып алган күндөн тартып 30 күндүк мөөнөттө билдирүүгө милдеттүү. Мындан тышкары, алар өздөрүнө таандык болгон добуштардын саны өзгөргөн бардык учурлар жөнүндө ыйгарым укуктуу органга көрсөтүлгөн мөөнөтүндө билдирүүгө милдеттүү. Ушундай эле милдетти бардык акцияларга (үлүштөргө) туура келген добуштардын жалпы санынын 10 пайыздан ашыгы өзүнө тийген башка чарбакер субъектинин уставдык капиталындагы акцияларга (үлүштөргө) ээ болгон табигый монополиянын субъектиси алат.

Ушул бөлүктө каралган талаптардын сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу орган добуштардын (үлүштөрдүн) жалпы санынын 10 пайыздан ашыгына ээ болгон алардын катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматты чарба жүргүзүүчү субъекттерден талап кылууга укуктуу.

4. Табигый монополиянын субъекттеринин юридикалык жактарынын мамлекеттик каттоо жана кайра каттоо, ошондой эле анын ишинин токтотулушун каттоо ыйгарым укуктуу орган менен алдын ала макулдашкандан кийин гана каттоо органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР2015-жылдын 13-январындагы № 9Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-берене. Табигый монополиянын субъекттеринин сатып алууларын жүзөгө ашырууда мамлекеттик контроль

1. Товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууда табигый монополиянын субъекттеринин жөнгө салынган товарларына (иштерине, кызмат көрсөтүүлөрүнө) баасына (тарифтерине) эсепке алынган чыгымдар тендер түрүндө жүзөгө ашырылат.

2. Табигый монополиянын субъектилери тендерди өткөрүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органга билдирет. Ыйгарым укуктуу орган табигый монополиянын субъекттеринин тендерине катышууга укуктуу.

3. Тендер табигый монополиянын субъекттери менен төмөнкү принциптерди сактоо аркылуу өткөрүлөт:

1) тендердик жол-жоболорду өткөрүүдө ачыктыкты жана айкындуулукту;

2) тендерге катышуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктү бардык потенциалдык жабдып туруучуларга камсыздоону;

3) потенциалдык жабдып туруучулардын арасындагы ак ниеттүү атаандаштыкты.

4. Табигый монополиялардын субъекттеринин жөнгө салынуучу товарларына (иштерине, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) белгилөөдө, эгерде мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарда же ушул Мыйзамда белгиленген гендерди өткөрүү жөнүндө талаптар табигый монополиянын субъекти тарабынан бузулса, анын өтүнмөсү четке кагылат.

5. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыккан электр жана (же) жылуулук энергиясын сатып алуу энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР2015-жылдын 13-январындагы № 9,2016-жылдын 14-июнундагы № 80Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

7-берене. Табигый монополиянын субъекттеринин иштерин чектөө

1. Табигый монополиялардын субъекттерине төмөндөгүлөргө тыюу салынат:

1) табигый монополиянын чөйрөсүнө кирбеген башка иштерди жүзөгө ашырууга, төмөнкүлөрдү кошпогондо:

даярдоо технологиясы жөнгө салынуучу товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) менен байланыштуу болгондор;

түзүмдүк бөлүмчөлөрдү уюштуруучулук жана аймактык обочолонтуу мүмкүн болбогон учурда;

2) белгиленген өлчөмдөн жогорку акыны жөнгө салынуучу товарга (иштерге, кызмат көрсөтүүлөргө) алууга;

3) табигый монополиянын субъекттеринин жөнгө салынуучу товарларына (иштерге, кызмат көрсөтүүлөргө) жеткиликтүүлүк шарттарды таңылоого;

4) жөнгө салынуучу товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) баасына (тарифтерине) аларды өндүрүүгө жана сатууга байланышпаган чыгымдарды киргизүүгө;

5) рынокто жасалма дефицитти түзүү максатында жөнгө салынуучу товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүүнү жана сатууну убактылуу токтотууга же табигый монополиянын субъекти үчүнчү жактардын иштерине таасирин этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон учурда, мындай шарттарды түзүүгө;

6) атаандаштык шартында жүзөгө ашырылган товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүүнү жана жеткирүүнү субсидиялоо мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнө киргизилген иштерден алынган кирешелердин эсебинен жүргүзүүгө;

7) ички рыноктогу суроо-талап жетишерлик канааттандырбаганда товарларды, (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоого;

8) мүлктү мамлекеттин менчигине өткөрүп берген учурларды кошпогондо, жөнгө салынуучу товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү жана сатуу үчүн багытталган мүлктөн ажыратууга;

9) жөнгө салынуучу товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрду) ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленбеген баалар (тарифтер) боюнча сатууга.

2. Табигый монополиянын субъектисинин жөнгө салынуучу товарларын (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) берүүгө (сатып алууга) келишимдердин формалары, жөнгө салынуучу товарларын (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) берүү эрежелери ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылууга тийиш.

(КР2015-жылдын 13-январындагы № 9Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-берене. Табигый монополиянын субъекттеринин милдеттери

1. Табигый монополиянын субъекттери төмөндөгүлөргө милдеттүү:

1) ушул Мыйзамга ылайык ыйгарым укуктуу органдын чечимин аткарууга;

2) чыгымдары табигый монополиянын субъекттеринин жөнгө салынуучу товарларынын (иштеринин, кызмат көрсөтүүлөрүнүн) бааларында эске алынган товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте сатып алууну жүзөгө ашырууга;

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 175 "Табигый монополиялар субъекттеринин товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууэрежелеринбекитүү жөнүндө"токтому

3) коомдук, экологиялык коопсуздуктун жана жарандардын ден-соолугу үчүн коопсуздуктун принциптерин сактоодо өндүрүүнүн жана кызмат көрсөтүүнүн кыйла натыйжалуу ыкмаларын жана технологияларын тандоого;

4) ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча 5 жумуш күнүнөн кем эмес мөөнөттө ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттө монополиянын субъекттеринин иштери жөнүндө кагаз жана (же) электрондук түрдө финансылык отчетту жана маалыматты берүүгө, анын ичинде:

товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүүдөгү (сатуудагы), анын ичинде айлык акыдагы, чийки заттардын жана материалдардын наркындагы, кошумча чыгашалардагы чыгымдар жөнүндө;

салык жана башка төлөмдөр жөнүндө;

негизги өндүрүштүк фондун абалы жана наркы жөнүндө;

инвестициядагы жана амортизациялык чегерүүлөрдөгү муктаждыктар жөнүндө;

ар кандай баа (тариф) боюнча товарларды сатуу мүмкүнчүлүгүнөн божомолдонгон кирешелер жөнүндө;

товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү ордунан керектөөчүлөрдүн (абоненттердин) ар кандай тобун оолактатуу жөнүндө;

керектөөчүлөрдүн (абоненттердин) суроо-талабына өндүрүлгөн (сатылган) товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) сапатынын ылайыктуулугу жөнүндө;

товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) өндүрүлгөн жана экспорттолгон, импорттолгон көлөмдөрү жөнүндө:

мамлекеттик дотациялар жана башка мамлекеттик колдоо (жардам) чаралары жөнүндө;

5) ыйгарым укуктуу органга Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте инвестициялардын, бизнес-пландардын долбоорлорун, өз иши тууралуу утурумдук отчетторду берүүгө;

6) Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте жөнгө салынган товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ар бир түрү боюнча жана башка иштер боюнча толугу менен кирешелердин, чыгымдардын жана натыйжалуу активдердин өзүнчө эсебин жүргүзүүгө;

7) ыйгарым укуктуу органга макулдашууга чарба жүргүзүүчү субъекттин паспортун, эсептик саясатын берүүгө;

8) ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган типтүү келишимдерге ылайык көрсөтүлүүчү жөнгө салынган товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ар бир түрүнө, ошондой эле башка көрсөтүлүүчү жөнгө салынган товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ар бир түрүнө жана (же) жыйындысына керектөөчүлөр менен келишим түзүүгө;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте негизги каражаттарды кайра баалоодон өткөрүүнү макулдашууга;

10) кварталдын жыйынтыгы боюнча тарифтик сметаны аткарылышы жөнүндө отчетту ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча берүүгө;

11) жөнгө салынган товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) берүүгө келишимдерди түзүүдө керектөөчүлөрдүн укугун бузууга жол бербөөгө;

12) бааларды (тарифтерди) өзгөртүү (төмөндөтүү) тууралуу, аларды аракетке киргизгенге чейин 10 күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга жана керектөөчүлөргө кабардар кылууга;

13) табигый монополиянын субъекттеринин жөнгө салынган товарларынын (иштеринин, кызмат көрсөтүүлөрүнүн) түрлөрү боюнча кирешелердин, чыгымдардын жана колдонулган активдердин өзүнчө эсебин жүргүзүүнүн усулун иштеп чыгууга жана макулдашууга;

14) (КР2014-жылдын 9-июлундагы № 119Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

15) ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган баалар (тарифтер) боюнча товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатууга;

16) керектөөчүлөрдүн алардын кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүгүн жана аларга кошулуунун (биригүүнүн, пайдалануунун) шарттарын камсыз кылууга.

2. Табигый монополиялар субъекттеринин инженердик-техникалык кызматтары мыйзамдарда белгиленген тартипте, архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына электр-, жылуулук-, газ-, суу менен жабдуу жана суу бөлүү жаатындагы инженердик-техникалык камсыздоонун бардык колдонуудагы жана пландалуучу тармактардын схемаларын жана толук маалыматын берүүгө милдеттүү.

Табигый монополиянын субъекттеринин инженердик-техникалык кызматтары, мамлекеттик сырды камтыган маалыматтарды кошпогондо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына ресурстардын болушу жөнүндө маалыматтары менен инженердик-техникалык тармактардын схемаларын жайгаштырууга милдеттүү. Бул маалымат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жеке жана юридикалык жактардын суроо-талабы боюнча да берилет.

3. Табигый монополиялардын кызмат көрсөтүүлөрүнө керектөөчүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу тартиби жана эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР2014-жылдын 9-июлундагы № 119,2015-жылдын 13-январындагы № 9Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

9-берене. Ыйгарым укуктуу органдын жөнгө салуунун усулдарын колдонуу жөнүндө чечимди кабыл алышы үчүн негиздер

(КР 2015-жылдын 13-январындагы № 9Мыйзамынаылайык күчүн жоготту)

10-берене. Табигый монополиянын субъекттеринин иши жөнүндө маалыматка жетүү укугу

1. Ыйгарым укуктуу органга жүктөлгөн иш-милдеттерди аткаруу максаттарында алардын кызматкерлери кат жүзүндөгү суроо-талаптын негизинде табигый монополиянын субъекттеринин чарбалык иштери жөнүндө, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле табигый монополиянын субъекттеринде болгон маалыматтарды алууга укуктуу.

2. Ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча табигый монополиянын субъекттери, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамда каралган иш-милдеттерди ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылышы үчүн зарыл болгон ишенимдүү документтерди, жазуу жүзүндө жана оозеки жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү берүүгө милдеттүү.

Ыйгарым укуктуу орган тарабынан алынган коммерциялык сыр бар маалыматтар ашкереленүүгө жатпайт.

11-берене. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынган чечимдер жөнүндө алардын билдирүүсү

Ыйгарым укуктуу орган табигый монополиянын субъекттеринин иштерине өзгөртүү же жөнгө салууну токтотуу киргизүү жөнүндө, ошондой эле табигый монополиянын субъекттерин Мамлекеттик реестрге киргизүү тууралуу же андан чыгаруу жөнүндө, табигый монополиянын субъекттеринин ишин жөнгө салуунун колдонулган усулдары жана аларга коюлган конкреттүү көрсөткүчтөрү жана талаптары тууралуу алар тарабынан кабыл алынган чечимдер жөнүндө расмий жалпыга маалымдоо каражаттары же расмий сайттар аркылуу билдирип турууга милдеттүү.

Ыйгарым укуктуу орган расмий жалпыга маалымдоо каражаттары же расмий сайттар аркылуу ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн табигый монополиянын субъекттеринин жоопко тартылгандыгынын бардык учурлары жөнүндө кабарлап турууга милдеттүү.

12-берене. Ушул Мыйзамды бузуунун кесепеттери

1. Ушул Мыйзамды бузган учурда, ыйгарым укуктуу органдын чечимдерине (жазуу жүзүндөгү талаптарына) ылайык табигый монополиянын субъекттери (алардын жетекчилери), мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (алардын кызмат адамдары) төмөндөгүлөргө милдеттүү:

ушул Мыйзамды бузууну токтотууга жана алардын кесепеттерин жоюуга;

алгачкы абалына келтирүүгө же чечимде (жазуу жүзүндөгү талапта) көрсөтүлгөн башка аракеттерди жасоого;

ушул Мыйзамга ылайык келбеген актыны жокко чыгарууга жана (же) өзгөртүүгө;

милдеттүү тейлөөгө жаткан керектөөчү (абонент) менен келишим түзүүгө;

керектөөчү (абонент) менен келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган айып пулун төлөөгө же башка жоопкерчиликти тартууга;

келтирилген чыгымдын жана (же) зыяндардын ордун толтурууга.

2. Табигый монополиянын субъектиси ушул Мыйзамды бузуунун натыйжасында алганкирешениыйгарым укуктуу органдын чечими менен белгиленген мөөнөттө республикалык бюджетке которууга милдеттүү.

(КР2016-жылдын 15-июлундагы № 118Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-берене. Ушул Мыйзамды бузуу менен келтирилген чыгымдардын жана (же) зыяндын ордун табигый монополиянын субъекттери тарабынан толтуруу

Эгерде табигый монополиянын субъектисинин аракети (аракетсиздиги) менен ушул Мыйзамды бузуп, башка чарба жүргүзүүчү субъектке же жеке жакка, анын ичинде бааны (тарифти) негизсиз көтөрүү жолу менен чыгымдар жана (же) зыяндар келтирилсе, бул чыгымдар жана (же) зыяндар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, табигый монополиянын субъектиси тарабынан толтурулууга жатат.

14-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдарынын жоопкерчилиги

Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн, анын ичинде коммерциялык жашыруун сырды ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.

15-берене. Ыйгарым укуктуу органдын укукка жат чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) менен табигый монополиянын субъектисине же башка чарбакер субъектиге келтирилген зыяндардын ордун толтуруу

Эгерде ыйгарым укуктуу органдар тарабынан ушул Мыйзамды бузуу менен чечим кабыл алынса, анын ичинде жетиштүү экономикалык негизсиз бааларды (тарифтерди) белгилөө жөнүндө чечим кабыл алынса жана мына ушунун натыйжасында табигый монополиянын субъектисине же башка чарба жүргүзүүчү субъектиге зыян келтирилсе, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте бул зыяндардын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

16-берене. Ушул Мыйзамдын бузулгандыгы жөнүндө иштерди ыйгарым укуктуу органдын кароосу үчүн негиздер

Монополияга каршы мыйзамдардын бузулгандыгы жөнүндө иштерди кароо үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

1) жеке же юридикалык жактын арызы;

2) ыйгарым укуктуу органдын демилгеси.

(КР2017-жылдын 15-июлундагы № 126Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-берене. Ыйгарым укуктуу органдын ушул Мыйзамдын бузулгандыгы жөнүндө иштерди кароосунун жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуусунун тартиби

1. Ушул Мыйзамдын бузулгандыгы жөнүндө иштерди кароо тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 365 "Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамын бузуу тууралуу иштерди карап чыгуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө"токтому

2. Ыйгарым укуктуу орган ишти кароонун натыйжалары боюнча кабыл алган чечим (кагаз жүзүндөгү талап) аны кабыл алган күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен кызыкдар жактарга жиберилет же аларга кол койдурулуп тапшырылат.

3. Ушул Мыйзамдын бузулгандыгына байланыштуу жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын козгогон иштер боюнча чечимдер аларды кабыл алган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында же расмий сайттарда жарыяланууга тийиш.

(КР2017-жылдын 15-июлундагы № 126Мыйзамынын редакциясына ылайык)

18-берене. Ыйгарым укуктуу органдын чечимдеринин (кагаз жүзүндөгү талаптарынын) аткарылышынын тартиби

1. Ыйгарым укуктуу органдын чечимдери (кагаз жүзүндөгү талаптары) табигый монополиянын субъекттери (алардын жетекчилери), мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (алардын кызмат адамдары) тарабынан чечимдерде (кагаз жүзүндөгү талаптарда) каралган мөөнөттө аткарылууга тийиш.

2. Ушул Мыйзамды бузуу менен кабыл алынган актыларды жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө же бузулганга чейин болгон алгачкы абалын калыбына келтирүү жөнүндө чечимдер (кагаз жүзүндөгү талаптар) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылбаган учурда ыйгарым укуктуу орган бул актыларды толугу менен же жарым жартылай жараксыз деп табуу тууралуу доо менен сотко кайрылууга укуктуу.

3. Табигый монополиянын субъектиси келишим түзүү тууралуу же түзүлгөн келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кагаз жүзүндөгү талаптарды аткарбаган учурда ыйгарым укуктуу орган келишимди түзүүгө же түзүлгөн келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө табигый монополиянын субъектисин мажбурлоо тууралуу доо менен сотко кайрылууга укуктуу.

4. Табигый монополиялардын субъекттери ушул Мыйзамды бузуунун натыйжасында мыйзамсыз алынган кирешени республикалык бюджетке которуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү талапты аткарбаса, ыйгарым укуктуу орган бул кирешени өндүрүү жөнүндө сотко доо арыз менен кайрылууга укуктуу.

5. Табигый монополиянын субъекттери, табигый монополиянын субъекттеринин жетекчилери же мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары айып пулду төлөөдөн баш тарткан учурда же айып пулду чечимдерде (кагаз жүзүндөгү талаптарда) көрсөтүлгөндөн азыраак өлчөмдө төлөгөн учурда ыйгарым укуктуу орган айып пулду өндүрүп алуу жөнүндө доо менен сотко кайрылууга укуктуу.

(КР2015-жылдын 13-августундагы № 225Мыйзамынын редакциясына ылайык)

19-берене. Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерине (кагаз жүзүндөгү талаптарына) даттануунун тартиби

Ыйгарым укуктуу органдын чечимине (кагаз жүзүндөгү талабына) арыз берүүчү жана башка кызыкдар жактар административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте даттанууга укуктуу. Административдик даттануу боюнча чечим менен макул болбогон учурда ушул абзацта көрсөтүлгөн жактар сотко кайрылууга укуктуу.

Сотко арыз бергенде, аны сотто кароонун убагында жана соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин (кагаз жүзүндөгү талаптарын) аткаруу токтотулбайт.

20-берене. Монополияга каршы органдын ишин каржылоо жана материалдык-техникалык камсыздоо

Монополияга каршы органды каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын эсебинен жана башка булактардан жүргүзүлөт.

Монополияга каршы органдын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, иштөө үчүн зарыл шарттарды түзүү жана кызматкерлерди социалдык коргоону камсыз кылуу максатында монополияга каршы мыйзамдарда белгиленген регулятивдүү талаптардан четтөө менен, мыйзамсыз (негизсиз жана кошумча) алынган кирешелер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка түшүүлөр түрүндөгү суммадан 25 пайыз өлчөмүндөгү чегерүүлөрдүн эсебинен Монополияга каршы органды өнүктүрүү жана материалдык камсыз кылуу фонду түзүлөт.

Бул фондду түзүү жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР2016-жылдын 15-июлундагы № 118Мыйзамынын редакциясына ылайык)

21-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерге катышуусу

Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда каралгандан башкача эреже белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежеси колдонулат.

22-берене. Корутунду жобо

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 3 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. (КР2014-жылдын 19-июлундагы № 145мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)

3. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

"Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамы, 1999-жылдын 8-октябры, № 106 (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 97-ст.);

"Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынаөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамы, 2004-жылдын 10-декабры, № 190 (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 3, 177-ст.);

"Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынатолуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамы, 2009-жылдын 30-марты, № 100 (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 3, 231-ст.);

"Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамынатолуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамы, 2009-жылдын 27-апрели, № 135 (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 357-ст.).

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 3 айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.


Кыргыз Республикасынын

             Президенти


Р. Отунбаева   


Онлайн кайрылуу