"Иштетилбеген же одоно майдаланган, таарып кесилген же башка ыкма менен тик бурчтуу, чарчы формадагы блок же такталарга бөлүнгөн акиташ-ракушечникти Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору

Долбоор



КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ


Иштетилбеген же одоно майдаланган, таарып кесилген же башка ыкма менен тик бурчтуу, чарчы формадагы блок же такталарга бөлүнгөн акиташ-ракушечникти Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары  ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө


2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине  жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн  же казып алынган   иштетилбеген же одоно майдаланган, таарып кесилген же башка ыкма менен тик бурчтуу, чарчы формадагы блок же такталарга бөлүнгөн акиташ-ракушечникти (ЕАЭБдин ТЭИ ТН 2515 11 000 0 жана 2515 12 000 0 коду менен классификацияланган) Кыргыз Республикасынан, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын  чегинен тышкары ташып чыгууга  алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу киргизилгендигин кабарласын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана  Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды кабыл алсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын  Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2022-жылдын 17-декабрындагы №316 "Иштетилбеген же одоно майдаланган, таарып  кесилген же башка ыкма менен тик бурчтуу,  чарчы формадагы блок же такталарга бөлүнгөн  акиташ-ракушечникти Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн тартып күчүнө кирет.


Кыргыз Республикасынын

Министирлер Кабинетинин төрагасы                       А. У. Жапаров 


Авторы проекта(Контакты, данные, информации)
Мураталиев Азамат, тел.: 62-05-35 кошумча 335
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу