"Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары жыгач материалдары менен жыгачты ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору

Долбоор 



 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ


Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары  жыгач  материалдары менен жыгачты ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө



2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынан тиркемеге ылайык жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу киргизилсин.

Убактылуу тыюу салуу ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин киргизилет деп белгиленсин.

  1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен, Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын. 
  2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
  3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
  4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн. 
  5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26- ноябрындагы № 282 «Кыргыз Республикасынан жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.
  6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 



Төрага                                      А.У.Жапаров
 

Тиркеме


Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы айманынан тышкары  ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууда белгиленген жыгач материалдары менен жыгач отундардын

ТИЗМЕГИ  


Товардын аталышы

ЕАЭБ ТЭИ ТН коду


Жыгач отундары

4401 11 000 9


Жыгач отундары

4401 12 000 9


Жыгач материалдары

4403 11 000 1


Жыгач материалдары

4403 11 000 9


Жыгач материалдары

4403 12 000 1


Жыгач материалдары

4403 12 000 2


Жыгач материалдары

4403 12 000 3


Жыгач материалдары

4403 21 110 0


Жыгач материалдары

4403 21 190 0


Жыгач материалдары

4403 21 910 0


Жыгач материалдары

4403 21 990 0


Жыгач материалдары

4403 22 100 0


Жыгач материалдары

4403 22 900 0


Жыгач материалдары

4403 23 110 0


Жыгач материалдары

4403 23 190 0


Жыгач материалдары

4403 23 910 0


Жыгач материалдары

4403 23 990 0


Жыгач материалдары

4403 24 100 0


Жыгач материалдары

4403 24 900 0


Жыгач материалдары

4403 25 910 0


Жыгач материалдары

4403 25 990 0


Жыгач материалдары

4403 26 000 0


Жыгач материалдары

4403 91 100 0


Жыгач материалдары

4403 91 900 0


Жыгач материалдары

4403 93 100 0


Жыгач материалдары

4403 93 900 0


Жыгач материалдары

4403 94 000 0


Жыгач материалдары

4403 95 000 1


Жыгач материалдары

4403 95 000 9


Жыгач материалдары

4403 96 000 9


Жыгач материалдары

4403 97 000 1


Жыгач материалдары

4403 97 000 2


Жыгач материалдары

4403 99 000 1


Жыгач материалдары

4403 99 000 9


Жыгач материалдары

4407 11 930 0


Жыгач материалдары

4407 11 980 0


Жыгач материалдары

4407 12 910 0


Жыгач материалдары

4407 12 980 0


Жыгач материалдары

4407 19 980 0


Жыгач материалдары

4407 91 900 0


Жыгач материалдары

4407 92 000 0


Жыгач материалдары

4407 95 100 0


Жыгач материалдары

4407 95 910 0


Жыгач материалдары

4407 95 990 0


Жыгач материалдары

4401 11 000 9


Жыгач материалдары

4401 12 000 9





Авторы проекта(Контакты, данные, информации)
Турдукожоева П.К., тел.: 62-05-35 кошумча 155
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу