"Женева шаарында, Швейцария Конфедерациясында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча Өкүлчүлүгү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору

Долбоор


КЫРГЫЗ РСЕПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 


Женева шаарында, Швейцария Конфедерациясында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча Өкүлчүлүгү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу 


2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө макулдашууга кошулууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын тарифтик милдеттенмелерин өзгөртүү боюнча ДСУ мүчө өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү кошкондо, ДСУ Макулдашууларын аткаруу боюнча Дүйнөлүк Соода Уюмунун алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишин активдештирүү жана ДСУ алдында Кыргыз Республикасынын милдеттеринин аткарышын камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Женева шаарында, Швейцария Конфедерациясында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча Өкүлчүлүгү жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы №374 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жободо:

-  6-пунктунун он биринчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.



Төрага                                    А. У. Жапаров

Авторы проекта(Контакты, данные, информации)
Ормонова Сыядат тел.: 62-05-35 кош. 144
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу