Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы №560 «Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоор.

«Кыргыз Республикасында ички соода жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 7 жана 10-беренелерине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы №560 «Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн эрежелери:

- төмөнкүдөй мазмундагы 141-1-пункту менен толукталсын:

«141-1. Коомдук тамак-аш объекттери жеке продукцияларынан тышкары, кошо алынуучу тамак-аш продуктыларын сата алышат»;

- төмөнкүдөй мазмундагы 164-1-пункту менен толукталсын:

«164-1. Коомдук тамак-аш объекттери ар кандай алкоголсуз муздак суусундуктарды сатууда, алардын ассортименти ар бир товардын түрү боюнча 50 пайызынан кем эмеси ата мекендик өндүрүштөгү продукциялардан болушу керек».

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Авторы проекта(Контакты, данные, информации)
Джусумалиев Н. – Соода саясаты жана экспортту өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы. тел. 62-05-35 (+307) e-mail: ndzhusumaliev@gmail.com.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу