ЕАЭБ алкагында интеграцияны мындан ары өнүктүрүү жөнүндө декларация
5926

Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарындагы Жогорку Евразиялык Кеңештин отурумунун жыйынтыгы боюнча мамлекет башчылары тарабынан ЕАЭБ алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндөгү Декларацияга кол коюлган (Көчүрүү).


Мамлекет башчылары евразиялык интеграция идеяларынын 25 жылдыгынын жана 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндөгү Келишимдин 5 жылдыгынын алдында, ЕАЭБ бирдиктүү рыногунун максималдуу натыйжалуулугун камсыздоо жана бизнес керектөөчүлөр үчүн анын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу жана тоскоолдуктарды толук жоюу аркылуу ЕАЭБ ички рыногунда товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин ишке ашуусу үчүн алып коюуларды жана чектөөлөрдү максималдуу түрдө кыскартуу, евразиялык мейкиндикте маанилүү инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, транспорт коридорлорун түзүү, анын ичинде ЕАЭБ транзиттик жана логистикалык потенциалын ишке ашыруу максатында трансконтиненталдык жана мамлекеттер аралык жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууларды көбөйтүү сыяктуу башкы багыттарды негиз катары кабыл алуу менен ЕАЭБ алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө билдиришкен.


Мындан тышкары “инновациялар аймагын” түзүү жана өндүрүмдүүлүгү жогору анын ичинен экономиканын экспорттук-багытталган секторлорун түзүү жана өнүктүрүү аркылуу илимий-техникалык ачылыштарга дем берүү, тездетилген инновациялык жана санариптүү технологияларды биринчи кезекте өнөр жай жана айыл чарбасына киргизүү, ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин экономикалык өнүгүүсүнө максаттуу көмөк көрсөтүүчү ийкемдүү механизмдерди иштеп чыгуу.



Адамдар үчүн интеграциянын потенциалын ачуу, ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин алкагында эркин иштебестен гана эмес билим алууга жана саякаттоого мүмкүнчүлүк берүү жолу аркылуу алардын жашоо шартын жана жашоо сапатын жогорулатуу, ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин жарандары үчүн төмөнкү чөйрөлөрдө жетишкендиктердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатта сооданы кызмат көрсөтүү, саламаттык сактоо, туризм, спорт аркылуу либералдаштыруу макулдашылган принциптерин эске алуу менен билим берүү жана илим жаатында экономикалык кызматташууну кеңейтүү.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу