2018-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан, инновацияларды жана экологиялык коопсуз технологияларды колдонууга басым жасоо менен Кыргыз Республикасынын атаандаштыкка жөндөмдүү экономикасын өнүктүрүүнү караган “Кыргызстан-жашыл экономика өлкөсү” концепциясы жана 2040-жылга чейинки Кыргыз Республикасын Өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясы кабыл алынган.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2019-жылдын 14-ноябрындагы № 605 токтому менен Кыргыз Республикасында "жашыл" экономиканы өнүктүрүүнүн 2019-2023-жылдарга программасы жана аны ишке ашыруу боюнча Иш чаралар планы кабыл алынган, анын алкагында 7 артыкчылыктуу секторлору аныкталган (жашыл энергетика, жашыл айыл чарба, жашыл өнөр жай, туруктуу туризм, аз эмиссиялуу транспорт, калдыктарды башкаруу, жашыл шаарлар), бул аркылуу биринчи кезекте “жашыл” өнүктүрүүгө акырындык менен өткөрүүнү камсыз кылуу күтүлүүдө.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасы дүйнөлүк коомчулук сыяктуу жаңы экономикалык моделине системалуу өтүү боюнча максаттарды коюуда, мында экономиканы кайра багыттоо менен көмүртектин чыгарылышын азайтуу боюнча ишти күчөтүүнүн жана инклюзивдүү жашыл экономиканы активдүү ишке киргизүүнүн ортосунда тең салмактуулукту сактоо зарыл.
Жогоруда көрсөтүлгөн Программанын алкагында, 2021-2023-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонддору жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан жашыл ишкердик долбоорлорун ишке ашыруу үчүн 12 851 069 757 сом бөлүнгөн, алардын ичинен:
2021-жыл – 11 597 400 сом;
2022-жыл – 1 865 419 603 сом;
2023-жыл – 10 973 052 754 сом.