КР Экономика жана коммерция министрлигинин 100 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция
13003

"Экономикалык кереметтин негиздери – 2030: Кыргыз илбирсинин секириги" аталышындагы илимий-тажрыйбалык конференциянын жыйынтыктары

2024-жылдын 23-октябрында Бишкекте Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 100 жылдыгына арналган "Экономикалык кереметтин негиздери – 2030: Кыргыз илбирсинин секириги" аттуу илимий-тажрыйбалык конференция өттү. Иш-чарада Кыргызстандын 2030-жылга чейинки экономикалык өнүгүү жолдору, энергетикалык көз карандысыздык жана жаш муундун келечектеги экономикалык чындыкты түзүүдөгү ролу талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров "Экономикалык кызматтардын тарыхый салымы" аттуу баяндамасы менен чыгып сүйлөп, экономикалык кызматтардын Кыргызстанды өнүктүрүүдөгү маанилүү ордуна токтолду.

Министр Данияр Амангелдиев өз сөзүндө: "Дүйнөлүк экономиканын тарыхында бир катар экономикалык кереметтер бар. Биз бүгүн кыргыз экономикасын дүйнөлүк аренага алып чыгуучу күчтүү реформаларды ишке ашырып жатабыз. Биздин максатыбыз — Кыргызстандын атаандаштыкка жөндөмдүү, туруктуу жана гүлдөп өнүккөн экономикасын куруу. Бул иш-аракеттерди ишке ашырууда ар бирибиздин профессионализмибиз жана ынтымагыбыз чоң роль ойнойт. Биз алдыга коюлган максаттарды ишенимдүү түрдө аткарабыз.”

Конференциянын алкагында өткөн эки сессияда өлкөнүн жаңы экономикалык саясаты, агрардык революция, энергетикалык көз карандысыздыкка өтүү, инфраструктурага инвестициялар жана каржылык жеткиликтүүлүк маселелери каралды. Мындан тышкары, регионалдык жана глобалдык соода коридорлору, ошондой эле Кыргызстандын жаштарынын жаңы экономикалык реалдуулукту куруудагы ролу боюнча маанилүү талкуулар жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жыйынтыгында туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу жана өлкөдөгү бизнес-климатты жакшыртууга багытталган сунуштар жыйынтык резолюцияга киргизилди. Ошондой эле, иш-чаранын алкагында өзгөчөлөнгөн академиялык кызматкерлер сыйлыктар менен сыйланышты.

Конференциянын программасы;

Программа.pdf

Презентациялар:

1. Кудабаев

2. Хасанов СЭР Кыргызской ССР и трансформационный спад начала 1990 финал.pdf

3. Кожошев - Конференция Бишкек презентация финал.pdf

4. Ибраев - Презентация ВИЭ_22.10.2024_21.30.pdf

5. Ахунбаев_презентация_тренды_инфраструктуры_Бишкек.pdf

6. Козубеков - Презентация (НБКР).pdf

7. Gohar Gyulumyan - 100 Years Anniversary 2.pdf

8. Kabir Jurazoda - CI Director Presentation Bishkek 23 Oct 2024.pdf

9. Won-Gyu HWANG - Asian Tiger_s Rush South Korean Experiences @MEC 2024.pdf

10. Абакиров_HTP presentation Oct 2024.pdf

Онлайн кайрылуу