Лицензиялык-уруксат берүү чөйрөсүн оптималдаштыруу маселелерин талкуулоо боюнча

Новости
19-Август 2021-ж.
4626

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №26 ПЖ “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-июлундагы №110 буйругу менен министрликке Кыргыз Республикасынын “Лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу тапшырылган. 

КР колдонуудагы “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Мыйзамы лицензиялоого тийиш болгон иштин түрлөрүн аныктоонун принциптерин, критерийлерин, лицензиялоону киргизүүнүн тартибин, лицензиялык талаптарды бузуу үчүн таасир этүү чараларын жана Кыргыз Республикасынын лицензиялоо -уруксат берүү системасынын башка негизги жоболорун жөнгө салат.

Бул мыйзам лицензиялануучу иштердин түрлөрүнүн санын кыскартты.

Бирок, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялоо жана уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзам кабыл алынгандан бери өткөн убакыт ичинде, анын айрым жоболорун колдонуу менен байланышкан укук колдонуу практикасында бир катар кыйынчылыктар аныкталган, алар ишти андан ары өркүндөтүүнү талап кылат.

Лицензиялоо жана уруксат берүү чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү эске алып, бул системаны өркүндөтүү зарылдыгы келип чыкты.

Ушуга байланыштуу, 2021-жылдын 18-20-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги ЕРӨБ долбоорунун финансылык жана техникалык колдоосу менен Ысык-Көл облусунда лицензиялык-уруксат берүү чөйрөсүндөгү маселелерди талкуулоо жана “Лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча көчмө жумушчу жолугушуу өткөрөт 

Бул жумушчу жолугушуу КР Контролдоо-уруксат берүү жана көзөмөлдөө иш-чараларын жана жеке сектордун бардык тийиштүү органдарына, катышуучуларына жана башка кызыкдар тараптарга алардын суроо-талаптарын, татаалдыктарын, сунуштарын жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн мүмкүн болгон мүмкүндүктөрдү берүү максатында өткөрүлүп жатат.

Максаты:

“Ачык-айкындуулук жана далилдүүлүк принциптерине негизделген лицензиялык-уруксат берүү системасынын натыйжалуу иштешин камсыздоо”

Милдети:

  • лицензиялоонун белгиленген принциптерин сактоону камсыз кылуу;
  • лицензияларды/уруксат кагаздарын жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана автоматташтыруу (этап-этабы менен);
  • лицензиялоо критерийлерине жана принциптерине ылайык келбеген иштин лицензиялануучу түрлөрүн кайра карап чыгуу;
  • лицензияларды же уруксат берүү процессинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу;
  • бизнестин чыгымдарын кыскартуу;
  • лицензиялоо жол-жобосун ишке ашырууда коррупциялык тобокелдиктерди кыскартуу.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу