Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө

Новости
18-Август 2021-ж.
5250

2021-жылдын 13-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде Кыргыз Республикасынын Банктар бирлигинин жана коммерциялык банктардын, “Курак” аялдар форуму коомдук бирикмесинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Эл аралык ишкерлер кеңешинин, Евразия экономикалык бирлигинин зергерлер ассоциациясынын, “Кыргыз Республикасынын зергерлер жана ишкерлер бирлиги” ЮЖБ жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча маселелерди талкуулоо боюнча агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбооруна бизнес-коомчулуктун кызыкдар өкүлдөрүн жөнгө салуучу таасирин талдоону иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына киргизүү чечими кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кардарлардын банктык маалыматтарына сотсуз кирүүсү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматка карата, Кыргыз Республикасынын Банктар Бирлигинин жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбооруна киргизүү үчүн өз сунуштарын жана сын-пикирлерин берүүгө тийиш экендигин белгилей кетмекчибиз.

Бардык түшкөн сунуштар жана пикирлер кийин талкууга алынат. Буга байланыштуу азыркы учурда сунуштарды кабыл алуу жана иштеп чыгуу жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоору жеткире иштелип чыгууда, анын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык долбоордун акыркы варианты коомдук талкууга чыгарылат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу