Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча өткөрүлгөн кеңештин жыйынтыгы

Новости
13-Август 2021-ж.
5084

2021-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде Кыргыз Республикасында Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Кеңештин кезектеги жыйыны Кеңештин мүчөлөрүнүн - мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, бизнес - коомчулуктун, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

“Санариптештирүү жана адамдык потенциалды күчөтүү аркылуу COVID-19 шартында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү прцессин активдештирүү” күн тартиби менен өткөн Кеңештин жыйынында Экономика жана финансы министринин орун басары Бекболот Алиев жана Кеңештин теңтөрагасы Гүлнара Ускенбаева сөз сүйлөштү.

Кеңештин жыйынынын жүрүшүндө 2021-жылдын 1-жарым жылдыгында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Макулдашууда каралган иш-чаралар планы боюнча аткарылган иштер жөнүндө Кеңештин Катчылыгынын маалыматы каралды.

Мындан тышкары, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетине караштуу Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча компетенция борборунун директору Б.Токсобаев, “Бирдиктүү терезе борбору” мамлекеттик ишканасынын директору А.Усенбаев, ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматынан Катчылыктын мүчөсү Т.Жакыпов, Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин өкүлү, көз карандысыз эксперт Ф.Даузова презентация кылышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу