Бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен болгон жолугушууда экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча мыйзам долбоору талкууланды

Новости
12-Август 2021-ж.
4511

2021-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде (КР ЭФМ) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун экономикага өзгөчө кырдаал (ӨК) режимин киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча бизнес, эксперттик коомчулуктун, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Министр Акылбек Жапаров бизнес өкүлдөрүнө бул талкууга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бул Мыйзам биринчи кезекте мамлекеттин экономикадагы терс өзгөрүүлөргө болгон реакциясын ыкчам жогорулатууга багытталганын белгиледи. Атап айтканда, баалардын туруктуулугун камсыз кылуу, азык -түлүк коопсуздугу, жумуш орундарын сактоо, ишканаларды колдоо жана дем берүү, экономиканын кээ бир стратегиялык тармактарын жакшыртуу, атаандаштыктын бирдей шарттарын камсыз кылуу жана көмүскө экономиканын көлөмүн азайтуу.


Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары Данияр Иманалиев талкууланып жаткан Кыргыз Республикасынын “Экономикадагы өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын негизги пункттарына токтолду.


Андан соң суроо-жооп режиминде экономиканын абалын жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында конструктивдүү пикир алмашуу болду.


Белгилүү болгондой, экономикага ӨК режими өлкөнүн Президентинин Жарлыгы менен жана төмөнкү учурларда киргизилет.


Экономикага өзгөчө кырдаалды киргизүү жөнүндө КР Мыйзамы тарабынан сунушталган төмөнкү кризистик жагдайлар пайда болгондо гана мүмкүн болот:


- отчеттук айда керектөө бааларынын индексинин деңгээлинин айлык өсүшү өткөн айга салыштырмалуу 3 ай катары менен орточо 3,5% дан ашканда;


- ИДПга карата мамлекеттик карыздын деңгээли белгиленген чектен 10 пайыздык пунктка ашканда;


- 3 айдын ичинде ИДПны түзгөн экономика тармактарынын физикалык көлөмүнүн индекси 10%га кескин кыскарганда


- тышкы соода жүгүртүү 3 айдын ичинде 10%га кыскарганда;


- салыктык төлөмдөрдүн көлөмүн белгиленген пландардан 3 айдын ичинде 10% га азайганда;


- 2 кварталда түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 10% га көбөйгөндө;


- өлкөнүн экономикасына зыян келген учурда жана анын кесепеттерин жоюу натыйжасында белгиленген тартипте өзгөчө кырдаалды же өзгөчө абалды киргизүү. 

            Экономикадагы өзгөчө кырдаал режими өлкөнүн Президенти тарабынан негизделип жана бекитилген учурда 3 айлык мөөнөткө чейин киргизилет.

Белгиленген тартипке ылайык экономикага өзгөчө кырдаалды киргизүү жөнүндө өлкөнүн Министрлер Кабинети экономикада өзгөчө кырдаалдын пайда болушуна алып келген терс факторлорду минималдаштыруу боюнча чаралардын топтомун иштеп чыгууда. Ушуга байланыштуу, Министрлер Кабинетинин тарабынан көрүлгөн чаралар колдоо жана дем берүү чараларын кабыл алуу талап кылынган секторлорго багытталат.

Министрлер Кабинетинин экономикадагы өзгөчө кырдаал шартында сунушталган болжолдуу чаралары, башкача айтканда, көмүскө экономиканы кыскартууга, эсепке алынбагн товарлардын жүгүртүлүшүнө (контрабанда) жана бардык ишкерлер үчүн бирдей атаандаштык шарттарын түзүүгө багытталат. Ошондуктан, салыктык мамилелер чөйрөсүндөгү чаралар ишмердүүлүгү ачык эмес ишкердик субъекттерине багытталат, ал эми ак ниеттүү ишкерлер үчүн бул Мыйзамдын колдонулушу терс таасирин тийгизбейт.

Мында, зарыл болгон учурда бюджеттик кредиттерди реструктуризациялоо жана тейлөө шарттарын өзгөртүү боюнча чаралар мыйзам тарабынан каралат.

Бюджеттик кредиттердин негизги суммасын толук жабууда эсептен чыгаруу жолу менен туумдарды, айыптарды жана санкцияларды төлөөдөн бошотуу. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин жыйындарында айтылган депутаттардын сын -пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунан төмөнкү түзөтүүлөр алынып салынды:

- салыктардын жана жыйымдардын жаңы түрлөрүн киргизүү боюнча ченем Мыйзамдан алынып салынды;

- Бузуулар жөнүндө кодекске киргизилүүчү бардык түзөтүүлөр алынып салынды;

- “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамдагы бардык өзгөртүүлөр алынып салынды;

- “Менчиктештирүү жөнүндө” Мыйзам боюнча норма алынып салынды.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 29-июлунда “Экономикадагы өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамы КР ЖК тарабынан кабыл алынган, ал өз кезегинде өлкөнүн Президентинин кароосуна жөнөтүлөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу