Веб-сайттарды иштеп чыгуу тажрыйбасы бар компанияларды Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу СМБнын веб-сайтын модернизациялоо боюнча конкурска катышууга чакырабыз

Новости
04-Август 2021-ж.
2731

Веб-сайттарды иштеп чыгуу тажрыйбасы бар компанияларды Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу СМБнын веб-сайтын модернизациялоо боюнча конкурска катышууга чакырабыз.

“Мөмө-жемиштер боюнча кошумча наркты түзүү тизмектеринде стандарттарды сактоо боюнча алардын потенциалын бекемдөө жолу менен чакан жана орто бизнестин рынокко жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Стандартташтыруу жана метрология борборуна (мындан ары - СМБ) өздөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн жана продуктуларын кыйла натыйжалуу илгерилетүү үчүн коммуникациялык куралдарды жана платформаларды жакшыртууга жана жеке сектордун өкүлдөрүнүн арасында алардын актуалдуулугун жогорулатууга колдоо көрсөтөт.

КР ЭФМге караштуу СМБнын веб-сайтын модернизациялоо боюнча кызмат көрсөтүү үчүн кызыкчылыгын билдирүү.docx

Кызыкчылыгын билдирген компаниялар СМБ веб-сайты (мындан ары-СМБ) (www.nism.gov.kg) менен таанышып, төмөнкү документтерди берүүсү зарыл:

  1. Компаниянын аткарган иштери тууралуу маалыматы;
  2. КР Юстиция министрлигинде катталгандыгы жөнүндө документтин көчүрмөсү

“СМБ веб-сайтын модернизациялоо боюнча конкурска катышууга өтүнмө” деген белги менен gqsp-kyrgyzstan@unido.org (көчүрмөсү менен nism@nism.gov.kg) электрондук почта аркылуу 2021-жылдын 15-августунда саат 18:00 го чейин.

Кызыкдар болгон компаниялар алгачкы брифингге чакырылат, анын жүрүшүндө веб-сайтты модернизациялоо боюнча сунуштар талкууланат. Брифингден кийин кызыкдар болгон ИТ-компаниялар веб-сайттын болжолдонгон модернизациясы жана коммерциялык сунуш боюнча негизги өзгөчөлүктөрдү баяндоо менен иш пландарын бериши керек. Акыркы аткарылган иштердин техникалык тапшырмасы тандалып алынган подрядчы менен кызматташтыкта жеткире иштелип чыгат.

Кошумча маалыматты төмөнкү телефон аркылуу алууга болот: + 996 773 700 344, +996 707 669 151.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу