2021-жылдын январь-июнь айлары үчүн КР социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары

Новости
13-Июль 2021-ж.
7451

Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча ички дүң продуктунун көлөмү (мындан ары - ИДП) 270,7 млрд сомду түздү жана реалдуу өсүш темпи 98,3 % (2020-жылдын биринчи жарым жылдыгы 94,4% түзөт).

Экинчи кварталда ушул жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албастан кызмат көрсөтүү, өнөр жай чөйрөсүндөгү субъекттердин иш-аракеттерин акырындык менен калыбына келтирүүнүн эсебинен терс динамиканын ажырымынын кыскаруусу байкалууда, мында көрсөткүчтөр апрелден оң зонага чыккан, анда «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 3,7% га өскөн. Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, жалпысынан жыл башынан бери экономикалык өсүштүн терс тенденциясын көрсөтүп келет.

Экономиканын оң өсүш арымына чыгышы өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга жана негизги соода өнөктөштөрдүн экономикасынын калыбына келүү ылдамдыгына байланыштуу.

Экономика секторлорунда көрсөткүчтөр төмөнкүдөй түрдө түзүлдү: айыл чарбасында өндүрүштүн көлөмү 1,3% га, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө - 4,4% га, ал эми өнөр жайда өсүш темпи 11,7% га, курулушта - 14,2% га төмөндөдү.

2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу айыл чарба продукцияларын дүң чыгаруунун көлөмүнүн өсүшү негизинен мал чарбасынын продукцияларын өндүрүүнүн 1,5% га жогорулашы менен шартталды. Кыргыз Республикасы 2021-жылдын 8-июлунан тартып бодо малды жана майда жандыктарды экспорттоого тыюу салган, мында чөп, комбикорма, жүгөрү жана арпа алып чыгууга мораторий киргизилген. Республиканын айыл чарбасын минералдык жер семирткичтер менен өз убагында жана толук камсыз кылуу жана жазгы талаа жумуштарынын мезгилинде алардын баасынын көтөрүлүшүн алдын алуу үчүн минералдык жер семирткичтерди Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин аймагынын бажы органдарынан тышкары алып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынган. Бул тармакты өнүктүрүү үчүн «Айыл чарбасын каржылоо-9» долбоорунун алкагында 2021-жылдын 1-июнуна карата 8 936 ишкердик субъектисине жалпы суммасы 4,2 миллиард сомго кредиттер берилген. Ошол эле учурда, кургакчылык жана сугат суунун тартыштыгы кырдаалды курчутуп, быйылкы түшүмгө таасирин тийгизиши мүмкүн.

Ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү үчүн тракторлорду жана унаа каражаттарын чогултууга арналган тетик бөлүктөрдү ташып келүүдө КНСтен бошотуу киргизилген. Чийки зат ресурстарынын (кара металлдардын сыныктары менен калдыктары) кескин жетишсиздигине жол бербөө жана даяр продукцияны өндүрүүгө дем берүү максатында 

Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынан кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын экспорттоого (экспорттоого), ошондой эле (орду толгус) табигый ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга жана өзгөчө кырдаалдын алдын алуу үчүн убактылуу тыюу киргизилди уникалдуу Сары-Таш кенинде табигый акиташ-кабык тоо тектеринин чийки заттарынын жетишсиздиги, иштетилбеген кабык акиташтын экспорттолушуна убактылуу тыюу салынган. Кыргыз тараптын сунушу боюнча ЕЭК Коллегиясынын 2021-жылдын 29-июнундагы чечими менен Кыргыз Республикасы үчүн улуттук мыйзам боюнча автомобилдик отунду жүгүртүүгө чыгаруу мүмкүнчүлүгү эки жылга узартылган. Бул Кыргызстандын мунайды кайра иштетүүчү ишканаларына биримдикте 2025-жылдын 1-январынан тартып мунай жана мунайзаттардын жалпы рынокторунун иштөөсүнүн башталышына карата өндүрүштүк кубаттуулуктарды модернизациялоону аяктоого мүмкүндүк берет.

Негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн 2020-жылдын январь-июнь айларына салыштырганда 11,8% га төмөндөшү ички (3,6% га), ошондой эле тышкы каржылоо булактарынын (37,3% га) эсебинен белгиленген.

Баалардын өсүшүнө төмөнкүлөр таасир эткен:

  • азык-түлүккө (мөмө-жемиштерге, жашылчаларга) баанын сезондук өзгөрүүлөрү жана дүйнөлүк тенденция;
  • азык-түлүк тобунун (ун, өсүмдүк майы, кант, дан эгиндери ж.б.) импортуна ички рыноктун көз карандылыгы;
  • АКШ долларынын курсунун туруксуздугу;
  • коңшу өлкөлөргө тирүү ири бодо малды жана майда жандыктарды чыгаруу (Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан);
  • Россия Федерациясында күн карама түшүмүнүн төмөндөшүнө байланыштуу дүң жеткирүүлөрдүн баасынын өсүшү (ал күн карама майын өндүрүү боюнча дүйнөдөгү негизги өлкөлөрдүн бири).

Бааны кармап калуу максатында Министрлер Кабинети тарабынан төмөнкү чаралар көрүлгөн:

- буудай, буудай ун, кант, күрүч, өсүмдүк майы жана жумуртка сыяктуу айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салынган;

- азык-түлүк товарларына болгон рыноктук бааларды турукташтыруу, калктын социалдык аялуу катмарларына колдоо көрсөтүү максатында 2021-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейинки мезгилге Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан импорттолуучу (алып келинүүчү) рафинаддалган кант жана өсүмдүк майынын салык салынуучу импорту боюнча ноль (0) пайыз өлчөмүндө жана ишкердик субъекттери үчүн импорт жана ички жеткирүүлөр үчүн 1-июлдан 31-августка чейин КНСтин чени белгиленген;

- соода тармагын түзүү жолу менен соода ишин жүргүзгөн чарбалык субъектилер менен азык-түлүк товарларын өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын чарбакер субъекттери ортосунда Социалдык мааниге ээ товарлардын бааларын кармап туруу боюнча чараларды кабыл алуу жөнүндө макулдашууларга кол коюлган;

- тазаланган күн карама майын Россия Федерациясы менен жеткирүү жана кум шекер жеткирүү боюнча келишимдер түзүлгөн;

- COVID-19 шартында дары-дармектер жана медициналык буюмдар менен жетиштүү камсыздоону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынан дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды экспорттоого убактылуу тыюу салынган;

- Ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү, кошумча нарк салыгын 80% га төмөндөтүүчү ишканалардын тизмеси бекитилген. Дан эгиндеринен (күрүчтөн башка), жашылчалардан жана жаңгактардан ун өндүрүү көрсөтүлгөн Тизмеге киргизилген ж.б.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу