Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Экономика жана финансы министри А.У.Жапаров Евразия Өнүктүрүү Банкынын кеңешине катышты

Новости
02-Июль 2021-ж.
3461

2021-жылдын 2-июлунда Казакстан Республикасынын Алматы шаарында Евразия Өнүктүрүү Банкынын (мындан ары-ЕАӨБ/Банк) кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү, Кыргыз Республикасынын атынан ЕАӨБ Кеңешинин ыйгарым укуктуу өкүлү катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Экономика жана финансы министри А.У.Жапаров катышты.

ЕАӨБ Кеңешинин жыйынынын алкагында кабыл алынган негизги документтердин бири - 2022-2026-жылдарга банктын стратегиясы.

Жакынкы мезгилде ЕАӨБ интеграциялык эффект менен чек арадагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга басым жасайт. Банктын беш жылдык мезгилдеги жалпы инвестициясы 10,9 миллиард долларды түзөт. ЕАӨБдүн аракети Европа-Батыш Кытай транспорттук жана санариптик коридору, ЕАЭБ + бирдиктүү товардык бөлүштүрүү тармагы жана Борбор Азиянын суу-энергетикалык комплекси сыяктуу ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталат.

Банктын мүчө-өлкөлөрүнүн ар бири үчүн аймактын макроэкономикалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өзүнчө стратегияларды иштеп чыгуу пландаштырылууда. Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн ЕАӨБ миноритардык акционерлердин өлкөлөрүндө долбоордук ишмердүүлүктү кеңейтет, Армения, Кыргызстан жана Тажикстанга инвестициялардын жалпы көлөмүн 500 миллион долларга жеткирет. ЕАӨБ ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири ЕАЭБ + Бирдиктүү Санарип мейкиндигин түзүүнүн алкагында санариптик компетенттүүлүктү жана инфраструктураны андан ары өнүктүрүү болот. 2020-жылдын июнь айында коюлган тапшырмаларды ишке ашыруу үчүн Банк Санарип демилгелер фондун түзүп, учурда 20га жакын долбоордун үстүндө иштеп жатат. Фонддун биринчи ишке ашырылган долбоору болуп, зыяратчылардын ПТР тестирлөөсү боюнча маалыматтарды мамлекеттер аралык деңгээлде текшерүү үчүн «COVIDсиз саякаттоо» мобилдик тиркемеси болду.

2027-жылга чейин ЕАӨБ улуттук жана эл аралык өнүгүү институттарынын катышуусунда региондогу жаңы долбоорлорду баштоо, түзүмдөө жана каржылоону уюштуруу боюнча лидер болууга ниеттенүүдө. Мында А категориясынын кредиттик рейтингин алуу үчүн акционерлердин курамын кеңейтүү жана Банктын капиталына кошумча каражаттарды тартуу пландаштырылууда. 2020 - жылы ЕАӨБ 18 жаңы долбоор боюнча 1,336 млрд. долларлык келишимге кол койгон. Банктын учурдагы инвестициялык портфели 4,4 миллиард долларга чейин көбөйтүлдү - бул бардык жылдар бою иштеген эң жогорку нарк.

ЕАӨБ «жашыл экономиканы» өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурат - энергиянын жаңылануучу булактары жаатындагы жаңы долбоорлорду каржылоону камсыздалган.

Банк Кеңешинин жыйынынын алкагында Банк Кеңешинин мүчөлөрү, ошондой эле Евразия өнүктүрүү банкынын жетекчилиги менен кызматташтыктын келечектерин талкуулоо максатында бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлдү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу