Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Экономика жана финансы министри А.У.Жапаров Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Страчко Андрей Сергеевич менен жолукту

Новости
01-Июль 2021-ж.
2704

2021-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Экономика жана финансы министри А.У.Жапаров Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Страчко Андрей Сергеевич менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө, стратегиялык маанилүү багыттар (айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы, жеңил өнөр жайы) боюнча биргелешкен ишканаларды түзүүгө дем берүүгө багытталган биргелешкен күч-аракеттер жумшалаарына ишеним билдиришти, ошону менен бирге, Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө Тараптардын кызыгууларын баса белгилешти.

Мындан тышкары, 2021-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-беларусь комиссиясынын кезектеги 10-жыйынын өткөрүү мөөнөтүн талкуулашты.

Андан тышкары, тараптар эки тараптуу байланыштарды мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоого мүмкүн болгон күч-аракеттерин жумшаарын белгилешти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу