Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министри А.У.Жапаров менен Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харази мырза менен жолукту

Новости
01-Июль 2021-ж.
3446

2021-жылдын 30-июнунда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министри А.У.Жапаров менен Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харази мырза менен жолукту.

Министр кыргыз-иран мамилелеринин жаңы деңгээлге чыгышына, эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө, соода жүгүртүүнү жогорулатууга, бизнес-коомчулуктун интеграциясын күчөтүүгө жана Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына инвестицияларды тартууга ишенимин билдирди.

Иран элчиси Саид Харраз Иран компанияларынын курулуш, соода тармагындагы долбоорлорду жүзөгө ашырууга даярдыгын, ошондой эле логистикалык маселелерди чечүү зарылдыгын билдирди.

Жолугушуунун катышуучулары эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелерин чечүүгө карата тараптардын конструктивдүү мамилелери достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн негизинде бардык негизги багыттар боюнча өз ара алгылыктуу чечимдерди табууга мүмкүндүк берет деп белгилешти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу