COVID-19 пандемиясынан кийин туруктуу калыбына келтирүү үчүн соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча 2021-2025-жж. КР жол картасы расмий түрдө ишке киргизилди

Новости
16-Июнь 2021-ж.
2939

2021-жылдын 15-июнунда COVID-19 пандемиясынан кийин туруктуу калыбына келтирүү үчүн соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча 2021-2025-жж.  КР  жол картасы расмий түрдө ишке киргизилди, аталган иш-чара онлайн конференция режиминде өттү, ага Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин орун басары Сейир Рысалиев, БУУ ЕЭКнын аткаруучу катчысынын орун басары Дмитрий Марьясин, БУУ ЕЭК Экономикалык кызматташтык жана соода бөлүмүнүн менеджери Салехин Хан, Дүйнөлүк Соода Уюмунун соода жол-жоболорун жеңилдетүү боюнча комитетинин катчысы Долорес Халлоран, ITC соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча улук кеңешчи Мохаммад Саид, UNCTAD соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча экономикалык маселелер боюнча кызматкери Джулиан Фрага-Кампос, БУУ системасынын Туруктуу Координатору, Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн Туруктуу Өкүлү Озонния Ожиело, Германия өкмөтүнүн - GIZ “Борбор Азиядагы Соодага көмөктөшүү” долбоорунун компонентинин жетекчиси Асель Узагалиева, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу ДСУнун СЖЖМ Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча улуттук кеңештин өкүлдөрү (А.Самыкбаев, Г.Ускенбаева, Н.Маматов, Т.Джакыпов, З.Конурбаев, У.Бейшебаев ж.б.) катышты.

Бул документ Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясы (БУУ ЕЭК) жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Кеңештин Катчылыгы тарабынан иштелип чыккан.

Жолугушууда Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, экспортту колдоо жана стимулдаштыруу, транзиттик потенциалды өнүктүрүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.

Тараптар белгилегендей, соода байланыштарын кеңейтүү, товарлардын экспорт жана транзиттик көлөмүнүн көбөйүшүнө түрткү берет, соода жана транзиттик коридорлорду өнүктүрүү боюнча чаралар жеке бизнести аймактык жеткирүү чынжырына көбүрөөк тартуу мүмкүнчүлүгүн ачып, бул процесске колдоо көрсөтүшү мүмкүн.

Бириккен Улуттар Уюмунун Европа Экономикалык Комиссиясынын (БУУ ЕЭК) Экономикалык Кызматташтык жана Соода Бөлүмү (ECTD) өлкөлөрдүн соода менен байланышкан артыкчылыктарын, анын ичинде Кыргыз Республикасын колдогон жигердүү өнөктөшү болуп саналат.

Жол картасы беш жылдык мезгилге карата соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча улуттук реформалар үчүн жетекчилик негиз болуп кызмат кылат. Бул иш-чарада Жол картасынын англис жана орус тилдеринде электрондук басылышы башталат.

Жолугушууда Кыргыз экономикалык университетинин базасында “Эл аралык соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Компетенция борборун” түзүү долбоору сунушталды.

Бул Борбор жакынкы чет өлкөлөрдөн угуучуларды окутуу үчүн соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана бул материалдарды КЭУнун бакалавриатынын жана магистратурасынын окуу пландарына имплементациялоо боюнча окуу модулдарын иштеп чыгуу боюнча регионалдык аянтчасы болууга багытталган.

КЭУ эл аралык соода жаатында Кыргыз Республикасы үчүн да, Борбордук Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттер үчүн да адистерди даярдай турган алдыңкы билим берүү мекемесине айланат деген үмүт айтылды.

Кошумча маалымат: https://unece.org/general-unece/press/unece-and-kyrgyz-republic-launch-national-trade-facilitation-roadmap-2021-2025

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу