Кыргыз Республикасында кластердик өндүрүштү өнүктүрүү жөнүндө

Новости
11-Июнь 2021-ж.
2953

Бүгүн, 2021-жылдын 11-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде министрдин орун басары С.М.Рысалиевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасында класстердик өндүрүштү өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрүлдү.

Аталган кеңешмеге Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору Т.Н.Беков, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун кызматкерлери, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү, КР Экономика жана финансы министрлигинин кызматкерлери, Айыл банк ААКнын, “Кепилдик фонд” ААКнын жана АРИСтин өкүлдөрү катышты.

Кеңешмеде Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун аткарып жаткан иштери - Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоору (Ысык-Көл облусундагы) тууралуу жана бул демилгени өлкөнүн аймактарында андан ары жайылтуу пландары жана башка тармактарда, атап айтканда, өсүмдүк өстүрүү жана эт багытында кластердик өндүрүштү өнүктүрүү багыттары жөнүндө маселелер талкууланды.

Талкуунун жүрүшүндө жана пикир алмашуудан кийин, өндүрүштү көбөйтүү үчүн айыл чарбасын өнүктүрүүнүн ушул багыттары эң натыйжалуу деп сунушталды.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу