“Нарын облусунун Ат-Башы районундагы бажы-логистикалык комплексти каржылоо, долбоорлоо, куруу жана пайдалануу” мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча тендерге катышууга чакыруу

Новости
04-Июнь 2021-ж.
3976

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бардык кызыкдар тараптарды “Нарын облусунун Ат-Башы районундагы бажы-логистикалык комплексти каржылоо, долбоорлоо, куруу жана пайдалануу” мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча тендерге катышууга чакырат.

Тендерди өткөрүү эрежелери жана тендердик документтер менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун (www.ppp.gov.kg), Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын (www.customs.gov.kg) жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин (www.mineconom.gov.kg) расмий сайттарында таанышууга болот. 

Квалификациялык талап 2021. май.doc

Квалификациялык тандоого арыз жана ага тиркелген документтер атайын почта же курьердик кызмат аркылуу 2021-жылдын 19-июлунда саат 18:00гө чейин төмөнкү даректе кабыл алынат: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, 720020, Байтик баатыр көч, 4а.

Жооптуу адамдар:

Алышбаев К.К. - Кыргыз Республикасынын Экономика Бажы инфраструктурасын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы

тел.: +996 (312) 51 24 39, +996 (312) 51 24 65

эл. почта: orti@customs.gov.kg

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу