КР ЭФМге караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору тарабынан төмөндөгү программалар иштелип чыккан: Автоматташтырылган маалыматтык система (АМС) “Стандарттарды сатуу боюнча интернет-дүкөн”

Новости
01-Июнь 2021-ж.
2800

КР ЭФМге караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору (мындан ары - СМБ) тарабынан төмөндөгү программалар иштелип чыккан: Автоматташтырылган маалыматтык система (АМС) “Стандарттарды сатуу боюнча интернет-дүкөн”.

Стандарттардын интернет-дүкөнү - бул стандартташтыруу боюнча документтердин маалыматтык базасынын автоматташтырылган маалыматтык системасы, ал электрондук форматта “Стандартташтыруу боюнча документтердин көчүрмөлөрүн кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө издөө, тандоо жана берүү жана керектөөчүлөрдү тейлөө” СМБнын мамлекеттик кызмат көрсөтүү максатында ишке киргизилген.

Интернет-дүкөндүн жардамы менен түзүү жана билдирүү жөнөтүү мүмкүн, стандартташтыруу боюнча документтерди онлайн сатып алууга акы төлөөгө болот.

Онлайн-дүкөндүн сайтына шилтеме: http://www.standarts.nism.gov.kg/

Программа чарбалык субъекттерге иш кагаздарын кеңседен чыкпастан, керектүү стандарттарды издөөнү, тандоону жүргүзүүгө жана акы төлөгөндөн кийин документтерди электрондук түрдө алууга мүмкүндүк берет.

Стандартташтыруу документтеринин наркы, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан, стандарттын барактарынын санына жараша бекитилген прейскурантына ылайык жөнгө салынат.

Электрондук кызматты онлайн режиминде кантип алууга болот:

1. http://www.standarts.nism.gov.kg стандарттардын онлайн-дүкөнүнүн сайтына кирүү;

2. Каттоодон өтүү;

3. Тиешелүү стандартты тандоо;

4. Корзинага кошуу;

5. Буйрутманы тариздөө жана төлөө;

6. Төлөгөндөн кийин сиз сатып алган стандарт автоматтык түрдө сиздин почтаңызга жөнөтүлөт.


Бул кызмат Кыргыз Республикасында стандартташтыруу боюнча документтерди жайылтууга ыйгарым укугу бар стандартташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын бирден-бир улуттук органы тарабынан көрсөтүлөт.

СМБ техникалык регламенттеринин жана стандарттарынын Улуттук маалымат фондунун негизги функциялары - бул Улуттук Фонддо бар стандартташтыруу боюнча документтерди түзүү, жүргүзүү, жарыялоо жана камсыз кылуу.

Автоматташтырылган маалыматтык системасынын маалыматтык базасы күн сайын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган стандартташтыруу боюнча документтер менен толукталып жана жаңыланып турат.

Интернет-дүкөндүн шилтемесине кирүү мүмкүнчүлүгүн КР ЭФМ сайтынан таба аласыз:

  1. Башкы
  2. Бардык багыттар
  3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде санариптештирүү
  4. Е-стандартташтыруу” АМС

Шилтеме: http://mineconom.gov.kg/ru/direct/319/324

СМБ мамлекеттик кызматы боюнча сурап билүү үчүн телефон: 0 (312) 62-58-10


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу