2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги жана ага мүчө мамлекеттер менен экинчи тараптан Сербия Республикасынын ортосундагы Эркин соода жүргүзүү зонасы жөнүндө макулдашууга кол коюлду

Новости
31-Май 2021-ж.
3877

2021-жылдын 10-июлунда “2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги жана ага мүчө мамлекеттер менен экинчи тараптан Сербия Республикасынын ортосундагы Эркин соода жүргүзүү зонасы жөнүндө макулдашуу” күчүнө кирет.

Бүгүнкү күндө Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясы менен Сербия Республикасынын ортосунда эки тараптуу макулдашуулары бар, ал эми Кыргыз Республикасында жана Армения Республикасында ошондой макулдашуулары жок. Бул Макулдашуу ЕАЭБ мүчөлөрү жана Сербия Республикасынын ортосундагы соода режимин унификациялоого мүмкүнчүлүгүн берет.

Маулдашуу күчүнө киргенден тартып Кыргыз Республикасынын Сербия Республикасына экспортунун 99% перференциялдуу режиминде ишке ашырылат.

Макулдашуу соодага жагымдуу шарттарын сактоо, улуттук режимин берүү, колдонулган чаралардын ачыктыгын камсыз кыла турган заманбап жөнгө салуучу милдеттенмелердин толук топтомун камтыйт.

Ата-мекендик өндүрүштүн кызыкчылыктарын коргоо максатында, ички чараларды колдонуу боюнча укук сакталган (атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар, анын ичинде ошондой эле эки тараптуу чаралар).

Жалпысынан, Макулдашуу ата-мекендик экспорттоочуларга өзүнүн товарларын Сербия Республикасынын рыногуна башка ЕАЭБ мүчөлөрүнүн экспорттоочулары менен бирдей шартта жиберүүгө мүмкүнчүлүгүн берет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу