ДСУ Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө-өлкөлөрүнө жүргүзүлгөн соода саясаты чөйрөсүндө жетишкендиктерди сунуштоо үчүн Кыргыз Республикасынын Соода саясатына үчүнчү саресеп жүргүзөт

Новости
18-Май 2021-ж.
3142

Кыргыз Республикасы 2021-жылдын 18-20-майында Дүйнөлүк Соода Уюмунун Женева шаарындагы штаб-квартирасында соода саясатына сересеп салуу боюнча өзүнүн үчүнчү отчетун берет. Кыргыз Республикасынын биринчи жана экинчи соода саясатына сересеп 2006 жана 2013-жылдары жүргүзүлгөн. Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө өлкөлөрдүн соода саясатына саресеп мезгил-мезгили менен жүргүзүлүп турат.

Соода саясатын карап чыгуу - Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө өлкөлөрдүн соода саясатын жана тажрыйбасын жана ДСУнун эрежелерине, ченемдерине жана милдеттенмелерине ылайык келишине ДСУга мүчө бардык өлкөлөр тарабынан жамааттык байкоо жүргүзүү системасы. Айрым өлкөлөрдүн серептерин өткөрүүнүн жыштыгы дүйнөлүк соодадагы алардын үлүшү менен аныкталат. Мындай сересеп жүргүзүлүп жаткан соода жана инвестициялык саясаттын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу үчүн ДСУнун ар бир мүчө-өлкөсү тарабынан жүргүзүлөт.

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу, быйылкы жылы негизги министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрүнөн турган Кыргыз Республикасынын делегациясы онлайн форматтагы саресепке ДСУнун мүчө-өлкөлөрүнө 2013-2019-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Соода саясаты чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан акыркы өзгөртүүлөрдү жана жетишкендиктерди көрсөтүү үчүн катышууда. Делегацияны КР Экономика жана финансы министринин орун басары С.М.Рысалиев жетектейт.

ДСУнун соода саясатына сересеп салуу боюнча органдын жыйналышында эки отчет өлкөнүн соода саясатына сереп боюнча каралат: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-апрелиндеги №85-б буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отчету жана ДСУнун Катчылыгынын отчету.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу