Экономика жана финансы министрлигинде лицензиялардын жана уруксат берүүчү документтердин маалыматтык порталынын презентациясы болуп өттү

Новости
30-Апрель 2021-ж.
2127

2021-жылдын 30-апрелинде Экономика жана финансы министрлигинде мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн лицензиялардын жана уруксат берүүчү документтердин маалыматтык порталынын презентациясы болуп өттү.

Лицензияларды жана уруксат берүүчү документтерди берүү боюнча бирдиктүү электрондук порталды түзүү, лицензияларды жана уруксаттарды берүүнүн автоматташтырылган системасын камсыз кылуу төмөнкүлөрдө каралган:

1) КР Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы ПЖ №3 “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” Жарлыгында;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 25-февралындагы №117 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык туруктуулукту жана экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча артыкчылыктуу иш-чараларынын планында;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы №20-б буйругу менен бекитилген “Санариптик Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруу боюнча Жол картасынын 21.6-пунктунда,

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-августундагы №288-б буйругу менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык финансы корпорациясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууда.

Лицензиялардын жана уруксат берүүчү документтердин бирдиктүү электрондук порталын түзүүнүн максаты:

- ишкердик иш жүргүзүү үчүн берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин/ административдик жол-жоболордун толук тизмегин түзүү;

- убактылуу чыгымдарды кыскартуу, активдүү маалыматтарды алуу;

- лицензияларды жана уруксаттарды берүүнүн автоматташтырылган системасы үчүн негиздерди түзүү.

Маалыматтык порталды түзүү уруксат берүүчү документтер тууралуу толук маалыматты өзүнө камтыган бирдиктүү системанын жоктугу, ошону менен бирге электрондук реестрлердин көп түрдүүлүгү бардык лицензиарлардын реестрлерин бир системага бириктирүүгө мүмкүндүк берген жок.

Ушуга байланыштуу, бүгүнкү күнгө чейин, уруксат берүүчү документтердин маалымат порталы иштелип чыкты, анда бардык уруксаттамалар жана жол-жоболор жөнүндө маалыматтар камтылган.

Маалыматтарды порталга киргизүү мамлекеттик органдын жооптуу кызматкери тарабынан Реестрге авторизациялангандан кийин жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри У.А.Мариповдун 2021-жылдын 9-апрелиндеги тапшырмасына ылайык, уруксат берүүчү документтерди ишке ашыруучу мамлекеттик органдарга порталды толтурууну баштоо тапшырмасы берилген. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу