Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө пресс-релиз

Новости
20-Апрель 2021-ж.
4356

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын салык саясаты мамлекеттин динамикалуу өнүгүп жаткан багыттарынын бири болуп саналат. Ушуга байланыштуу заманбап эл аралык бизнес процесстеринин өнүгүү темптерини эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын салык саясатын ийгиликтүү ишке ашыруунун социалдык маанилүү инструменти жана мамлекет, бизнес жана жарандардын ортосундагы укуктук өз ара аракеттешүүнүн кепили болуп чыккан Салык кодекси өзгөчө мааниге ээ.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңештин 2020-жылдын 16-ноябрындагы чечимине жана 2020-жылдын 5-ноябрындагыКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экономиканы турукташтыруу боюнча кыска мөөнөттүү иш-аракеттер планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин буйругу менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жана жаңы багыттарды, колдонуудагы баалуулуктарды жана принциптерди кайра карап чыгууга негизделген бүткүл мыйзамдык базаны оптималдаштырууга жана өркүндөтүүгө, аны масштабдуу жана сапаттуу өзгөртүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо жөнүндө жарлыктарына,  ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экономиканы турукташтыруу боюнча Иш-аракеттер Планына ылайык, бизнес-ассоциациялардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин буйругу менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү

Ведомстволор аралык жумушчу топтун башкы максаты Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын заманбап экономикалык шарттарга адаптациялоо жана салык төлөөчүлөрдүн ишкердиги үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат.

Ушулардан улам, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгуу төмөнкүдөй бөлүмдөрүндө каралууда:

1) КНСтин ашып кеткен суммасын кайтаруу жана ордун толтуруу механизмдерин жеңилдетүү;

2) салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сервистик мамилелерин ишке киргизүү;

3) Кыргыз Республикасында салыктык талаш-тартыштарды карап чыгуу боюнча альтернативдүү ыкмалар караштырылган механизмдерди иштеп чыгуу;

4) эгерде, салык төлөөчү КР Салык кодексинде жазылган өзгөчө критерийлерге (Салык төлөөчүлөрдүн рейтинги) туура келсе, пландуу көчмө текшерүү жүргүзүүнү кайра карап чыгуу;

5) салыктык башкаруу жол-жоболорун жеңилдетүү;

6) салык мыйзамдарындагы коллизияларды жок кылуу жана талаш-тартыш маселелерди салык төлөөчүнүн пайдасына чечүүгө багытталган так механизмди иштеп чыгуу.

Ошону менен, Министрлик, ар кандай кызыкдар болгон жактарКыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун өркүндөтүү боюнча өзүнүн сунуштарын жана сын-пикирлерин жөнөтө алаарын билдирет.

Салык мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунушталган чараларды ишке ашыруунун натыйжасында өнүктүрүүнүн төмөнкүдөй келечегин күтүүгө болот:

Бизнес үчүн:

1) салык милдеттенмелерин аткарууну жеңилдетүү;

2) бардык катышуучулардын салыктык милдеттенмелерин аткаруу үчүн капиталдык жана операциялык чыгымдарды азайтуу;

3) салык органдарынын кызматкерлери менен байланышты жана отчеттуулукту жөнөкөйлөтүү, автоматташтыруу;

4) кара ниет атаандаштыкты жок кылуу жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү коргоо;

5) үчүнчү өлкөлөргө жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө продукциялардын экспортун көбөйтүү мүмкүнчүлүгү.

Акыркы керектөөчү үчүн:

1) товардын түп нускасына жана сапатына кепилдик;

2) ачык рынокто адекваттуу баалар;

3) салыктык чыгарып салууларды алуу механизмдерин жеңилдетүү.

Мамлекет үчүн:

1) салыктардын топтолушун көбөйтүү;

2) жеткирүүнүн бардык чынжырчасы боюнча товарлардын байкоого алынышын камсыздоо;

3) мыйзамсыз товар жүгүртүүнү табуу мүмкүнчүлүгү;

4) жагымдуу инвестициялык климатты түзүү;

5) калктын мамлекеттик органдарга болгон ишеничимин арттыруу;

6) социалдык-экономикалык чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу.

Министрлик, ар бир кызыкдар болгон жак Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун өркүндөтүү боюнча сунуштарын өзүнүн сунуштарын электрондук дарекке жөнөтө алышаарын белгилейт. Кошумча маалымат алуу үчүн 62-05-35 (287) номерине чалса болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу