“Гильотина” принциби боюнча мыйзам актыларынын колдонулушун токтотуу жөнүндө жана Министрликтин ишине кирген Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарын инвентаризациялоо маселелери боюнча” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Д.Ш. Иманалиевдин төрагалыгы астында, бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусунда иш-чара өткөрүлдү

Новости
15-Апрель 2021-ж.
1992

2021-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин чоң залында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Д.Ш. Иманалиевдин жана министрдин орун басарлары Б.А.Алиевдин, С.М.Рысалиевдин төрагалыгы астында, Кыргыз Республикасынын бизнес коомчулугунун кеңири чөйрөсүнүн катышуусунда “Гильотина” принциби боюнча мыйзам актыларынын колдонулушун токтотуу жөнүндө жана Министрликтин ишине кирген Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарын инвентаризациялоо маселелери боюнча” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкуулоо болуп өттү.

Д.Ш. Иманалиев өз сөзүндө Кыргыз Республикасында инвентаризациялоого жаткан бир катар тармактык мыйзамдар, мамлекеттик программалар жана стратегиялар жөнүндө айтып берди жана жогоруда аталган мыйзам долбоорун гильотина принциби боюнча кабыл алууда келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелчиликтери талкууланды.

Ошол эле учурда Д.Ш. Иманалиев иш-чаранын катышуучуларына - мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун түзүмү жана багыттары менен тааныштырды.

Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар топтордо иш алып баруу маселелерин талкуулашып, коюлган милдеттерге ылайык биргеликте иш алып барууну чечишти.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу