GIZ “Борбор Азиядагы соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү” долбоорунун координациялык жыйыны болуп өттү

Новости
30-Март 2021-ж.
4173

2021-жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде GIZ “Борбор Азиядагы соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү” долбоорунун координациялык жыйыны болуп өттү, анда 2020-жыл үчүн долбоордун ишинин жыйынтыктары көрсөтүлүп, 2021-жылга карата соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү чөйрөсүндө долбоордун ишинин негизги багыттары презентацияланды.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Д.Ш.Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин орун басары Б.А.Алиев, Экономика жана финансы министрлигинин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары З.О.Карашев жана башкалар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле бизнес коомчулугунун өкүлдөрү жана GIZ “Борбор Азиядагы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү” долбоорунун лидерлери катышты.

Маалымат үчүн:

Кыргызстанда долбоорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу.

2020-жылдын 15-февралында КР Экономика жана финансы министри тарабынан кол коюлган.

Кыргызстандагы долбоордун өнөктөштөрү:

 КР Экономика жана финансы министрлиги;

 КР Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы;

Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлиги;

 Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы;

 Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти. 

2020-жыл.pptx

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу