Кыргыз Республикасы Монголия менен соода-экономикалык мамилелерди арттырууга кызыкдар

Новости
24-Март 2021-ж.
3122

2021-жылдын 17-19-мартында ДСУнун (Дүйнөлүк Соода Уюму) штаб-квартирасында Кыргыз Республикасы Монголиянын соода саясатынын үчүнчү саресебине катышты. Соода саясатына сереп жүргүзүүнүн механизми айрым өлкөлөрдүн соода саясатын жүргүзүү жана алар тарабынан ДСУнун эрежелерин, ченемдерин жана милдеттенмелерин аткаруу үчүн ДСУга мүчө бардык өлкөлөр тарабынан жамааттык мониторинг жүргүзүү системасын билдирет.

Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык акырындык менен жана туруктуу өнүгүүдө. Саресептин жүрүшүндө Кыргыз Республикасы белгилегендей, 1992-жылы дипломатиялык мамилелер орнотулгандан кийин Кыргыз Республикасы менен Монголия БУУ жана ДСУ сыяктуу уюмдардын жана демилгелердин алкагында эки тараптуу жана көп тараптуу негизде кызматташууда.

Саресептин жүрүшүнө ДСУ маселелери боюнча КР Экономика жана финансы министрлигинин өкүлү Н.Максутов катышып, сөз сүйлөдү, Монголия Кыргыз Республикасы үчүн ишенимдүү соода өнөктөшү катары белгиледи жана Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгондон бери өзүн көп тараптуу соода тутумун жана Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерин либералдаштырууну бекем карманган мүчө өлкө катары көрсөткөндүгүн баса белгиледи, буга Монголия ТРИПС протоколун кабыл алып, Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашууну ратификациялаганы далил.

Н.Максутов белгилегендей эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана өнөктөштүк мамилелер акырындык менен бекемдөө мүнөзүнө ээ, буга мамлекет башчыларынын акыркы жолугушуулары далил, анда эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана транспорттук байланыштарды чыңдоо жана тоо-кен тармагында тажрыйба алмашуу сыяктуу башка тармактардагы кызматташтыкты тереңдетүүнүн мындан аркы келечеги жөнүндө белгиленген.

Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы товар жүгүртүү жаатында өлкөлөр өз ара пайдалуу сооданы жөнгө салышкан, жана 2016-2019-жылдары өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү оң динамиканы көрсөтүп жаткандыгы белгиленди.

Монголиядан Кыргыз Республикасына импорттун негизги үлүшүн тоо-кен өнөр жайынын продукциялары; мал чарба азыктары, өндүрүштүн ар кандай түрлөрү, килемдер ж.б.

Кыргызстандан Монголияга экспорттоо: эттин ар кандай түрлөрү, гигиеналык товарлар, жемиштер жана жашылчалар, шоколад конфеттери ж.б.

Кызмат көрсөтүү соодасына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ДСУ маселелери боюнча өкүлү Н. Максутов туризм кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү соода байланыштарынын потенциалын чыңдоо үчүн жагымдуу сектор болуп бере тургандыгын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө мүчө өлкөлөр Монголия тарабынан өткөрүлгөн соода жаатындагы реформаларга оң баа беришти жана Соода саясатына жүргүзүлүүчү сересептин ийгиликтүү өтүшүн каалашты.

Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Соода саясатына үчүнчү саресеп жүргүзүү 2021-жылдын 18-20-майына пландаштырылды. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жана ага тийиштүү ведомстволор тарабынан жогоруда аталган саресепти сапаттуу деңгээлде өткөрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу