Евразия комиссиясынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыктары

Новости
10-Март 2021-ж.
4214

2021-жылдын 5-мартында Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин (мындан ары - ЕЭК) кезектеги жыйыны видеоконференцбайланыш режиминде болуп өттү, ага Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын өкүлдөрү жана ЕЭК коллегия мүчөлөрү (министрлер) катышты. 

ЕЭК Кеңеши тарабынан 20дан ашык маселе каралды.

ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинде товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо системасынын базалык технологиялык уюштуруучулук моделин бекитти.

ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин курамында никотин бар продукцияларга техникалык регламенттерди иштеп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алды. Техникалык регламенттерди иштеп чыгуу, Бирликтин алкагында жарандардын ден-соолугу үчүн аны керектөөдөн келип чыгуучу коркунучту азайтууга багытталган бирдиктүү милдеттүү талаптарды белгилөөнү камсыз кылат. Документти даярдоо үчүн Армения Республикасы жооптуу болуп аныкталды.

ЕЭК Кеңеши 2016-2020-жылдар аралыгында улуттук жол-жоболорго катталган дары-дармектердин каттоо документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча бир катар түшүндүрмөлөрдү киргизди. Атап айтканда, кайра өндүрүлгөн жана гибриддик препараттарды баалоо жана каттоо учурунда кайталанган эксперттик отчетторду тариздөө жокко чыгарылган.

ЕЭК Кеңеши ошондой эле Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин чек ара базарларында атаандаштыктын жалпы эрежелеринин бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон иш-аракеттердин жол берилбестиги жөнүндө эскертүү берүүнүн жол-жобосун бекитти. Бекитилген Тартип алдын ала эскертүүнү чыгаруу боюнча жол-жоболук маселелерди бекитүүгө мүмкүндүк берет.

ЕЭК Кеңеши зергер буюмдарын пробалоого, талдоого жана энтамгалоого карата талаптарды бекитти. ЕАЭБ мамлекеттери чечим күчүнө кирген күндөн тартып эки айдын ичинде пробалык эн тамгалардын үлгүлөрүн, алардын сыпаттамаларынын регистрлерин алмашууну макулдашышты.

Тарифтик преференциялардын бирдиктүү тутумун өркүндөтүүнүн алкагында ЕЭК Кеңеши өнүгүп келе жаткан жана начар өнүккөн өлкөлөрдүн - ЕАЭБдин тарифтик преференцияларынын бирдиктүү тутумунун колдонуучуларынын тизмесин кайра карап чыгуу жөнүндө чечим кабыл алды.

ЕЭК Кеңешинин кийинки жыйыны 2021-жылдын 31-мартына пландаштырылды.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу