2019-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча планды актуалдаштыруу боюнча жолугушуу

Новости
19-Январь 2021-ж.
2018

2021-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин аянтчасында министрлердин орун басарларынын катышуусунда 2019-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын актуалдаштырууга байланышкан маселелерди талкуулоо боюнча жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.

Өткөн жылы түзүлгөн кырдаал Кыргыз Республикасынын экспорттук саясатын кайра карап чыгуу, ошондой эле 2019-2022-жылдарга экспортту өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн планын актуалдаштыруу зарылдыгын көрсөттү.

Буга байланыштуу жолугушууда актуалдуу маселелер талкууланды, анда негизги басым экспортко багытталган продукцияларга жана рынокту диверсификациялоого бурулду. Ошондой эле катышуучулар экспорттоодо азык-түлүк коопсуздугун эске алуу жана жума сайын жарманкелерди өткөрүп, ата-мекендик фермерлерди жана товар өндүрүүчүлөрдү колдоо керектигин белгилешти.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин, Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча маселелерин тескеген кызматкерлери катышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча аракеттерди координациялоо, ошондой эле 2019-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын актуалдаштыруу үчүн маанилүү сунуштарды киргизүү макулдашылды.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу