Улуттук деңгээлинде аныкталуучу салымдарды жаңылоо процесси боюнча жумушчу топтун биринчи жыйыны болуп өттү

Новости
13-Январь 2021-ж.
2419

2021-жылдын 13-январында КР Экономика министрлигинин чоң залында КР Улуттук деңгээлде аныкталуучу салымдарды жаңылоо (УДАС) процесси боюнча жумушчу топтун биринчи жыйыны болуп өттү.

Аталган ведомстволор аралык жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2020-жылдын 18-декабрындагы №38 буйругу менен улуттук аныкталган салымдарды жаңыртууга жана жүзөгө ашырууга колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөн.

УДАСты жаңылоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына КР Экономика министрлигинин, КР Тышкы иштер министрлигинин, КРӨгө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин, КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин, КР Транспорт жана жол министрлигинин, КР Саламаттык сактоо министрлигинин, КР ӨКМге караштуу Гидрометеорология боюнча агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо боюнча борборунун, КРдагы БУУӨП, ЮНЕП-ГЭФ, GIZ ж.б. өкүлдөрү кирет.

Кыргыз Республикасынын Экономика министри Санжар Муканбетов өз сөзүндө климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча биргелешкен аракеттерде кооперациянын маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле, ал Париж келишими ратификациялангандан кийин Кыргыз Республикасынын негизги милдеттенмелеринин бири болуп парник газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтууга жана УДАСка киргизилген иш-чараларды жана саясатты ишке ашырууга өлкөнүн Улуттук деңгээлинде аныкталуучу салымдарын (УДАС) жаңылоо экендигин билдирди.

Ошондой эле БУУӨПтүн климаттык өзгөрүүлөр жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Лира Жолдубаева да чыгып сүйлөдү жана 2010-жылдагы деңгээлге салыштырмалуу 2030-жылга карата CO2 бөлүп чыгарууну 45% га кыскартуу боюнча маанилүү иш-аракеттердин зарылдыгын билдирди.

Жумушчу топтун биринчи жыйынынын максаттары: жумушчу топтун мүчөлөрүн УДАС компоненттери жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу, ошондой эле аны жаңыртуунун эл аралык талаптары, УДАСты жаңыртууга жигердүү катышуу жана ар тараптуу жардам көрсөтүү, ошондой эле УДАСты жаңыртуу планын талкуулоо.

Жолугушууда жумушчу топтун мүчөлөрү БУУнун Өнүктүрүү Программасынын “Климаттык перспектива” долбоору менен таанышып, анын алкагында УДАСтын жаңылануусу жүргүзүлүп, УДАСты жаңыртуунун эл аралык талаптары менен кеңири таанышышты, ошондой эле парник газдарын улуттук инвентаризациялоонун алдын-ала жыйынтыктары жөнүндө маалымат алышты. КР өнүктүрүүнүн негизги бөлүмдөрү, узак мөөнөттүү өлкөлүк стратегиялары жана макроэкономикалык моделдөө, гендердик аспекттер жана митигация (жеңилдетүү) жана адаптациялоо боюнча чаралардын наркы боюнча иштеп чыгуу пландары презентацияланды. Ошондой эле жумушчу топ алынган маалыматтын негизинде УДАСты жаңылоо боюнча планды талкуулады.

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасы 2019-жылдын 11-ноябрында Париж шаарында 2015-жылдын 12-декабрында кол коюлган БУУнун Климатты өнүгүүсү боюнча алкактык конвенциясынын Париж макулдашуусун (Париж макулдашуусу) ратификациялаган, бул Кыргыз Республикасынын экономикалык ишин аз көмүртектүү моделдерге өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын климаттык туруктуулугун жогорулатуу ниетин тастыктайт. Аталган милдеттенмелер Улуттук аныкталган салымдар менен камсыздалууда, ал климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине ыңгайлашуу жана улуттук чыгарууларды кыскартуу боюнча ар бир өлкөнүн күч-аракеттерин бириктирип турат.

УДАС беш жылда бир жаңыланып турат. Өлкө Париж макулдашуусунун максатына жетүү үчүн жаңыланган улуттук чараларды 2021-жылы жазында көрүүнү пландаштырууда. Алар БУУнун РКИК тараптарынын 26-конференциясында жакталат, ал 2021-жылдын ноябрь айында Глазго, Улуу Британияда өтөт.

УДАС 2015.pptx

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу